4-берене
Күчүндө · 28.07.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 17-глава төмөнкүдөй мазмундагы 142-1-берене менен толукталсын:
"142-1-берене. Экстремисттик материалдарды сактоо Экстремисттик материалдарды сактоо, эгерде бул аракеттерде кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган квалификациялык белгилер камтылбаса, - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет."; Эскертүү. Ушул беренеде каралган укук бузууну жасаган адам, экстремисттик материалдарды сактаган фактысы жөнүндө укук коргоо органдарына ыктыярдуу билдирген учурда жоопкерчиликтен бошотулат. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан экстремисттик материалдарды пайдаланууга, анын ичинде сактоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматтык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда жол берилет. Экстремисттик материалдарды сактоо мыйзамдуу кесиптик же кызматтык ишти, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылуучу илимий, окуу же эксперттик максаттарда жүзөгө ашыруу менен шартталган учурларда ушул берене колдонулбайт.";
2) 456-берененин биринчи абзацы "142-берененин 1, 3-8-бөлүктөрү," деген сөздөрдөн кийин "142-1-беренеси," деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 28.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030073/st-4" title="4-берене - Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>