4-берене
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана ушул берененин расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 2-бөлүгүн кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) алты айлык мөөнөттө:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык келтирсин;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык келтирүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун киргизсин;
2) эки айлык мөөнөттө тармактык жөнгө салуучулардын, иш-милдеттери жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иш-милдеттери жүктөлүүчү мамлекеттик органдарды аныктасын;
3) 2026-жылдын 1-июнуна карата Улуттук санарип экотутумунун түзүлүшүн жана мамлекеттик сервистердин ишке киргизилишин камсыз кылсын.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 5-августунда № 58 (3714) жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2025-жылдын 18-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январы № 46 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик…Постановление · 30.01.2026 · № 46
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-октябрындагы № 695 "Санарип чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучуларды аныктоо жөнүндө" токтомуПостановление · 23.10.2025 · № 695
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029899/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>