«Мамлекеттик менчикте турган жана Бишкек шаарынын мэриясына акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген суу фондунун жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (Тиркеме Бишкек шаарынын мэриясынын токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 10- июлундагы № 169 токтомуна тиркеме
Мамлекеттик менчикте турган жана Бишкек шаарынын мэриясына акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген суу фондунун жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик менчикте турган жана Бишкек шаарынын мэриясына акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген суу фондунун жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, «Борбордун статусу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-февралындагы №79 «Бишкек шаарынын чектериндеги суу фондунун жер участокторун пайдалануу маселелери жөнүндө» токтомуна жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2..Ушул Жобо Мамлекеттик менчикте турган жана Бишкек шаарынын мэриясына акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген төмөнкү суу объекттеринин жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүү тартибин жана шарттарын аныктайт:
- Ала-Арча суусу - Семетей көчөсүнөн У.Жапаров көчөсүнө чейин;
- Аламүдүн суусу - Жогорку Көк-Жар көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейин;
- Чыгыш Чоң Чүй канал - Ауэзов көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейин;
- Түштүк Чоң Чүй каналы - Ауэзов көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейин;
- Чоң Чүй каналы - Курманжан Датка көчөсүнөн Ю.Фучик көчөсүнө чейин;
- Кичи Чүй каналы - Алма-Ата көчөсүнөн Архитекторлор көчөсүнө чейин.
2. Терминдер жана түшүнүктөр
3. Жободо колдонулган түшүнүктөр жана терминдер:
суу объекттеринин жерлерин ижаралоо - менчик ээси (ижарага берүүчү) тарабынан суу объекттеринин жер участогун ижарачыга пайдалануу укугу менен тийиштүү акыга белгилүү бир мезгилге берүүсү же өткөрүп берүүсү; ижарага берүүчү - суу объекттеринин жер участокторун башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктар берилген Бишкек шаарынын мэриясынын бөлүмү; ижарачы - ушул Жобо тарабынан белгиленген тартипте суу объекттеринин жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу бериле турган жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар; суу объекттери - дарыяларды кичине булактарды, булактарды, көлдөрдү, саздак, мөңгү жана кар күрткөлөрүн кошо алганда жер үстүндө жана жер астында топтолгон бардык суулар; суу фондусу - бардык суу объекттеринин, суу ресурстарынын жана суу фондунун жерлерин кошо алганда суу чарба курулмаларынын жыйындысы; башкы план - шаардын аймактарын өнүктүрүүнү келечектүү шаар куруу багытында пландоо жөнүндө шаар куруу документтери; шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлору, башкы пландар, деталдык пландоо долбоорлору, чек салуу, кварталдарды куруу, шаар куруу түйүндөрүнүн жана шаардын пландоо түзүмүнүн башка элементтеринин долбоорлору; шаар куруу корутундусу - жер участогунун параметрлери (мүнөздөмөсү), жер участогун берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө, аймакты пландоо, жер участогунун максатынын, функционалдык арналышынын өзгөрүшү же жер участокторунун чек араларынын (конфигурация) өзгөрүшү тууралуу маалыматтарды камтыган шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын техникалык документи; шаар куруу регламенти - шаар куруу документтери тарабынан белгиленген жер участокторун жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин пайдалануунун уруксат берилген параметрлеринин жана түрлөрүнүн жыйындысы; суу фондунун жерлери - суу көлмөлөрү (дарыялар, көлдөр, суу сактагычтар, каналдар, дрендер), мөңгүлөр, саздар, гидротехникалык жана башка суу чарба курулмалары ээлеген жерлер, ошондой эле аларга тилке болуп бөлүнгөн жерлер; капиталдык эмес курулуштар, курулмалар - жер менен бекем байланышы болбогон жана конструкциялык мүнөздөмөлөрү арналышына ченемсиз зыян келтирбестен жана негизги параметрлерин өзгөртпөстөн аларды жылдырууга жана (же) демонтаждоого жана кийин жыйноого мүмкүндүк берген жеңилдетилген типтеги курулуштар, курулмалар, анын ичинде күркөлөр, бастырмалар, заводдук жабдуунун модулдук имараттары, бетондук-аралашма жана асфальтбетондук орнотмолор, аттракциондор жана ушул сыяктуу кыймылсыз мүлк болуп эсептелбеген башка объекттер; сервитут - менчикте же башка адамдын пайдалануусунда турган жер участогун чектелген максатта пайдаланууга жактардын укугу; жер участогунун баштапкы наркы - аукцион баштала турган жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунун баштапкы баасы; ыйгарым укуктуу орган – жер участокторун башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктар берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү; архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган - архитектура жана курулуш чөйрөсүндө ыйгарым укуктар берилген аймактык орган; жер участогун түзүү - Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана жер мыйзамдарына, ошондой эле шаар куруу документтерине ылайык, чектерди аныктоого, максаттуу, функционалдык дайындалышын белгилөөгө, анын ичинде жер участогу жөнүндө тийиштүү маалыматтарды камтыган документтерди даярдоого багытталган уюштуруу аракеттердин жана иштердин комплекси; жерлердин максаттуу багыты - жер участокторун жер участогуна болгон укук күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу.
