33-берене. Майыптыгы бар балдарга мектептен тышкары билим берүү
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 6-глава
1. Майыптыгы бар балдардын ар тараптуу жана шайкеш өсүп жетилишин, аларда коомдук жигердүүлүктү, эмгекке кызыгууну, илимге, техникага, искусствого, спортко тартууга тарбиялоо, социалдаштыруу зарылчылыгы жана коомдук жашоого кошуу максатында мамлекет майыптыгы бар балдарга зарыл шарттарды түзүү менен мектептен тышкары тарбиянын жеткиликтүү болушун камсыз кылууга милдеттүү.
2. Майыптыгы бар балдар башка балдар менен бирдей спорттук иш-чараларга, оюндарга, бош убакытты өткөрүүгө жана эс алууга, анын ичинде билим берүү тутумунун алкагында өткөрүлүүчү иш-чараларга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-33" title="33-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>