9-берене. Факсимилдик кол тамга
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 1-глава
1. Кыргыз Республикасында майыптыгы бар адамдардын факсимилдик кол тамгасы (факсимиле) өзүнүн юридикалык мааниси боюнча өз колу менен койгон кол тамгасы деп таанылат жана ага теңештирилет.
2. Эгерде майыптыгы бар адам өзүнүн функционалдык чектөөлөрүнөн улам зарыл документтерге кол коюуда өз колу менен коюлган кол тамганы колдонуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда гана ал тарабынан факсимилдик кол тамга колдонулушу мүмкүн.
Майыптыгы бар адам тарабынан пайдаланылуучу факсимилдик кол тамганын аныктыгы мыйзамда белгиленген тартипте нотариус тарабынан күбөлөндүрүлөт. Нотариус майыптыгы бар адамдын факсимилдик кол тамгасынын аныктыгын тастыктоочу күбөлүк берет.
3. Факсимилдик кол тамга майыптыгы бар адам үчүн ал он алты жаш куракка чыкканда даярдалышы мүмкүн жана ал тарабынан өмүр бою пайдаланылат.
Факсимилдик кол тамга жоголгон учурда анын дубликаты даярдалышы керек, ал дагы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
4. Майыптыгы бар адам факсимилдик кол тамганы бардык документтерде, анын ичинде финансылык, бухгалтердик, нотариалдык жана башка документтерде пайдалана алат.
5. Майыптыгы бар адам факсимилдик кол тамганы пайдаланууга байланыштуу өзүнүн жарандык укуктарын жүзөгө ашырууда чектелиши мүмкүн эмес.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-9" title="9-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>