3. Суу фондунун жер участокторуна укуктарды берүүнүн негизги шарттары
4. Ушул Жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн суу объекттеринин жер участоктору (мындан ары – суу фондунун жер участоктору), Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аныкталган калктын тиричилик, ден соолукту чыңдоо жана башка муктаждыктарын канааттандырууну камсыздоочу капиталдык эмес курулмаларды жана курулуштарды көрктөндүрүү, күтүү, орнотуу жана эксплуатациялоо үчүн жер участогуна ижара келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукцион уюштуруу жана өткөрүү жолу менен жеке жана юридикалык жактарга ижара шартында 5 (беш) жылга чейинки мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши мүмкүн.
5. Суу фондунун жер участокторунда капиталдык эмес курулмаларды жана курулуштарды тургузууга уруксат берилиши мүмкүн.
6. Суу фондунун жер участокторун пайдалануу, анын ичинде капиталдык эмес курулмаларды жана курулуштарды тургузуу жер, суу, шаар куруу, жаратылышты коргоо, тарыхый-маданий мыйзамдардын жана автомобиль жолдорун башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын так сактоо менен жүзөгө ашырылат.
4. Арыздарды берүү тартиби
7. Суу фондунун жер участокторун түзүү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын арыздарынын негизинде архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Жеке жана юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга арыз беришет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) арыз ээси жөнүндө маалыматтар (аны бирдей идентификациялоо үчүн зарыл маалыматтар, атап айтканда: ким экендигин ырастоочу документтин реквизиттери, катталган жери жөнүндө маалымат; жеке жактар үчүн - катталган жери же анык турган жери, юридикалык жактар үчүн - юридикалык жакты мамлекеттик каттоонун дареги жана анык турган жери, байланыш телефон номерлери, арыз ээсинин атынан өкүл кайрылган учурда ишеним каттын реквизиттери. Юридикалык жактар үчүн ал чет өлкөлүк болуп санала тургандыгы кошумча көрсөтүлөт);
2) ниеттердин баяндамасы, участоктун аянты жана турган жери.
9. Арызга төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрү тиркелет:
1) жер участогуна укукту белгилеген жана укукту күбөлөндүргөн документтердин (алар болгон учурда);
2) арыз ээсинин өздүгүн тастыктаган документтин, эгерде юридикалык жак арыз ээси катары чыкса, уюштуруу документтеринин.
10. Суу фондунун конкреттүү жер участогу жөнүндө маалымат жок болгон учурда арыз ээси алгылыктуу деп эсептеген жайгашкан жерин көрсөтөт, ал боюнча жер участогун тандоо жана түзүү жүзөгө ашырылат.
11. Ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине арыз кабыл алынгандыгын тастыктаган документ берет, келип түшкөн арызды чектөөлөрдүн бар экендиги боюнча текшерип чыгат (Бишкек шаардык кеңешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдери, укук коргоо жана сот органдарынын актылары).
12. Ыйгарым укуктуу орган:
- каралып жаткан арыз ушул Жобонун 11-пунктунун талаптарына шайкеш келбегендиги белгиленген учурда, арыз катталган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде арыз ээсине негизделген баш тартуу жөнөтөт;
- каралып жаткан арыз ушул Жобонун 11-пунктунун талаптарына шайкеш келгендиги белгиленген учурда, арыз катталган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде жер участогун түзүү жөнүндө тиркелген материалдар менен арыз архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
5. Суу фондунун жер участокторун түзүү тартиби
13. Суу фондунун жер участокторун түзүү архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат, ал ушул Жобонун 12-пунктуна ылайык түшкөн арызды суралып жаткан суу фондунун жер участогу боюнча билдирилген ниеттери ушул Жобонун 11-пунктунун талаптарына шайкеш келишин карайт.
Суралып жаткан суу фондунун жер участогу боюнча билдирилген ниеттери ушул Жобонун 11-пунктунун талаптарына шайкеш келбеген учурда архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган арыз катталган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга негиздүү баш тартууну жөнөтөт.
14. Суралып жаткан суу фондунун жер участогу боюнча билдирилген ниеттери шаар куруу документтерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүсү жана ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөлөрдүн жок экендиги белгиленсе, архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган 10 (он) жумуш күндүн ичинде суу фондунун жер участогу жана шаар курууну жөнгө салуу сызыктары боюнча өткөн инженердик-техникалык тарамдардын учурдагы трассалары түшүрүлгөн 1:500 масштабындагы топографиялык планды аткарат, анын негизинде 3 (үч) жумуш күндүн ичинде суу фондунун жер участогунун схемасын даярдайт; анда суу фондунун жер участогунун чек аралары, бурчтук чекиттердин координаттарын көрсөтүү же учурдагы кыймылсыз мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге участоктун чек араларын байланыштыруу менен түшүрүлөт.
15. Суу фондунун жер участогунун чиймеси даярдалган күндүн кийинки күнүнөн кечиктирбестен архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган бир эле мезгилде суу фондунун жер участогунун схемасынын көчүрмөсү менен суроо-талаптарды төмөнкүлөргө милдеттүү түрдө жөнөтөт:
1) суу фондунун жер участогунун чек араларын, ушул суу фондунун жер участогуна үчүнчү жактардын укуктарынын, чектөөлөрдүн бар экендигин тактоо жана суу фондунун жер участогунун схемасын макулдашуу үчүн жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга;
2) суу фондунун жер участогун берүүгө мүмкүн же мүмкүн эместиги жөнүндө корутундуларды алуу үчүн экологиялык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органга;
3) суу фондунун потенциалдуу коркунучтуу жер участогунун бар экендиги же жок экендиги жөнүндө жана берилген жазма эскертүүлөр, корутундулар жөнүндө маалымат алуу үчүн Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органга;
4) суу фондунун жер участогун берүүгө мүмкүн же мүмкүн эместиги жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларына;
5) корутунду жана макулдашууну алуу үчүн электр, суу жабдуу жана канализация, жылуулук жана газ менен жабдууну камсыздаган инженердик-техникалык кызматтарга (инженердик коммуникациялар ал райондо инженердик коммуникацияларды өнүктүрүү пландалып жаткандыгы, пландалган инженердик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларды ишке киргизүүнүн мөөнөтү тууралуу маалыматтар болгон учурда);
6) оң корутундуларды алуу үчүн санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлүнүн ыйгарым укуктуу органдарына (суу фондунун жер участогу санитардык-коргоо зонасында, ошондой эле өрт чыгуу жана жарылуу коркунучунун зонасында болгон учурда);
7) макулдашууларды алуу үчүн эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарга, (суу фондунун жер участогу эстеликтерди коргоо зонасында болгон учурда);
8) бак-дарактарды пайдалануу, анын ичинде аларды кыюу жана которуштуруу шарттары тууралуу маселелерди чечүү жана компенсацияларды төлөө үчүн бак-дарактарды күтүү жана сактоо боюнча ыйгарым укуктуу органга (Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган суу фондунун жер участогунда бак-дарактар болгон учурда);
9) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча аймактык бөлүмгө (суу фондунун жер участогу жолдордун боюнда жана көрүнүү үч бурчтугунун чегинде болгон учурда).
16. Ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар суроо-талап катталган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга суу фондунун жер участогун берүүгө макулдугу жөнүндө корутунду же бул жер участогун берүүгө мүмкүн болбогон учурда же ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөлөр бар болгон учурда негизделген баш тартууну жөнөтүүгө милдеттүү. Негизделген баш тартуу келип түшкөн учурда архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган суу фондунун жер участогун түзүү боюнча иштерди токтотот жана бул жөнүндө ыйгарым укуктуу органды кабардар кылат.
17. Ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардын корутундуларында суу фондунун жер участогун берүү мүмкүндүгү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда тийиштүү чөйрөдөгү мыйзамдарды сактоо боюнча шарттар, чектөөлөр жана талаптар көрсөтүлөт.
18. Ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар тарабынан 5 (беш) жумуш күндүн ичинде корутундулар жана макулдашуулар берилбеген учурда, архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган корутундулардын, макулдашуулардын берүү мөөнөтү бузулгандыгы жөнүндө акт түзөт жана ыйгарым укуктуу органды кабарлоо менен суу фондунун жер участогун түзүү боюнча иштерди токтотот.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан корутундулар жана макулдашуулар берилбегендиги жөнүндө билдирүүлөр 1 календардык жылдын ичинде 3төн (үчтөн) көп жолу түшкөн учурда ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органдын жетекчисин тартиптик жоопкерчиликке тартууга багытталган чара көрүү жөнүндө маселени демилгелөөгө укуктуу.
19. Архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган алынган оң материалдардын негизинде 7 (жети) жумуш күндүн ичинде суу фондунун жер участогуна карата белгиленген формадагы шаар куруу кортундусун 3 (үч) нускада түзөт, архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга, ыйгарым укуктуу органга жана арыз ээсине бирден нуска берилет, анда төмөнкүлөр камтылат:
1) 1:500 жана 1:2000 масштабдагы топографиялык планда аткарылган суу фондунун жер участогунун чиймеси түрүндөгү графикалык материал, ага төмөнкүлөр түшүрүлөт:
- бурчтук чекиттердин координаттары көрсөтүлгөн жана участоктун чек араларын учурдагы кыймылсыз мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байланыштыруу менен суу фондунун жер участогунун чек аралары;
- инженердик-техникалык тармактар өткөн трассалардын долбоорлору жана аларга туташуу чекиттери, ошондой эле курулуш зонасына туш келген инженердик коммуникациялар жылдырылуучу трассалар;
- шаар курууну жөнгө салуу сызыктары;
- санитардык коргоонун суу коргоо, санитардык-коргоо зоналарынын чектери;
- суу фондунун жер участогуна кирүү жолдорун куруу жана өтмөктөрдү уюштуруу.
2) тексттик материалда төмөнкүлөр камтылат:
- суу фондунун жер участогунпайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду;
- суу фондунун жер участогунун параметрлери (мүнөздөмөсү), анын ичинде сейсмикалуулук жана кооптуу инженердик-геологиялык жана техногендик процесстердин бар экендиги жөнүндө маалыматтар;
- суралган суу фондунун жер участогу боюнча билдирилген ниеттеринин шаар куруу документтерине, суу фондунун жер участогунун функционалдык багытына шайкеш келүүсү жөнүндө маалыматтар;
- кошумча шаар куруу регламенттери: жер пайдалануунун жана куруунун санитардык, суу коргоо, экологиялык жана башка шарттары боюнча; тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо шарттары боюнча.
3) суу фондунун жер участогунунжайгашкан жерине жана объекттин функционалдык багытталышына жараша төмөнкүдөй кошумча талаптар белгилениши мүмкүн:
- көрктөндүрүү;
- автотоктотмо жайларын жана участокко өтүү жолун уюштуруу;
- курулуш аянтчасынан инженердик-техникалык коммуникацияларды (жеке менчикте тургандарды кошпогондо) чыгаруу.
