Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
28-берене. Тоорукта жана түз берүү жолу менен жер тилкесин менчикке же пайдаланууга берүү
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы · 3-глава
1. Ушул берененин 4-6-бөлүктөрүндө каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик же муниципалдык менчиктин жерлери электрондук форматта жүргүзүлүшү мүмкүн болгон тооруктарда сатуу жолу менен менчикке же пайдаланууга берилет.
2. Ушул бөлүктө каралган учурларда, мамлекеттик менчикте турган жер тилкесин тоорук өткөрбөстөн түз берүү, түз сатуу жана/же алмаштыруу жолу менен менчикке же пайдаланууга берүүгө жол берилет.
Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизилген улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер тилкелерине болгон укук Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин негизинде түздөн-түз менчикке же пайдаланууга берүү жолу менен бекитилет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген мамлекеттер аралык келишимдерди ишке ашыруу үчүн жер тилкелери ушул Кодекстин 8-беренесинин ченемдерин эске алуу менен тоорук өткөрбөстөн түз сатуу жана/же алмаштыруу жолу менен мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет.
3. Ушул Кодекстин 29-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, жеке же юридикалык жактардын көп батирлүү, көп кабаттуу үйлөрү (турак жана турак эмес жайлары) же башка объекттери курулган убактылуу пайдалануудагы жер тилкелери аларды эксплуатациялоого бергенге чейин тоорук өткөрбөстөн, туз сатуу жолу менен менчикке берилет.
4. Менчикке берилген жер тилкесинин наркы көз карандысыз баалоочулар тарабынан аныкталган жердин рыноктук наркы болуп саналат.
5. Министрлер Кабинети коомдук жана мамлекеттик муктаждыктарды канааттандыруу үчүн аукцион жарыяланганга чейин 30 календардык күн мурун жер тилкесин алып салууга укуктуу.
6. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер тилкесин Министрлер Кабинети аныктаган тартипте тоорук өткөрбөстөн жеке өнөктөштөрдүн пайдалануусуна берүүгө жол берилет.
7. Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган калктуу конуштун чегиндеги жер тилкеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик программасын ишке ашыруу максатында уставдык капиталга мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен мамлекеттик ипотекалык турак жайды насыялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мөөнөтсүз пайдаланууга берилиши мүмкүн.
8. Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик жана муниципалдык милдеттерди ишке ашыруу үчүн жана/же Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында жер тилкесин тоорук өткөрбөстөн менчикке же мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө жана/же алмаштырууга төмөнкүдөй учурларда жол берилет:
1) Министрлер Кабинетинин чечими менен мамлекеттик менчикте турган жүз пайыз мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жактарга мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүз пайдаланууга акысыз негизде берүүгө;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен муниципалдык менчикте турган жүз пайыз мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жактарга мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүз пайдаланууга акысыз негизде берүүгө.
9. Мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин тоорук өткөрүү, түз берүү жана/же алмашуу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
10. Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин тоорук жүргүзүү, түз берүү жана/же алмашуу тартиби тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат.
11. Өз милдеттерин талаптагыдай аткарган ижарачы келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин башка шарттар бирдей болгондо жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүүгө башка жактардын алдында артыкчылыктуу укукка ээ болот. Ижарачы ижара келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө, ал эми эгерде келишимде мындай мөөнөт көрсөтүлбөсө - келишимдин колдонулушу аяктаганга чейин жөндүү мөөнөттө ушундай келишим түзүүгө ниети жөнүндө ижарага берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Ижарага берүүчү жаңы мөөнөткө жер тилкесинин ижара келишимин түзүүгө макулдугу же болбосо макул эместиги жөнүндө ижарага алуучуга 15 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
Жаңы мөөнөткө жер тилкесинин ижара келишимин түзүүдө келишимдин шарттары тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн. Эгерде ижарага берүүчү жаңы мөөнөткө келишим түзүүдөн ижарага алуучуга жазуу жүзүндө баш тартса, бирок аны менен келишимдин мөөнөтү аяктаган күндөн тартып бир жылдын ичинде башка жак менен ижара келишимин түзсө, ижарага алуучу өз тандоосу боюнча түзүлгөн келишим боюнча укуктарды жана милдеттерди өзүнө которууну, аны менен ижара келишим түзүүдөн баш тартуудан келтирилген чыгашалардын жана алынбай калган пайдаларынын ордун толтурууну же болбосо мындай чыгашалардын гана ордун толтурууну соттон талап кылууга укуктуу. Алынбай калган пайданы кошуп алганда, чыгашанын ордун толтуруу тиешелүү түзүлгөн келишимдин колдонуу мөөнөтүнө толук көлөмдө орду толтурулууга тийиш. Эгерде ижарага алуучу ижарага берүүчү тарабынан 15 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү каршы пикири болбогондо, келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин жер тилкесин пайдаланууну улантса, келишим мурдагы келишимде белгиленген тиешелүү мөөнөткө ошол эле шарттарда кайра жаңыртылды деп эсептелет.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 токтомуна)Положение · 09.10.2019 · № 535
- Курама айылдык кеңешинин “1”апрель 2026-жылдагы № 26 "Жер участогун ижарага берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.04.2026 · № 26
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-августундагы N 625-т (Жер тилкесин пайдаланууга берүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 14.08.2026 · № 625-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июну № 429 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 269 «Индустриялык парктар…Постановление · 18.06.2026 · № 429
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-августундагы № 572 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-июнундагы № 326 "Улуттук…Постановление · 24.08.2026 · № 572
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029465/st-28" title="28-берене - Кыргыз Республикасынын Жер кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>