Бишкек Шаарынын Мэриясынын «Мамлекеттик менчикте турган жана Бишкек шаарынын мэриясына акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген суу фондунун жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-июлу № 169
Мамлекеттик менчикте турган жана Бишкек шаарынын мэриясына акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген суу фондунун жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Мамлекеттик менчикте турган жана Бишкек шаарынын мэриясына акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген суу фондунун жер участокторун натыйжалуу башкаруу жана пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 79 «Бишкек шаарынын чектериндеги суу фондунун жер участокторун пайдалануу маселелери жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44 – беренесине ылайык, токтом кылам:
1. Мамлекеттик менчикте турган жана Бишкек шаарынын мэриясына акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген суу фондунун жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык менчик башкармалыгы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү ушул токтомду Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында жарыяласын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Мэрдин биринчи орун басары, мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу
М.К. Байгончоков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 79 "Бишкек шаарынын чектериндеги суу фондунун жер участокторун пайдалануу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2025 · № 79