Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
146-берене. Аккредитацияланган ырастоочу борбор
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 17-глава
1. Аккредитация алган ырастоочу борбор аккредитацияланган ырастоочу борбор болуп саналат.
2. Аккредитацияланган ырастоочу борбор төмөнкүдөй дайындарды сактоого милдеттүү:
1) квалификацияланган сертификаттын ээсинин - жеке адамдын инсандыгын ырастоочу негизги документтин маалым даректерин;
2) арыз ээсинин - юридикалык жактын атынан иш алып барган жактын квалификацияланган сертификатты алуу үчүн кайрылууга укугун тастыктоочу документтин аталышы, номери жана берилген датасы жөнүндө маалыматтарды;
3) эгерде квалификацияланган сертификаттын ээсинин үчүнчү жактын тапшырмасы боюнча аракеттенүүгө ыйгарым укуктары жөнүндө маалыматтар квалификацияланган сертификатка киргизилсе, квалификацияланган сертификаттын ээсинин үчүнчү жактын тапшырмасы боюнча иш алып барууга ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтердин аталышы, номери жана берилген датасы жөнүндө маалыматтарды.
3. Эгерде ченемдик укуктук актыларда андан да кыска мөөнөт каралбаса, ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн дайындар аккредитацияланган ырастоочу борбор тарабынан анын иштөө мөөнөтүнүн ичинде сакталууга тийиш.
Санарип дайындары алардын бүтүндүгүн жана аныктыгын текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү таризде сакталышы керек. Ырастоочу борбор квалификацияланган сертификат ээсине аккредитацияланган ырастоочу борбордо сакталган жана квалификацияланган сертификат ээсине тиешелүү болгон санарип жазмаларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга тийиш.
4. Аккредитацияланган ырастоочу борбордун иши токтотулган учурда ал төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ырастоочу борбордун иши токтотулган датага чейин бир айдан кеч эмес убакытта бул тууралуу улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусуна кабарлоого;
2) Улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусуна белгиленген тартипте сертификаттардын реестрин өткөрүп берүүгө;
3) аккредитацияланган ырастоочу борбордо сакталууга тийиш болгон санарип жазмаларын белгиленген тартипте улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусуна сактоого өткөрүп берүүгө.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029914/st-146" title="146-берене - Кыргыз Республикасынын (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>