2-берене. Ушул Мыйзамдын предмети
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 1-глава
1. Ушул Мыйзам майыптыгы бар адамдарга карата алардын укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууда башка бардык жарандар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, алардын жашоо-тиричилигиндеги чектөөлөрдү четтетүү, майыптыгы бар адамдардын толук кандуу жашоо ыңгайын жүргүзүүгө, коомдун экономикалык, саясий, маданий жана социалдык турмушуна жигердүү катышууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясында, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринде жана ченемдеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткаруусуна мүмкүндүк берүүчү жагымдуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик саясатты аныктайт.
2. Ушул Мыйзам майыптыгы бар адамдарды коргоо жана колдоо кепилдиктерин, ошондой эле калктын саламаттыгын сактоого, майыптыктын алдын алууга жана майыптыгы бар адамдарды коомго аралаштыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган чараларды белгилейт.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-2" title="2-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>