Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаарынын турак жай имараттары жана жайлары үчүн мүлк салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Бишкекского городского кенеша от 30 июня 2026 года № 106 "О признании утратившим силу постановления Бишкекского городского кенеша "Об утверждении ставки налога на имущество для жилых зданий и помещений города Бишкек" от 25 июня 2025 года № 41"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-06-30.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 106 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-июну № 41
Бишкек шаарынын турак жай имараттары жана жайлары үчүн мүлк салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү салыктарды башкарууга салыктык контролду күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 151-беренесине, 379-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын турак жай имараттары жана жайлары үчүн мүлк салыгынын ставкалары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Төрага
Б. Усеналиев
Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 41 токтомуна тиркеме
Бишкек шаарындагы турак жай имараттары жана жайлары үчүн мүлк салыгынын СТАВКАСЫ
Категориясы
Эксплуатациянын мөөнөтү
Аянты
Салыктык ставка (сом)
Бишкек шаарынын аймагындагы турак жай имараттар жана жайлар
Кызмат мөөнөтүнө карабастан
1 чарчы метр
75
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси
И.Б. Аденов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 106 "Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 41 "Бишкек шаарынын турак жай имараттары жана жайлары үчүн мүлк…Постановление · 30.06.2026 · № 106