Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 4-июлундагы N 04-13/225 «Кыргыз Агрохолдинг» ачык акционердик коомунун уставын бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 13-августу № 05/2-17/205
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 04-13/225 "Кыргыз Агрохолдинг" ачык акционердик коомунун уставын бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын ''Акционердик коомдор жөнүндө", "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" мыйзамдарына, "Кыргыз Агрохолдинг" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 210 токтомунун 3 жана 6-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомунун 13-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө" жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) 2024-жылдын 4-июлундагы № 04-13/225 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) буйруктун тиркемесинде:
- "Кыргыз Агрохолдинг " ачык акционердик коомунун уставынын 27-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Коомдун уставдык капиталы 430000000,0 (төрт жүз отуз миллион) сомду түзөт, ал 430000,0 (төрт жүз отуз миң) даана жөнөкөй акцияларга бөлүнөт, бир акциянын номиналдык наркы 1000,0 (бир миң) сом.".
2. Министрликтин санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Министрликтин чечимдерин ишке ашыруу башкармалыгы:
1) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз түрүндө жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, анын жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн:
2) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз түрүндө жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, аталган буйруктун жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин кайра иштетүү өнөр жайы, органикалык өндүрүш, экспорт жана интеграция, азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу маселелерин тейлеген орун басарына жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - министр
Б.Э. Торобаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө"…Постановление · 07.03.2024 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 210 "Кыргыз Агрохолдинг" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.04.2024 · № 210
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 04-13/225 “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коомунун…Приказ · 04.07.2024 · № 04-13/225
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98…Положение · 07.03.2024 · № 98