8-берене. Жаңсоо тилинин котормочуларынын статусу
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 1-глава
1. Жаңсоо тилинин котормочусу жаңсоо тили аркылуу түз жана кайра котормону жүзөгө ашырат.
2. Угуусу жана сүйлөөсү боюнча майыптыгы бар адамдарга жаңсоо тилинин котормочусунун кызматтары төмөнкүдөй учурларда көрсөтүлөт:
1) билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринде;
2) тергөө аракеттерин жүргүзүүдө же жарандык, административдик жана кылмыш-жаза иштери боюнча сот процесстерине катышууда;
3) документтерди же бүтүмдөрдү нотариалдык тариздөөдө;
4) транспорт каражаттарын башкаруу көндүмдөрүнө же компьютердик сабаттуулукка окутууда;
5) мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө;
6) мыйзамдарда каралган башка учурларда.
3. Жаңсоо тилине котормочунун кызмат көрсөтүүсүнүн жана жаңсоо тилине котормочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Мамлекет жаңсоо тилинин котормочуларын даярдоону камсыз кылат.
5. Мамлекеттик телерадиоберүү уюмдары жаңылыктар берүүлөрүн жаңсоо тилинин котормосу жана субтитрлер менен трансляциялоого милдеттүү.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-8" title="8-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>