7-берене
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы
1. Суу фондунун жерлеринин категориясына туура келген багбанчылык-дача жер тилкелерин кошпогондо, ушул Мыйзамдын күчүнө кириши менен жеке жактардын жеке менчигинде турган багбанчылык-дача жер тилкелери жана тиешелүү инфратүзүмү бар аймактар "турак жай курулушу" максаттуу багыты менен калктуу конуштардын жерлери деп таанылат.
Калктуу конуштардын жерлери деп таанылууга тийиш болгон аймактардын чек аралары 1999-жылдын 16-июнуна чейин кабыл алынган дача курулушуна же жамааттык багбанчылыкка жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдардын алгачкы чечимдерине ылайык аныкталат.
2. Турак жай курулушу үчүн арналган калктуу конуштардын жерлери деп таанылган жерлерди пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Багбанчылык-дача жер тилкелерин пайдалануунун тартиби жана багбанчылык-дача уюмдарынын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029580/st-7" title="7-берене - Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>