15-берене. Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы · 1-глава
1. Айыл чарба жерлерин жерлердин бир категориясынан жерлердин башка категорияларына же айыл чарба жана токой чарба өндүрүшү менен байланышпаган жерлердин түрлөрүнө которууда (трансформациялоодо) жаңы жер пайдалануучулар жана менчик ээлери тарабынан жоготуулардын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасы төлөнөт.
Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу максатында алардын ченемдери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Жеке менчикте турган айыл чарба жерлеринин түрлөрүн жерлердин айыл чарба эмес багытындагы жерлердин башка категориясына которууда менчик ээси жоготуулардын ордун толтурууну ушул Кодекстин 16-беренесинин талаптарын эске алуу менен төлөйт.
3. Айыл чарба жоготууларынын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар республикалык бюджетке түшөт, токой чарбасындагы жоготуулардын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар аймактык ыйгарым укуктуу органдын атайын эсебине чегерилет жана жаратылышты коргоо иш-чараларына багытталат, алынбай калган пайданын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар жергиликтүү бюджетке түшөт.
Айыл чарба жана токой чарба жоготууларынын, алынбай калган пайданын ордун толтуруудан түшкөн каражаттарды пайдалануунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизилген улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жана берүү айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтурууну төлөбөстөн жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 257-т (2025-жылдын 2-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен " Орта…Распоряжение · 16.04.2026 · № 257-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-октябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 471 "Кыргыз…Постановление · 15.10.2025 · № 670
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 180 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 561 «Бишкек шаарынын…Постановление · 16.03.2026 · № 180
- КР Министрлер Кабинетинин 15.10.2025-ж. №670 токтомуПостановление · 15.10.2025 · № 670
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029465/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасынын Жер кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>