Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-октябры № 664
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жеке колдонуу үчүн жеке жактар, коммерциялык эмес уюмдар жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси тарабынан адистештирилген товарларды ташып кирүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аркылуу майыптыгы бар адамдарды колдоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана преамбуладагы “289” деген цифралар “268, 289” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 11, 12-пункттар менен толукталсын:
“11. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги майыптыгы бар адамдар үчүн адистештирилген товарлардын тизмесин аныктоочу, ошондой эле КНС төлөөдөн бошотулган майыптыгы бар адамдар үчүн импорттолуучу адистештирилген товарлар боюнча кайрылууларды каттоо, жазуу жүзүндөгү ырастамаларды берүү жана эсепке алуу тартибин бекитүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп эсептелет;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 2022–2024-жылдары берилген жазуу жүзүндөгү ырастамалар майыптыгы бар адамдар үчүн адистештирилген товарлардын тизмесинде көрсөтүлгөн Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча товардын кодуна жана товардын аталышына шайкеш келген шартта жарактуу деп таанылат;
3) товарларды багыты боюнча пайдаланбоо салык мыйзамдарында белгиленген тартипте салыктын суммасын кошумча эсептөө менен берилген салыктык жеңилдиктерди жокко чыгарууга алып келет;
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ташып келинген товарларды максаттуу пайдаланууну алар таризделген күндөн тартып эки жыл бою контролдойт.
12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
1) бажылык тариздөөнү жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте таризделген жазуу жүзүндөгү ырастама болгондо гана КНС төлөөдөн бошотууну колдонсун;
2) товар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү ырастамасы жок, анын багытын так белгилөөгө мүмкүн болбогон бөлүктөр, элементтер же комплектөөчүлөр түрүндө берилген учурда КНС төлөөдөн бошотууну колдонбосун.”;
3) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 1-пунктунун 2-пунктчасынын төртүнчү абзацын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Тиркеме
"5-тиркеме
Майыптыгы бар адамдар үчүн адистештирилген товарлардын ТИЗМЕСИ(*)
№
ЕАЭБ ТЭИ ТН
Товардын аталышы
1
3706дан
Дүлөйлөр үчүн сурдокотормосу (жаңдоо тили) жана субтитрлери менен кинофильмдер
2
4901 99 000 0дөн 4911 99 000 0дөн
Брайль рельефтик-чекиттүү шрифти, ошондой эле күчөтүлгөн шрифт менен басып чыгарылуучу адабият (көрүүсү начар адамдар үчүн)
3
6602 00 000 0дөн 9021 10 100 0дөн
Майыптар үчүн ичке таяктар, балдактар жана кол таянгычтар
4
7324 10 000 9дан
Майыптарды тейлөө үчүн жылдырылма жуунгучтар
5
8428 10 200 2ден 8428 10 800 0дөн 8428 90 800 0дөн
Майыптарды тейлөө үчүн көтөргүчтөр
6
8471 80 000 0дөн
8530 10 000 0дөн азиз жөө жүрүүчүлөр үчүн үн коштоочу түзүлүшкө радиоадаптер
7
8504 40 550 0дөн
Угузуучу аппараттарга аккумуляторлорду кубаттоо үчүн түзүлүш
8
8517 11 000 0дөн 8517 69 900 0дөн
Кулагы катуу жана дүлөйлөр үчүн телефондук аппараттар (күчөткүчтөрү, "жүгүрмө саптары" бар аппараттар, "телеавтографтар", телефондук күчөткүч насадкалар ж.б.)
9
8518 50 000 0дөн
Электрдик үн күчөткүч комплекттер, дүлөй жана угуусу начар адамдарды окутуу үчүн жекече жана жамааттык пайдаланылуучу үн күчөтүүчү аппаратура, дүлөй жана угуусу начар адамдар үчүн үн-сөздүү тренажерлор
10
8519 81 150 0дөн 8519 81 210 0дөн 8519 81 250 0дөн 8519 81 350 0дөн 8519 81 450 0дөн 8519 81 550дөн 8519 81 610дөн 8519 81 650дон 5819 81 750дөн 8519 81 810дон 8519 81 850дөн 8519 81 950 9дан
Азиздер үчүн "сүйлөөчү китептерди" жазуу жана уктуруу үчүн техникалык каражаттар
11
8523төн 8523 29 390дон 8523 49 310 0дөн 8523 49 390 0дөн
Кассетага, катушкага же компакт-дискке жазылган "сүйлөөчү китеп"
12
8523 49 510 0дөн 8523 49 590 0дөн 8523 49 990 0дөн
Дүлөйлөр үчүн сурдокотормосу (жаңсоо тили) жана субтитрлери менен кинофильмдер
13
8529 90дон
Дүлөйлөр үчүн жабык субтитрлери менен телеберүүлөрдү кабылдоо үчүн "телетекст" декодерлери
14
8530 10 000 0дөн
Азиз жөө жүрүүчүлөр үчүн үн коштоочу түзүлүш
15
8531ден
Үн сигналдарынын жарык жана дирилдек сигнализаторлору
16
8543 70 800 0дөн
Угузуучу аппараттарды тиричиликтик аппаратурага жана окуу жабдууларына, ж.б. кошуу үчүн адаптерлер
17
8712 00 300 0дөн 8712 00 700 0дөн 8713төн 8713 10 000 0дөн 8713 90 000 0дөн
Майыптар үчүн мотоколяска, майыптар үчүн сейилдөөчү (жол) жана бөлмөлүк вело жана кресло-коляскалар
18
8714 20 000 0дөн
Майыптардын коляскаларынын бөлүктөрү жана тетиктери
19
8716 80 000 0дөн
Интернат үйлөрдө жана үйдө жашаган майыптарды жана улгайган адамдарды тейлөө үчүн ар түрдүү багыттагы арабалар (шейшеп, тамак-аш таратуу, идиш жыйноо ж.б. үчүн), майыптардын жумуш орундарын жабдуу үчүн адистештирилген шаймандар
20
9001 40 410 0дөн 9001 40 490 0дөн 9001 40 800 0дөн 9001 50 410 0дөн 9001 50 490 0дөн 9001 50 800 0дөн
Көрүүсү начар адамдар үчүн линзалар
21
4901
6602
8443
8519
8523
9001
9004
9021
Тифлотехникалык каражаттар, кол менен колдонулуучу лупалар жана электрондук чоңойткучтар, экрандан окуу үчүн программалык камсыздоо
22
9004 90 100 0дөн 9004 90 900 0дөн
Көрүүсү начар адамдардын көрүүсүн коррекциялоо үчүн атайын телескоптук жана микроскоптук көз айнектер жана аларды тандоо каражаттары, тифлотехникалык каражаттар
23
9018 39 000 0дөн
Логопеддик зонддор
24
9019 20 000 0дөн
"Галокамера", "Галокабинет", "Аэрофитокабинет" дарылоо-алдын алуу комплекстери, аэрофитоорнотмолор жана галогенераторлор (ингаляторийлер жана ар кандай түрдөгү жана типтеги ингаляторлор), дем алдыруучу дирилдеткичтер, өпкө үчүн тренажерлор
25
9019 10 100 0дөн 9019 10 900 1ден 9019 10 900 9дан
Майыптарды реабилитациялоо үчүн пайдаланылуучу тренажерлор, тредмилдер жана велоэргометрлер
26
9021 10 100 0
Ортопедиялык шаймандар
27
4008 11 000 0
Жөнөкөй резинадан жасалган пластиналар (майыптар үчүн адистештирилген ортопедиялык бут кийим)
28
4008 21 900 0
Көпшөк эмес резинадан жасалган пластиналар (майыптар үчүн адистештирилген ортопедиялык бут кийим)
29
6115 99 000 0
Мултук бутка перлон байпак
30
6002 40 000 0
Протездерди даярдоо үчүн трикотаж жең
31
3919 10 120 0
Протездөө үчүн поливинилхлоридден жасалган жабышчаак лента
32
3005 90 990 0
Протездөө үчүн чоюлчаак гипс бинттер
33
7019 65 000 9
Протездөө үчүн айнек-нейлондон жасалган трикотаж жең
34
3920 99 520 0
Протездөө үчүн поливинилспирттен жасалган пленка
35
5906 10 000 0
Протездөө үчүн зыгырдан жасалган жабышчаак лента
36
3906 10 000 0
Протездөө үчүн ортокрил чайыры
37
3921 13 900 0
Протездөө үчүн педилин
38
5602 10 900 0
Протездөө үчүн фильц дакрон
39
6815 11 000 0 6815 12 000 0 6815 13 000 0
Протездөө үчүн карбонбулалуу материал
40
3214 10 100 9дан
Протездөө үчүн ортокрил шпатлевка
41
3506 99 000 0
Майыптарды протездөөдө синтетикалык материалдар үчүн клей
42
3814 00 900 0
Майыптарды протездөө үчүн ортокрил чайырын эриткич
43
3304 99 000 0
Майыптарды протездөөдө пайдалануу үчүн тальк
44
3304 99 000 0
Майыптарды протездөө үчүн гипсоизоляциялык крем
45
9609 10 900 0
Майыптарды протездөө үчүн көчүрмө карандаштар
46
3005 90 990 0
Майыптарды протездөө үчүн чоюлчаак гипс бинти
47
8203 10 000 0
Майыптарды протездөө үчүн инструмент
48
6804 22 900 0
Майыптарды протездөө үчүн жылмалагыч гильза
49
9021 31 000 0
Башка жасалма дене бөлүктөрү, жасалма муундар, ортездер жана протездер (негизги түрлөрү)
50
9021 39 100 0
Көз протездери
51
9021 39 900 0
Жасалма дене бөлүктөрү, башкалар
52
9021 40 000 0
Бөлүктөрдөн жана тетиктерден тышкары, угузуучу аппараттар, кохлеардык импланттар жана комплекттөөчүлөр, сурдотехникалык каражаттар
53
9021 90 100 0 9021 40 000 0
8512
8521
Угузуучу аппараттарга кулакка киймелер, угузуучу аппараттардын бөлүктөрү жана тетиктери (угузуучу аппараттарды чыгаруу), угузуучу аппараттар (негизги моделдер), жарык сигнализация системалары
54
9021
Кохлеардык импланттар жана комплекттөөчүлөр, сурдотехникалык каражаттар
55
8517
9021
Жөнөкөй коммуникаторлор, сүйлөө процессору
56
9021 90 900 9
Жүрөк клапандарынын протездеринин бөлүктөрү
57
9102ден
Брайль кол же чөнтөк "сүйлөөчү кол сааттар"
58
9105 11 000 0дөн 9105 19 000 0дөн
Брайль ойготкуч сааттары же "сүйлөөчү ойготкуч сааттар"
59
9402 90 000 0дөн
Төшөктө жаткан оорулуулар үчүн бардык түрдөгү араба-каталкалар, функционалдык керебеттер
60
9404 21 100 0дөн 9404 21 900 0дөн 9404 29 100 0дөн 9404 29 900 0дөн
Теринин бышып кетишинен сактоочу матрацтар
61
9503төн 9504 90 800 9дан
Азиздер үчүн оюнчуктар жана оюндар
62
2526 20 000 0дөн
"Отто Бокк" талькы
63
2916 32 000дөн
Порошок-катыргыч
64
2929 10 000дөн
Педилен үчүн катыргыч
65
3005 90 310 0дөн
Чоюлчаак гипс бинти
66
3208 20 100 0дөн
Ортокрил чайыры
67
3208 90 990 0дөн
НЦ-598 лагы (нитроцеллюлозалык)
68
3214 10 900 0дөн
Ортокрил шпатлевкасы
69
3214 10 900 0дөн
"Акеми" тез байлоочу шпатлевкасы
70
3506 10 000 0дөн
"Отто Бокк" контакттуу клейи
71
3919 10 800 0дөн
Жабышчаак лента
72
3920 10 890дон
Полиэтиленден жасалган листтер
73
3920 99 590 0дөн
Полимерден жасалган листтер
74
3920 99 900 0дөн
ОД мультиколору (каптоочу декор)
75
3921 12 000 0дөн
Көпшөк поливинилхлоридден жасалган тилкелер
76
3921 13 100 0дөн
Пластазот
77
3921 13 900 0дөн
Ортопедиялык бут кийим үчүн "Медиорт" плиталары
78
3921 19 000 0дөн
Педилин
79
5602 10 380 0дөн
Фильц дакрон
80
6002 90 000 0дөн
Трикотаж чоюлчаак полотно
81
6003 30 900 0дөн
Перлон трикотаж жең
82
6114 20 000 0дөн
Мултук бутка кебез чехолдор
83
6114 90 000 0дөн
Мултук бутка жарымы жүндөн жасалган чехолдор
84
6805 10 000 0дөн
Жылмалагыч гильза
85
7019 90 009 5тен 7019 90 009 9дан
Айнек-нейлондон жасалган трикотаж жең
86
7318 15 900 8ден
Болот бурамалар
87
7318 19 000 8ден
Дат баспаган болоттон жасалган пластиналар
88
7318 29 000 8ден
Эки тешиги бар пластиналар
89
7415 29 000 0дөн
Жез бөрктөр
90
7318 14 990 0дөн
Бандаж үчүн розетка
91
7326 90 940 9дан
Металл планшеткалар
92
8308 90 000 0дөн
Болот тогоолор
93
8203төн
Протездөө үчүн инструменттер
94
6406 20 900 0дөн
Полимер материалдан жасалган тамандар
95
8443 32 100 9дан
Брайль шрифти үчүн принтер
96
4802ден
Брайль боюнча басып чыгаруу үчүн кагаз
97
8472 90 920 0дөн 8472 90 930 0дөн
Брайль басып чыгаруучу электр машинкалары; брайль басып чыгаруучу машинкалар, башкалар
98
3920 62 900 9дан
Калыңдыгы 0,35 мм ашкан, полиэтилентерефталаттан жасалган тешиктүү эмес жана арматураланбаган, катмарланбаган, кошумчасыз жана башка материалдар менен ушуга окшош бириктирилбеген плиталар, листтер, пленкалар жана тилкелер же ленталар, башкалар (сополиэстер)
99
3907 30 000 9дан
Эпоксиддик чайырлар, башкалар
100
6307 90 980 0дөн
Башка даяр буюмдар, анын ичинде кийим үлгүлөрү
101
5603 93 900 0дөн
Бетинин тыгыздыгы 70 г/м2ден ашык, бирок 150 г/м2ден көп эмес сиңирилген же сиңирилбеген, капталбаган, кайталанган же кайталанбаган токулбаган материалдар, башкалар, (фильцтер)
102
3909 20 000 0дөн
Баштапкы формадагы меламин чайырлары
103
7318 15 110 0дөн
Калыңдыгы 6 ммден көп эмес кесилиштеги өзөктөрдөн, профилдерден же зымдан жасалган бурамалар
104
8203 10 000 0дөн
Өгөөлөр, кичинекей өгөөлөр, ири тиштүү өгөөлөр жана ушул сыяктуу инcтрументтер (ири тиштүү өгөө үчүн миз)
105
3906 90 900 7ден
Баштапкы формадагы башка акрил полимерлери (акрил чайыры)
106
6815 12 000 0дөн
Көмүртек буласынан жасалган кездеме (көмүртек кездеме)
107
3907 29 900 9дан
Полиацеталдар, жөнөкөй башка полиэфирлер (Formousse 200 Resin көбүгү)
108
3909 31 000 0дөн
Башка амино-альдегид чайырлары: полиметиленфенилизоцианат (чийки МДИ, полимер МДИ) (катыргыч)
109
3407 00 000 0дөн
Калыптоо үчүн пасталар, анын ичинде балдар үчүн калыптоо пластилини; "тиш дарыгердик мому" же чекене сатуу үчүн топтомго, таңгакка же плита түрүндө, така түрүндө, брускада же ушуга окшош формаларда фасовкаланган тиштердин калыптарын алуу үчүн курамдар; гипстин негизинде (кальцийленген гипс же кальций сульфаты) тиш дарыгеринин максаты үчүн башка курамдар (скульптуралык пластилин)
110
3926 90 970 9дан
Пластмассадан жасалган башка буюмдар жана 3901-3914 товардык позициялардагы башка материалдардан жасалган буюмдар (рант)
111
3306 10 000 0дөн
Тиштерди тазалоо үчүн каражаттар (ГОИ пастасы)
112
7326 90 940 9дан
Штампталган кара металлдан жасалган башка буюмдар, башкалар (планшеткалар)
113
3505 20 500 0дөн
55 мас. % же андан көп, бирок 80 мас. % кем эмес крахмалдарды же декстриндерди же башка модификацияланган крахмалдарды камтыган клейлер (клей)
Эскертүү: (*) Бул товарларга карата Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча товардын кодун, ошондой эле товардын аталышын жетекчиликке алуу зарыл. Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын коду көрсөтүлбөгөн ушул Тизмеде келтирилген товарлар бажылык тариздөөдө классификацияланат.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу…Постановление · 11.03.2022 · № 131
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 21 "Кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган майыптыгы бар адамдар…Приказ · 19.02.2026 · № 21
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу…Постановление · 11.03.2022 · № 131
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122