Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин “Жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө” токтому
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № I/16-62
“Жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө” Саз-Булак айылынын Леволинейная көчөсү 9 дарегинде жайгашкан Саз-Булак айылынын тургуну Зулпукадырова Динара Абаскановнун жогоруда аталган жаранга тиешелүү жер тилкесин көчүрүү боюнча берген документтерин карап чыгып, Саз-Булак айылынын генпланына ылайык жер тилкеси жол боюнда жайгашкан. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 63 берененин 4-бөлүгү 4-пункту жетекчиликке алып Кызыл-Октябрь айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер участогун менчик ээсинин ыктыярдуу өздөштүрүүсүн эске алуу менен, Зулпукадырова Д.А Саз-Булак айылынын пайдасына асфальт жол салууга.
2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жер комиссиясы Саз-Булак айылынын башкы планына ылайык ошол эле айылдан башка жер участогун бөлүп берүү (өткөрүп берүү) үчүн тиешелүү документтерди даярдасын.
3. Жер участокторун эсепке алуу боюнча акчалай чыгымдар Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Рсепубликасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы
А.Карамырзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон