Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
147-берене. Ырастоочу борборду аккредитациялоо
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 17-глава
1. Юридикалык жактар болуп саналган ырастоочу борборлорго карата ырастоочу борборду аккредитациялоо улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Ырастоочу борборду аккредитациялоо ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.
Эгерде ырастоочу борбордун арызында аз мөөнөт көрсөтүлбөсө, ырастоочу борборду аккредитациялоо 5 жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт.
3. Аккредитация ырастоочу борбор тарабынан төмөнкүдөй талаптар аткарылган шартта берилет:
1) ырастоочу борбордун таза активдеринин наркы бир миллион сомдон кем болбосо;
2) мындай ырастоочу борбор тарабынан берилген санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификатында көрсөтүлгөн дайындарга же бул ырастоочу борбордун сертификаттарынын реестринде камтылган дайындарга башка жактардын ишениминин натыйжасында аларга келтирилген чыгымдар үчүн жоопкерчиликти бир жарым миллион сомдон кем эмес өлчөмдө финансылык камсыздоо бар болсо;
3) Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген талаптарга шайкештигинин тастыктамасын алган санарип кол тамга каражаттары жана ырастоочу борбордун каражаттары болсо;
4) ырастоочу борбордун штатында санарип кол тамгасын текшерүү ачкычын түзүү жана берүү боюнча ишти түздөн-түз жүзөгө ашырган, маалымат технологиялары же маалымат/киберкоопсуздук чөйрөсүндө жогорку кесиптик билимге, же болбосо жогорку же орто кесиптик билимге ээ болгон, санарип кол тамгасын пайдалануу маселелери боюнча кайра даярдоодон же квалификациясын жогорулатуудан өткөн 2ден кем эмес кызматкер болсо.
4. Ырастоочу борборду аккредитациялоо анын улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусуна берилүүчү арызы боюнча жүргүзүлөт.
Арызга ырастоочу борбордун ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктоочу документтер тиркелет.
5. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу берилген документтердин негизинде, аларды алган күндөн тартып 30 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө ырастоочу борборду аккредитациялоо жөнүндө же аккредитациялоодон баш тартуу тууралуу чечимди кабыл алат.
Ырастоочу борборду аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу аккредитациялоо тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 күндөн кеч эмес мөөнөттө ырастоочу борборго кабыл алынган чечим жөнүндө билдирет жана белгиленген тариз боюнча аккредитациялоо тууралуу күбөлүктү берет. Аккредитацияланган ырастоочу борборго аккредитациялоо тууралуу күбөлүктү берүү менен бир эле мезгилде түпкү ырастоочу борбордун каражаттарын пайдалануу менен түзүлгөн квалификацияланган сертификат берилет. Ырастоочу борборду аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу аккредитациялоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө ырастоочу борборго кабыл алынган чечим жөнүндө билдирүүнү баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен жөнөтөт же тапшырат.
6. Аккредитациялоодон баш тартуу үчүн негиз болуп ырастоочу борбордун ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген талаптарга шайкеш эместиги же болбосо берилген документтерде анык эмес маалыматтын болушу саналат.
7. Аккредитацияланган ырастоочу борбор аларга шайкештиги боюнча ап аккредитацияланган талаптарды анын аккредитациясынын бүткүл мөөнөтүнүн ичинде сактоого тийиш. Аларды сактоону мүмкүн эмес кылган жагдайлар пайда болгон учурда, ырастоочу борбор бул жөнүндө улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусуна токтоосуз билдирүүгө тийиш.
Аккредитацияланган ырастоочу борбор өзүнүн иш-милдеттерин жана алган милдеттенмелерин аткарууда ырастоочу борборлор үчүн ушул Кодексте белгиленген талаптарды сактоого тийиш. Көрсөтүлгөн талаптар аккредитацияланган ырастоочу борбор тарабынан сакталбагандыгы аныкталган учурда, Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу ырастоочу борборго аларды жоюунун мөөнөттөрүн белгилөө менен бузууларды жоюу тууралуу жазма буйрукту берүүгө жана көрсөтүлгөн мөөнөткө аккредитациянын колдонулушун токтотуп турууга милдеттүү. Аккредитацияланган ырастоочу борбор анын аккредитациясын токтотуп туруу үчүн негиз болгон бузуулардын жоюлгандыгы тууралуу улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусуна жазуу жүзүндө билдирет. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу бузуулардын иш жүзүндө жоюлгандыгын текшерүүгө укуктуу, андан кийин аккредитациянын колдонулушун кайра улантуу жөнүндө чечим кабыл алат, ал эми алар жазма буйрукта көрсөтүлгөн мөөнөттө жоюлбаса - ырастоочу борбордун аккредитациясын жокко чыгарат.
8. Ырастоочу борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашырган мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген талаптар жайылтылбайт.
9. Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу анын функцияларын аткарган түпкү ырастоочу борбор ушул Кодекске ылайык аккредитацияланууга тийиш эмес.
10. Аккредитацияланган ырастоочу борборлор аккредитация үчүн Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген усулдук боюнча эсептелүүчү төлөмдү жыл сайын төлөөгө тийиш.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029914/st-147" title="147-берене - Кыргыз Республикасынын (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>