Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуучу жооптуу катчыларга эмгек акы төлөө жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-июну № 369
Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуучу жооптуу катчыларга эмгек акы төлөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамалардын 23 жооптуу катчысына ар айлык акчалай сыйлык тиркемеге ылайык 26800 (жыйырма алты миң сегиз жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттикке этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамалардын жооптуу катчыларына эмгек акы төлөөгө республикалык бюджеттен ушул токтомдон келип чыгуучу каражаттарды жыл сайын карасын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-августундагы № 411 "Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелерге тийиштүү маселелер боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуучу жооптуу катчылардын эмгегине акы төлөө жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Мамлекетик расмий сайтында 2025-жылдын 3-июлундагы жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуучу жооптуу катчыларга эмгек акы төлөөнүн жылдык фондун эсептөө
№
Чыгымдар беренесинин аталышы
Эсептик маалыматтар
Сумма (сом)
Колдонуудагы редакция
1
Эмгек акы
23 коомдук кабылдама * 13300 сом * 12 ай
3 670 800,0
2
Соцфондго чегерүү
17,25%
633 213
БАРДЫГЫ
4 304 013
Сунушталган редакция
1
Эмгек акы
23 коомдук кабылдама * 26800 сом * 12 ай
7396800
2
Соцфондго чегерүү
17,25%
1275948
БАРДЫГЫ
8672748
Кошумча каржыланууга тийиш сумма
4368735
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине…Постановление · 22.03.2022 · № 142
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-августундагы № 411 "Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелерге тийиштүү маселелер боюнча…Постановление · 20.08.2019 · № 411 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине…Постановление · 22.03.2022 · № 142
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-августундагы № 411 "Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелерге тийиштүү маселелер боюнча…Постановление · 20.08.2019 · № 411 · Күчүн жоготкон