Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене. Инвесторлорго коюлган талаптар
Күчүндө · 08.04.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 апреля 2026 года № 46
1. Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык макулдашууну тариздөө жана инвестициялык ишке катышуу үчүн инвестор төмөнкү документтерди жана маалыматтарды берүүгө тийиш:
1) тиешелүү финансылык милдеттенмелери бар инвестициялык макулдашуунун катышуучусу болуу ниети жөнүндө кайрылуу;
2) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн жана уюмдаштыруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
3) юридикалык жактын катталган жери боюнча салык органдарынан ар кандай деңгээлдеги бюджеттерге салыктарды, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөө боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат;
4) юридикалык жактын эсептерин тейлөөчү коммерциялык банктардын акыркы алты айдын ичинде алыш-бериш эсеби боюнча жүгүртүүлөр жөнүндө маалымкат;
5) учурдагы бардык карыздары жөнүндө маалымат (макулдашуулардын, келишимдердин көчүрмөлөрү жана бардык коштоочу документтер);
6) инвестордун оң абройго ээ экендиги, өз-өзүнчө же жалпысынан инвестордун чарбалык иши, активдери, финансылык же башка абалы үчүн кандайдыр бир олуттуу жагымсыз кесепеттерге же ушул инвестициялык макулдашуу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу жөндөмдүүлүгүнүн начарлашына алып келиши мүмкүн болгон ага каршы эч кандай доо коюлбагандыгы, эч кандай сот иштери козголбогондугу, эч кандай териштирүүлөр же тергөө жүргүзүлбөгөндүгү жана кандай болбосун сот, арбитраж же мамлекеттик орган тарабынан ага каршы мындай аракеттерди жасоо коркунучунун жоктугу жөнүндө маалымат.
2. Туруктуу инвестициялоо боюнча инвестордун милдеттенмелери:
1) инвесторлор өзүнүн инвестициялык ишин бардык тиешелүү мыйзамдарга, ченемдик актыларга, эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырууга тийиш;
2) инвестициялык ишти жүзөгө ашырууда инвесторлор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ишкер этиканын, адам укуктарынын жана эмгек ченемдеринин жогорку стандарттарын сактоого милдеттүү;
3) инвестициялык ишти жүзөгө ашырууда инвесторлор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айлана-чөйрөнү коргоо принциптерин жана ченемдерин сактоого милдеттүү;
4) инвесторлор мамлекеттик башкаруу тутумунда коррупциянын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясын, ошондой эле колдонуудагы башка эл аралык укуктук актыларды эске алуу менен инвесторлор коррупциялык укук бузууларды жасоо же жактыруу максатында мамлекеттик органдардын жана мекемелердин кызмат адамдарына же кызматкерлерине көмөк көрсөтүүдөн, сыйлоодон, шыкактоодон, жардам көрсөтүүдөн же алар менен тил табышуудан карманууга милдеттүү;
5) инвестициялык ишти жүзөгө ашырууда инвесторлор мүмкүнчүлүгүнө жараша социалдык жоопкерчиликтин жогорку деңгээлин көрсөтүүгө жана Кыргыз Республикасын жана жергиликтүү жамааттарды туруктуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө умтулууга тийиш;
6) инвесторлор инвестициялык ишти колдонуудагы салык мыйзамдарына, ошондой эле колдонуудагы эл аралык ченемдерге жана принциптерге толук ылайык жүргүзүүгө милдеттүү.
(КР 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 апреля 2026 года № 46 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об инвестициях в Кыргызской Республике", "О третейских судах в Кыргызской Республике")"Редакцияларды салыштыруу
08.04.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн жана уюмдаштыруу документтеринин алынып салынды: нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
3) юридикалык жактын катталган жери … ченемдерге жана принциптерге толук ылайык жүргүзүүгө милдеттүү.
кошулду: (КР 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030204/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>