Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 73-беренеде:
а) 1-бөлүктө "жатак-абактар," деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жалпы режимдеги түзөтүү абактарында белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон адамдар; түзөтүү жумуштары жана коомдук иштер, эркиндигин чектөө, айып түрүндөгү жазалары белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмашылган адамдар; түрмөлөрдөн ушул Кодекстин 80-беренесинде каралган тартипте которулган соттолгондор; ушул Кодекстин 139-беренесинде каралган тартипте тарбиялоо абактарынан которулган соттолгондор; пробациялык көзөмөл жокко чыгарылган жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалган адамдар жазасын өтөйт. Жалпы режимдеги түзөтүү абактарында этиятсыздыктан жасалган кылмыштар үчүн соттолгондорду; түзөтүү жумуштары, айып түрүндөгү жаза белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмашылган адамдарды; пробациялык көзөмөл жокко чыгарылган жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалган адамдарды кармоо үчүн изолятордук участоктор түзүлөт.";
г) 6-бөлүктө "жатак-абактардан жана" деген сөздөр алып салынсын;
2) 80-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 3 жана 4-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 4-бөлүктүн 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 81-берененин 4-бөлүгүндө "Жатак-абактарын кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;
4) 82-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Түзөтүү мекемесинин администрациясы жана мекемелерди кайтарууну камсыз кылуучу бөлүмдөр мекемеге келген адамдарды, алардын буюмдарын, түзөтүү мекемесинин аймагында жана режимдик талаптар белгиленген ага чектеш аймактардагы транспорт каражаттарын карап чыгууну жүргүзүүгө, тизмеги Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленген тыюу салынган буюмдарды, предметтерди, документтерди, тамак-аш азыктарын алып коюуга укуктуу.";
5) 83-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Түзөтүү мекемелеринин администрациясы жана мекемелерди кайтарууну камсыз кылуучу бөлүмдөр качуулардын жана башка укук бузуулардын, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузуулардын алдын алуу, соттолгондордун жүрүм-туруму жөнүндө зарыл маалымат алуу үчүн аудиовизуалдык (видео байкоо жүргүзүү системасын), электрондук жана башка инженердик-техникалык каражаттарды пайдаланат.";
б) 4-бөлүктө "Жатак-абактарды кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;
6) 86-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Соттолгондор тарабынан түзөтүү мекемелеринин администрациясынын мыйзамдуу талаптарына каршылык, кыянаттык менен баш ийбөө көрсөтүлгөндө, алар массалык башаламандыктарга, адамдарды барымтага алууга катышканда, жарандарга кол салганда жана башка коомдук коркунучтуу аракеттерди жасаганда, түзөтүү мекемелеринен качканда же аларды кармоодо көрсөтүлгөн укукка каршы аракеттерге бөгөт коюу, айланасындагыларга же өздөрүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында түзөтүү мекемесинин администрациясы жана мекемелерди кайтарууну камсыз кылуучу бөлүмдөр тарабынан кара күч, атайын каражаттар жана курал колдонулат.";
7) 87-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Бир түрмөнүн чегинде жаза өтөөнүн бирдиктүү шарттары белгиленет.";
8) 89-берененин 1-бөлүгүндө "Жатак-абактарды кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;
9) 97-берененин 1-бөлүгүндө "Жатак-абактарда," деген сөздөр алып салынсын;
10) 99-беренеде:
а) 1-бөлүктө "жана жатак-абактарында" деген сөздөр алып салынсын;
б) 4-бөлүктө "Жатак-абактарда кармалгандарды кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;
в) 5-бөлүктүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
11) 118-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 122 жана 123-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030075/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>