69-берене. Коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер тилкесин алып коюу (сатып алуу)
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы · 10-глава
1. Коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер тилкесин алып коюу объекттерди жайгаштыруунун башка альтернативдүү варианттары жок болгон учурда гана жүргүзүлөт.
2. Коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер тилкесин алып коюуда жер тилкесин алып коюу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен жер тилкесинин укук ээсинин ортосунда, ыйгарым укуктуу органдын коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер тилкесин алып коюу жөнүндө чечиминин негизинде жер тилкесин акы төлөп алып коюу жөнүндө келишим түзүлөт.
Жер тилкесинин укук ээси алып коюуга же анын шарттарына макул болбогон учурда атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баш тартууну алган учурдан тартып эки айлык мөөнөттө сотко жер тилкесин акы төлөп алып коюу жөнүндө доо арыз менен кайрылууга укуктуу.
3. Сот тарабынан жер тилкесин алып коюу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин жер тилкесинин укук ээси жер тилкесине болгон укуктарын жүзөгө ашырууга жана жер тилкесин анын максаттуу багытына ылайык пайдаланууну камсыз кылуучу зарыл чыгымдарды жүргүзүүгө укуктуу.
4. Коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алып коюлган жер тилкеси үчүн компенсация укук ээсинин тандоосу боюнча бирдей маанидеги (бирдей баадагы) жер тилкесине болгон укуктарды берүү же акчалай компенсациялар түрүндө же болбосо бул түрлөрдүн айкалышы түрүндө берилиши мүмкүн.
5. Жер тилкесинин сатып алуу баасын аныктоодо ага жер тилкесине болгон укуктун жана анда жайгашкан имараттардын жана курулмалардын рыноктук наркы, ошондой эле жер тилкесине болгон укуктун токтотулушуна байланыштуу менчик ээсине же жерди пайдалануучуга келтирилген чыгымдар, буга кошуп үчүнчү жактардын алдындагы милдеттенмелердин мөөнөтүнөн мурда токтотулушу менен байланышкан чыгымдар киргизилет.
6. Коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынуучу жер тилкеси үчүн компенсациянын өлчөмү, мөөнөттөрү жана башка шарттары акы төлөп алып коюу жөнүндө келишимде аныкталат. Компенсация жер тилкесин иш жүзүндө алып коюуга чейин төлөнүшү керек.
7. Жер тилкесин сот тартибинде алып койгон учурда компенсациянын суммасы жер тилкесин коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алып коюу жөнүндөгү соттун чечиминде аныкталат.
8. Жер тилкесинин бир бөлүгү алып коюлган учурда, анын натыйжасында жер тилкесинде калган бөлүгүн пайдалануунун экономикалык максатка ылайыктуулугу, ошондой эле өрткө каршы, санитардык, экологиялык, шаар куруу, айыл чарба жана башка милдеттүү ченемдерди сактоо менен аны андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгү жоголсо, бардык жер тилкесин алып коюу зарыл.
9. Күрөөдө турган жер тилкеси коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынып коюлган учурда:
1) күрөө анын ордуна берилген жер тилкесине өтөт;
2) күрөө кармоочу күрөө берүүчүгө тиешелүү ордун толтуруунун суммасынан өз талаптарын канааттандырууга укуктуу.
10. Жер тилкесине чектөө болгон учурда аны алып коюу (сатып алуу) мындай чектөө алынып салынгандан кийин мүмкүн болот.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
69-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январы № I/16-62 “Жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуПостановление · 29.01.2026 · № I/16-62
- Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январы № I/16-61 “Жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуПостановление · 29.01.2026 · № I/16-61
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-августу № 557 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагында жайгашкан жер…Постановление · 18.08.2026 · № 558
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029465/st-69" title="69-берене - Кыргыз Республикасынын Жер кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>