5-берене
Күчүндө · 28.07.2025 редакциясы
"Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 28-февралы № 15) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренеде:
а) 1-пункттун "а" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- экстремисттик материалдарды сактоо;";
б) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) эскертме - экстремисттик багыттагы кылмыштардын белгилери жок болгондо экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык жактарга жана башка уюмдарга карата чыгарылуучу, экстремисттик материалдарды жайылтуунун жана экстремисттик ишти жүргүзүүнүн жол берилбестигин көрсөтүүчү расмий документ. Эскертменин формасы жана аны чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
2) 11-беренеде "жайылтуу максатында" деген сөздөр алып салынсын;
3) 17-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
Берененин тексти 28.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 24.02.2023 · № 40
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030073/st-5" title="5-берене - Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>