34-берене. Майыптыгы бар адамдарга башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 6-глава
1. Майыптыгы бар адамдарга башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим жалпы типтеги кесиптик билим берүү уюмдарында берилет.
2. I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар, ошондой эле майыптыгы бар балдар башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына Министрлер Кабинети тарабынан жыл сайын бекитилүүчү адамдардын көрсөтүлгөн категориясы үчүн гранттык орундардын квотасынын чегинде, конкурстун негизинде кабыл алынат.
Майыптыгы бар адамдар кирүү сынактарын ийгиликтүү тапшырган учурда окутуу наркын төлөө менен келишим боюнча баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына конкурстан тышкары кабыл алынат.
3. Майыптыгы бар адамдар үчүн башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн бардык адистиктери боюнча билим берүү уюмдарынын бюджеттик бөлүмдөрүндөгү орундарга квоталоо боюнча ченемдер Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
34-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-34" title="34-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>