8-берене
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин менчик ээлери, Кыргыз Республикасынын жарандары жана жер тилкелерди пайдалануучулар тарабынан белгиленген тартипте алынган укук күбөлөндүрүүчү документтер (жер тилкесине болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт, жер тилкесин мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акт, жер тилкесин убактылуу пайдалануу укугуна ырастама, жер тилкесине болгон жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүк, жер тилкесине (үлүшүнө) болгон жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүк) укук белгилөөчү документтер бар болгондо кайра таризделбестен жарактуу деп эсептелет.
2. Алдын ала каттоо боюнча катталган укук күбөлөндүрүүчү документтерди кошпогондо, жер тилкесине болгон укук менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоодо мурда алынган укук күбөлөндүрүүчү документтер кадастрдык планга алмаштырылууга тийиш. Бул учурда сатып алуучу укук күбөлөндүрүүчү документти кадастрдык планга алмаштырууну жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексиКодекс · 18.07.2025 · № 149
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029580/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>