Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүчү жерлер болуп саналган башка жерлерде товарларды өткөрүү учурлары жана тартиби жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-августу № 496
Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүчү жерлер болуп саналган башка жерлерде товарларды өткөрүү учурлары жана тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын айрым участокторунда товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүнү тартипке салуу максатында, Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 10-беренесинин 3-пунктуна, 353-беренесинин 4-пунктуна, “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүнө, 148-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүчү жерлер болуп саналган товарларды өткөрүүнүн башка жерлери, ошондой эле контролдун мамлекеттик түрлөрүн уюштуруу үчүн зарыл болгон башка жерлерди жайгаштырууга жана материалдык-техникалык жабдууга карата талаптар ушул токтомдун тиркемесине ылайык аныкталсын.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ушул токтомдун тиркемесинин 1–5-пункттарында көрсөтүлгөн башка жерлер аркылуу товарларды өткөрүүгө төмөнкү учурларда жол берилет:
– Кыргыз Республикасынын аймагында калтырууга мүмкүн болбогон чет өлкөлүк товарларды жана транспорт каражаттарын үчүнчү өлкөнүн аймагынан ошол эле өлкөнүн аймагына Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өткөрүү;
– Евразия экономикалык комиссиясынын актыларына ылайык бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкаларын, ошондой эле жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын жана салыктарды төлөө менен жеке пайдалануу үчүн товарларды өткөрүү;
2) аларга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотуу жөнүндө чечими кабыл алынган же Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, ведомстволорунун же Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кайрылуусу бар товарлар менен чет өлкөлүк транспорт каражаттары, ошондой эле үчүнчү өлкөнүн аймагынан ошол эле өлкөнүн аймагына ушул токтомдун тиркемесинин 1–5-пункттарында көрсөтүлгөн башка жерлер аркылуу өткөрүлүүчү чет өлкөлүк жеңил транспорт каражаттары жана бош жүк ташуучу транспорт каражаттары бажы коштоосун жүргүзбөстөн бажы органы тарабынан товарларды ташуунун маршрутун белгилөө менен ташылат;
3) ушул токтомдун тиркемесинин 6–14-пункттарында көрсөтүлгөн башка жерлерде товарларды өткөрүүгө белгиленген нарктык, салмактык жана (же) сандык ченемдердин чектеринде жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан товарларды өткөрүүдө гана жол берилет;
4) ушул токтомдун тиркемесинин 15-пунктунда көрсөтүлгөн башка жерде “Баткен” бажысында экспорттун бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлардын төмөнкү түрлөрү гана ташып чыгарылат жана бул товарларды жүктөө үчүн бош жүк ташуучу транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагына кирет:
№
ТЭИ ТН коду
Позициянын аталышы
1
2514 00 000 0
Одоно майдаланган же майдаланбаган, таарып кесилген же таарып кесилбеген же болбосо башка ыкма менен тик бурчтуу формадагы (анын ичинде чарчы) блокторго же плиталарга бөлүнгөн сланец
2
2516 11 000 0
Иштетилбеген же одоно майдаланган гранит (базальт)
3
2520 10 000 0
Гипс, ангидрит (гипс ташы)
4
2521 00 000 0
Акиташ флюс; акиташ жана акиташ же цемент даярдоо үчүн колдонулуучу башка акиташ ташы
.
3. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул токтомдун 2-пунктунун
1-пунктчасында көрсөтүлгөн чет өлкөлүк товарларды, ошондой эле жеке пайдалануу үчүн алымсыз ташып келүүнүн белгиленген ченемдеринен ашкан товарларды ушул токтомдун тиркемесинин 6–14-пункттарында көрсөтүлгөн башка жерлер аркылуу өткөрүүгө жол бербөөнү камсыз кылсын. Мындай товарлар ушул токтомдун тиркемесинин 1–5-пункттарында көрсөтүлгөн башка жерлер аркылуу өткөрүү үчүн кайра багытталууга тийиш.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн башка жерлерде ишти уюштуруу, зарыл болгон инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү үчүн белгиленген тартипте электр энергиясы жана суу менен камсыздап, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жер участокторун берүүнү камсыз кылсын.
5. Ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик контролдоо органдары ушул токтомдун 4-пунктунда каралган иш-чаралар аткарылган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө бюджеттик каражаттардын чегинде:
1) ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн башка жерлерде жумуш орундарын жайгаштырууну жана жабдууну аяктасын;
2) ушул токтомдун жоболорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон уюштуруу-штаттык жана башка иш-чараларды жүргүзсүн.
6. Бул токтомду ишке ашыруу бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү мамлекеттик органдар үчүн 2025-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 1–3-пункттарды кошпогондо, бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
тиркеме
Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүчү жерлер болуп саналган товарларды өткөрүүнүн башка жерлери, ошондой эле контролдун мамлекеттик түрлөрүн уюштуруу үчүн зарыл болгон башка жерлерди жайгаштырууга жана материалдык-техникалык жабдууга карата талаптар
№
Башка жердин аталышы
Башка жердин жайгашкан орду (облус, район, калктуу конуш)
Мамлекеттик контролдун түрлөрү
Башка жердин иштөө режими
Жайгаштырууга жана материалдык-техникалык жабдууга карата талаптар
1
2
3
4
5
6
1
“Кадамжай”
Баткен облусу, Кадамжай району, Пүлгөн айылы
Чек ара, бажы, ветеринардык, карантиндик фитосанитардык, санитардык-карантиндик
Күндүз
Системалар:
– паспорттук (чек аралык) контролдоо;
– ветеринардык контролдоону (көзөмөлдөөнү) камсыз кылуу;
– фитосанитардык контролдоону (көзөмөлдөөнү) камсыз кылуу;
– транспорт каражаттарын тазалоо жана дезинфекциялоо;
– байланыш жана маалыматтык технологиялар;
– телевизиондук байкоо (видеобайкоо);
– коргоонун инженердик каражаттары;
– резервдик электр менен кубаттандыруу;
ошондой эле:
– келген адамдардын дене табын өлчөө үчүн стационардык тепловизор (комплект);
– бөлүнүүчү жана радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу үчүн радиациялык контролдоонун көчмө аппаратурасы;
– жеке пайдалануу үчүн өткөрүлүүчү товарлардын салмактык параметрлерин өлчөөчү түзүлүш;
– өрт коопсуздугу каражаттары
2
“Чечме”
Баткен облусу, Кадамжай району, Чечме айылы

“Ак-Кыя”
Баткен облусу, Кадамжай району, Кызыл-Булак айылы

“Бүргөндү”
Баткен облусу, Кадамжай району, Газпром жери
Чек ара, бажы, ветеринардык, карантиндик фитосанитардык, санитардык-карантиндик
Күнү-түнү

“Жаңы-Айыл”
Баткен облусу, Кадамжай району, Жаңы-Айыл айылы

“Кайтпас”
Баткен облусу, Кадамжай району, Кайтпас айылы
Чек ара, ветеринардык, карантиндик фитосанитардык, санитардык-карантиндик
Күндүз
Системалар:
– паспорттук (чек аралык) контролдоо;
– ветеринардык контролдоону (көзөмөлдөөнү) камсыз кылуу;
– фитосанитардык контролдоону (көзөмөлдөөнү) камсыз кылуу;
– тазалоо жана дезинфекциялоо;
– байланыш жана маалыматтык технологиялар;
– телевизиондук байкоо (видеобайкоо);
– коргоонун инженердик каражаттары;
– резервдик электр менен кубаттандыруу;
ошондой эле:
– келген адамдардын дене табын өлчөө үчүн стационардык тепловизор (комплект);
– бөлүнүүчү жана радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу үчүн радиациялык контролдоонун көчмө аппаратурасы;
– жеке пайдалануу үчүн өткөрүлүүчү товарлардын салмактык параметрлерин өлчөөчү түзүлүш;
– өрт коопсуздугу каражаттары;
7
“Өтүкчү”
Баткен облусу, Кадамжай району, Өтүкчү айылы
Чек ара, ветеринардык, карантиндик фитосанитардык, санитардык-карантиндик
Күндүз
Системалар:
– паспорттук (чек аралык) контролдоо;
– ветеринардык контролдоону (көзөмөлдөөнү) камсыз кылуу;
– фитосанитардык контролдоону (көзөмөлдөөнү) камсыз кылуу;
– тазалоо жана дезинфекциялоо;
– байланыш жана маалыматтык технологиялар;
– телевизиондук байкоо (видеобайкоо);
– коргоонун инженердик каражаттары;
– резервдик электр менен кубаттандыруу;
ошондой эле:
– келген адамдардын дене табын өлчөө үчүн стационардык тепловизор (комплект);
– бөлүнүүчү жана радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу үчүн радиациялык контролдоонун көчмө аппаратурасы;
– жеке пайдалануу үчүн өткөрүлүүчү товарлардын салмактык параметрлерин өлчөөчү түзүлүш;
– өрт коопсуздугу каражаттары
8
“Сай”
Баткен облусу, Кадамжай району, Сай айылы

9
“Бөжөй”
Баткен облусу, Кадамжай району, Бөжөй айылы

10
“Таян”
Баткен облусу, Кадамжай району, Таян айылы

11
“Кызыл-Кыяк”
Баткен облусу, Кадамжай району, Кызыл-Кыяк айылы
Чек ара, ветеринардык, фитосанитардык, медициналык санитардык-карантиндик
Күнү-түнү
Системалар:
– паспорттук (чек аралык) контролдоо;
– ветеринардык контролдоону (көзөмөлдөөнү) камсыз кылуу;
– фитосанитардык контролдоону (көзөмөлдөөнү) камсыз кылуу;
– тазалоо жана дезинфекциялоо;
– байланыш жана маалыматтык технологиялар;
– телевизиондук байкоо (видеобайкоо);
– коргоонун инженердик каражаттары;
– резервдик электр менен кубаттандыруу;
ошондой эле:
– келген адамдардын дене табын өлчөө үчүн стационардык тепловизор (комплект);
– бөлүнүүчү жана радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу үчүн радиациялык контролдоонун көчмө аппаратурасы;
– жеке пайдалануу үчүн өткөрүлүүчү товарлардын салмактык параметрлерин өлчөөчү түзүлүш;
– өрт коопсуздугу каражаттары
12
“Машаланг”
Баткен облусу, Кадамжай району, Кара-Шоро айылы
Чек ара, ветеринардык, карантиндик фитосанитардык, санитардык-карантиндик
Күндүз
Системалар:
– паспорттук (чек аралык) контролдоо;
– ветеринардык контролдоону (көзөмөлдөөнү) камсыз кылуу;
– фитосанитардык контролдоону (көзөмөлдөөнү) камсыз кылуу;
– тазалоо жана дезинфекциялоо;
– байланыш жана маалыматтык технологиялар;
– телевизиондук байкоо (видеобайкоо);
– коргоонун инженердик каражаттары;
– резервдик электр менен кубаттандыруу;
ошондой эле:
– келген адамдардын дене табын өлчөө үчүн стационардык тепловизор (комплект);
– бөлүнүүчү жана радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу үчүн радиациялык контролдоонун көчмө аппаратурасы;
– жеке пайдалануу үчүн өткөрүлүүчү товарлардын салмактык параметрлерин өлчөөчү түзүлүш;
– өрт коопсуздугу каражаттары
13
“Дугова”
Баткен облусу, Кадамжай району, Дугова айылы

14
“Курбан-Көл”
Баткен облусу, Кадамжай району, Курбан-Көл жери

15
“Кызыл-Тоо”
Ош облусу, Ноокат району, Кызыл-Тоо жери
Чек ара, бажы, санитардык-карантиндик
Күндүз
Системалар:
– паспорттук (чек аралык) контролдоо;
– транспорт каражаттарын тазалоо жана дезинфекциялоо;
– байланыш жана маалыматтык технологиялар;
– телевизиондук байкоо (видеобайкоо);
– коргоонун инженердик каражаттары;
– резервдик электр менен кубаттандыруу;
ошондой эле:
– келген адамдардын дене табын өлчөө үчүн аппарат;
– бөлүнүүчү жана радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу үчүн радиациялык контролдоонун көчмө аппаратурасы;
– өрт коопсуздугу каражаттары
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 24.04.2019 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон