Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен « Орта Азия Инвестмент Холдинг « ААК ортосундагы Казарман ГЭСин каскадын долбоорлоо, куруу, пайдалануу жана тейлөө боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында жер участогун берүү жөнүндө «) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 16-апрели № 257-т
2025-жылдын 2-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Орто Азия Инвестициялык Холдинги» ачык акционердик коомунун ортосундагы Гидроэлектростанцияларды куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 15, 18, 28, 30-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. «Орта Азия Инвестмент Холдинг» ачык акционердик коомуна (мурда – «Орто Азия Инвестициялык Холдинги» ачык акционердик коому) мобилизациялык шаарчаны жана административдик имараттарды куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 1028 контурдагы «Кара-Булуң» участогунда жайгашкан, аянты 23 (жыйырма үч) гектар болгон, мамлекеттик менчикте турган, «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына кирген жер тилкеси 2025-жылдын 2-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Орто Азия Инвестициялык Холдинги» ачык акционердик коомунун ортосундагы Гидроэлектростанцияларды куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык узартуу укугу менен 6 (алты) жылдык мөөнөткө акысыз мөөнөттүү пайдаланууга берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесине укукту белгиленген тартипте мамлекеттик каттоону жүргүзсүн.
3. Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык «Орта Азия Инвестмент Холдинг» ачык акционердик коому менен ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин акысыз мөөнөттүү пайдалануу келишимин түзүүнү, анын ичинде ага пайдалануу шарттары сакталбаган учурда аны бузуу жөнүндө жоболорду киргизүү менен камсыз кылсын.
4. «Орта Азия Инвестмент Холдинг» ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
2) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин андан ары ээликтен ажыратпоо.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон