Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, „Жарандык абалдын актылары жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 17-июлу № 148
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 63-статьянын 3-пунктунда:
а) үчүнчү жана төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- атасынын ысымы боюнча эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөз кошулуп же ал кошулбастан жазылат. Бул учурларда балага атасынын аты ыйгарылбайт;
- чоң атасынын ысымы боюнча ага мүчө уланбастан жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- чоң атасынын ысымы боюнча ага "тегин" деген сөз кошулуп жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн, же болбосо атасынын ысымына эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" деген сөз, аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөз кошулуп жазылат. Түздөн-түз туугандык байланышын тастыктоочу документтери болгондо же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде алар болсо, ата-энесинин каалоосу боюнча балага жети атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча фамилия берилиши мүмкүн.".
2-берене. "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 7-августу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 17-берененин 7-бөлүгүндө:
а) 1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) атасынын ысымы боюнча эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөз кошулуп же ал кошулбастан жазылат. Бул учурларда балага атасынын аты ыйгарылбайт;
2) чоң атасынын ысымы боюнча ага мүчө уланбастан жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) чоң атасынын ысымы боюнча ага "тегин" деген сөз кошулуп жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн, же болбосо атасынын ысымына эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" деген сөз, аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөз кошулуп жазылат. Түздөн-түз туугандык байланышын тастыктоочу документтери болгондо же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде алар болсо, ата-энесинин каалоосу боюнча балага жети атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча фамилия берилиши мүмкүн.".
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 22-июлундагы № 54 (3710) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2025-жылдын 11-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
- Жарандык абалдын актылары жөнүндөЗакон · 01.08.2020 · № 110
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-январындагы № 2-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз…Распоряжение · 09.01.2020 · № 2-р
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-апрелиндеги № 91-б (Расмий тилдеги 2012-2019-жылдар мезгилинде Экономикалык, социалдык жана маданий Республикасынын бешинчи улуттук баяндамасын…Распоряжение · 15.04.2021 · № 91-р
Шилтеме берет (2)
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
- Жарандык абалдын актылары жөнүндөЗакон · 01.08.2020 · № 110