Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелерге тийиштүү маселелер боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуучу жооптуу катчылардын эмгегине акы төлөө жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 27 июня 2025 года № 369 "Об оплате труда ответственных секретарей, обеспечивающих деятельность общественных приемных по вопросам межэтнических отношений в полиэтнических районах и городах Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-06-27.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 369 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 20-августу № 411 Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелерге тийиштүү маселелер боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуучу жооптуу катчылардын эмгегине акы төлөө жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы №142 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелерге тийиштүү маселелер боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Этностор аралык мамилелерге тийиштүү маселелер боюнча коомдук кабылдамалардын жооптуу катчыларынын кызматтык маяналары 13300 (он үч миң үч жүз) сом өлчөмүндө тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине этностор аралык мамилелерге тийиштүү маселелер боюнча коомдук кабылдамалардын жооптуу катчыларынын эмгегине акы төлөөгө зарыл болгон 4304013 (төрт миллион үч жүз төрт миң он үч) сом суммасындагы каражаттарды республикалык бюджеттен жыл сайын карасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы №142 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы №142 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелерге тийиштүү маселелер боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылуучу жооптуу катчылардын эмгегине акы төлөөнүн жылдык фондун эсептөө
№
Чыгымдоо беренесинин аталышы
Эсептик маалыматтар
Сумма (сом)
1
Эмгек акы
23 коомдук кабылдама * 13300 сом * 12 ай
3670800,00
2
Соцфондго чегерүү
17,25%
633213
БАРДЫГЫ
4304013,00
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 369 "Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук…Постановление · 27.06.2025 · № 369
- КР Министрлер Кабинетинин 27.06.2025-ж., № 369 токтомуПостановление · 27.06.2025 · № 369
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 369 "Кыргыз Республикасынын көп этностуу райондорундагы жана шаарларындагы этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук…Постановление · 27.06.2025 · № 369
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.