20. Шаар куруу корутундусуна тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундулары жана макулдашуулары милдеттүү түрдө тиркелет.
21. Шаар куруу корутундусуна архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси кол тамга коёт. Жетекчинин кол тамгасы архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын мөөрү менен тастыкталат. Шаар куруу корутундусу ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт. Шаар куруу корутундусу катталган күндөн тартып, 2 (эки) жыл аралыгында колдонулат. Шаар куруу корутундусунун колдонуу мөөнөтү архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан узартылышы мүмкүн.
22. Шаар куруу корутундусун даярдоонун жана ыйгарым укуктуу органга жөнөтүүнүн жалпы мөөнөтү ыйгарым укуктуу органдын арызы келип түшкөн күндөн тартып 35 (отуз беш) жумуш күнүн түзөт.
23. Оң шаар куруу корутундусунун негизинде ыйгарым укуктуу орган 10 (он) жумуш күндүн ичинде материалдарды Бишкек шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын кароосуна жөнөтөт.
24. Эгерде суу фондунун жер участогу ушул Жобого ылайык түзүлбөсө, суу фондунун жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүгө жол берилбейт.
25. Суу фондунун жер участогу тарыхый жана маданий мурастын зонасында жайгашкан учурда, шаар куруу корутундусун алган күндөн тартып 1(бир) айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобо тарабынан белгиленген тартипте коомдук угуулар өткөрүлөт.
6. Арыздарды кароо
26. Суу фондунун жер участогун ижара шартында 5 (беш) жылга чейинки мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүгө тийиштүү маселелер Бишкек шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча Комиссия (мындан ары – Комиссия) тарабынан кароого жатат, анын иш-аракети Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 токтому менен бекитилген Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо) регламенттелген.
27. Суу фондунун жер участогуна ижара келишимин түзүү укугуна аукционду уюштуруу жана өткөрүү Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 142 токтому менен бекитилген Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобо менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
28. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ижара келишиминин негизинде жеке жана юридикалык жакка мурда берилген суу фондунун жер участогуна мөөнөтү өтүп кеткен ижара укугу, Комиссиянын чечими менен суу фондунун жер участогун жер, суу, шаар куруу, жаратылышты коргоо, тарыхый-маданий мыйзамдардын жана автомобиль жолдорун башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптары ижарачы тарабынан так сакталган шартта 5 (беш) жылга чейинки мөөнөткө ошол эле жеке, юридикалык жакка бирдей шартта тоорук өткөрүүсүз берилиши мүмкүн.
Башка бирдей шарттарда мындай ижарачы жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүүдө башка жактар алдында артыкча укукка ээ жана ижара келишими тарабынан белгиленген мөөнөттө, эгерде мындай мөөнөт каралбаган болсо, келишимдин колдонулушу аяктаганга чейин алгылыктуу мөөнөттө жаңы келишимди түзүүнү каалагандыгы жөнүндө ижара берүүчүнү кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү. Ижара берүүчү 15 (он беш) календардык күндүн ичинде жаңы келишимди түзүүгө макулдугу же баш тарткандыгы жөнүндө ижарачыны кат жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
29. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен жеке же юридикалык жактар ортосунда түзүлгөн, колдонуу мөөнөтү бүтө элек суу фондунун жер участогуна ижара келишими бар болгон учурда, суу фондунун жер участогун жер, суу, шаар куруу, жаратылышты коргоо, тарыхый-маданий мыйзамдардын жана автомобиль жолдорун башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына так ылайык пайдаланган шартта Комиссиянын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан ижара келишими калган мөөнөткө кайра түзүлөт.
30. Комиссия келишимдин шарттары, мыйзамдардын талаптары бузулган, жалган маалыматтар берилген учурда, жер участогун мамлекеттик же коомдук муктаждыктар үчүн колдонуу зарылчылыгы пайда болгондо, ошондой эле айлана-чөйрөгө, тарыхый-маданий мурастарга же инфратүзүмгө зыян келтирүү коркунучун түзүүчү себептер белгиленген учурда келишимди кайра түзүүдөн баш тартуу же аны жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.
31. Ушул Жобонун 28, 29-пункттары тарабынан каралган учурларда, ижара төлөмдөрүн эсептөө Ушул Жобонун 34-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат.
32. Ыйгарым укуктуу орган Комиссиянын чечиминин негизинде 10 (он) күндүн ичинде:
- маселе оң каралган учурда жер участогун ижаралоо келишимин түзүү жолу менен суу фондунун жер участогун пайдалануу укугун берет же узартат;
- Комиссия тарабынан терс чечим кабыл алынган учурда ыйгарым укуктуу орган 3 (үч) жумуш күндүн ичинде арыз ээсине кат жүзүндө кабар жөнөтөт.
7. Ижара төлөмдөрүн эсептөө тартиби
33. Суу фондунун жер участогун ижара шартында аукцион аркылуу мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүдө жер участогун ижаралоо укугунун баштапкы наркы Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык белгиленет.
34. Ижара келишими тоорук өткөрүүсүз түзүлгөн жана ушул Жобонун 29, 31-пункттарына ылайык ижара келишими кайра түзүлгөн учурда ижара акысынын өлчөмү Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык Комиссия тарабынан белгиленет.
35. Ижара акысы ижарага алуучу тарабынан жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын укук ырастоочу документтери алынган күндөн тартып төлөнөт.
36. Ижара акысы өз убагында төлөнбөгөн учурда ыйгарым укуктуу орган тарабынан ижарага берүү келишиминде белгиленген айыптык санкциялар (туумдар) колдонулат. Ыйгарым укуктуу органдын алдын ала билдирүүсү боюнча инженердик-техникалык коммуникацияларды пайдалануу укугун чектөө боюнча чаралар көрүлүшү мүмкүн.
37. Суу фондунун жер участокторун ижарага берүүдө Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №141 «Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому тарабынан бекитилген ижара келишиминин формасы колдонулат.
8. Контроль жана жоопкерчилик
38. Келишимдин шарттарынын сакталышын контролдоону Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органдары жүзөгө ашырат.
39. Келишимдин шарттары бузулган, суу фондунун жер участогун максаттык дайындалышы боюнча пайдаланбаган, жер, суу, шаар куруу, жаратылышты коргоо, тарыхый-маданий мыйзамдардын жана автомобиль жолдорун башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузуу менен пайдаланган учурда ижарачылар жарандык-укуктук, административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартышат.
Келишимдин шарттарын аткарбагандыктын же талаптагыдай аткарбагандыктын натыйжасында зыян келтирилген учурда ижарачы материалдык зыяндын ордун толтурууга милдеттүү. Административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу күнөөлүү жакты келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдетинен бошотпойт.
40. Ижарачылар тарабынан келишимдин шарттары, жер, суу, шаар куруу, жаратылышты коргоо, тарыхый-маданий мыйзамдардын жана автомобиль жолдорун башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптары 3 (үч) жолудан көп системалуу бузулган учурда суу фондунун жер участогун ижаралоо келишими мөөнөтүнөн мурда бир тараптуу бузулушу мүмкүн, ошондой эле зарыл болгон учурда мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктар үчүн жер участогу кайтарып алынышы мүмкүн.
9. Акча каражаттарын бөлүштүрүү
41. Суу фондунун жер участокторуна ижара укугун берүүдөн түшкөн каражаттар жергиликтүү бюджетке түшөт.
42. Каражаттардын түшүүсүн контролдоо Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
10. Корутунду жоболор
43. Ыйгарым укуктуу органдардын Бишкек шаарынын аймагында суу фондунун жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүгө тиешелүү чечимдери административдик иш-аракеттер жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.
Мэрдин орун басары
Ж.С. Ырсалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө…Постановление · 23.09.2011 · № 571
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 142 "Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 29.03.2019 · № 142
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 79 "Бишкек шаарынын чектериндеги суу фондунун жер участокторун пайдалануу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2025 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексиКодекс · 27.06.2025 · № 128
- Бишкек Шаарынын Мэриясынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 169 "Мамлекеттик менчикте турган жана Бишкек шаарынын мэриясына акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген суу фондунун…Постановление · 10.07.2025 · № 169
- Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 "Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 14.01.2020 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон