2-берене
Күчүндө · 17.07.2025 редакциясы
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 7-августу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 17-берененин 7-бөлүгүндө:
а) 1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) атасынын ысымы боюнча эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөз кошулуп же ал кошулбастан жазылат. Бул учурларда балага атасынын аты ыйгарылбайт;
2) чоң атасынын ысымы боюнча ага мүчө уланбастан жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) чоң атасынын ысымы боюнча ага "тегин" деген сөз кошулуп жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн, же болбосо атасынын ысымына эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" деген сөз, аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөз кошулуп жазылат. Түздөн-түз туугандык байланышын тастыктоочу документтери болгондо же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде алар болсо, ата-энесинин каалоосу боюнча балага жети атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча фамилия берилиши мүмкүн.".
Берененин тексти 17.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жарандык абалдын актылары жөнүндөЗакон · 01.08.2020 · № 110
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030431/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>