Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин «Өзүн өзү көтөрүүчү капталмаланган зымдарды (ӨӨККЗ) тейлөө үчүн персоналдардын санынын ченемдерин жана капталмаланган зымдары бар аба чубалгыларын (КЗАЧ) шарттуу бирдиктерин эсептөө үчүн ченемдерди бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2025-жылдын 25-июлу № 14-10 Өзүн өзү көтөрүүчү капталмаланган зымдарды (ӨӨККЗ) тейлөө үчүн персоналдардын санынын ченемдерин жана капталмаланган зымдары бар аба чубалгыларын (КЗАЧ) шарттуу бирдиктерин эсептөө үчүн ченемдерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №247 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомдоруна ылайык, буйрук кылам:
1. "ӨӨККЗти тейлөө үчүн персоналдардын санынын Нормативдерин жана КЗАЧтын шарттуу бирдиктерин эсептөө үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндө" тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Электр энергетика башкармалыгы үч жумушчу күндүн ичинде:
- бул буйрук катталган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" 2010-жылдын 26-февралындагы №117 токтомуна ылайык, аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Электр энергетика башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 1-августундагы № 57 (3713) саны менен жарыяланды
Министри
Т.Ө. Ибраев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 247