“Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына 1-тиркеме)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 28 мая 2026 года № 186 "О вопросах уполномоченного органа по реализации политики и регулированию в сфере виртуальных активов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-05-28.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Президентинин 2026-жылдын 28-майындагы № 186 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 208 Жарлыгы менен бекитилген
“Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемеси жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 25-августундагы ПЖ № 245 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1 - глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемесинин (мындан ары – Кеңештин катчылыгы) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, максаттарын, милдеттерин, функцияларын, түзүмүн жана иштөө тартибин аныктайт.
2. Катчылык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин (мындан ары – Кеңеш) аткаруу органы болуп саналат.
3. Кеңештин катчылыгы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кеңештин катчылыгы юридикалык жактын статусуна ээ, өз алдынча балансы жана сметасы, фирмалык аталышы, банктык жана башка финансылык мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, бланктары жана башка штамптары бар.
5. Кеңештин катчылыгынын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемеси”;
- расмий тилде: “Государственное учреждение “Секретариат Национального совета по развитию сферы виртуальных активов и блокчейн-технологий при Президенте Кыргызской Республики”;
- англис тилинде: “State institution “The Secretariat of the National Council for the Development of Virtual Assets and Blockchain Technologies under the President of the Kyrgyz Republic”.
2 - глава. Кеңештин катчылыгынын функциялары
5. Кеңештин катчылыгы төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу, анын ичинде жыйналыштарды даярдоо жана өткөрүү, күн тартибин жана чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу, ошондой эле протоколдорду жүргүзүү;
2) кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоо жана мамлекеттик органдар, уюмдар жана башка кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо;
3) Кеңештин мүчөлөрү, профилдик мамлекеттик органдар, ишкер чөйрөлөр жана эксперттик коомчулук менен өз ара аракеттенүү;
4) Кыргыз Республикасында виртуалдык активдер чөйрөсүн жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды, демилгелерди жана долбоорлорду Кеңештин кароосуна киргизүү;
5) Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер жана блокчейн- технологиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
6) виртуалдык активдер, криптоэкосистема жана блокчейн- технологиялар чөйрөсүндө иш жүргүзгөн чет өлкөлүк кеңештер, эл аралык уюмдар жана компаниялар менен кызматташууну өнүктүрүү;
7) Кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын, ошондой эле Кеңештин катчылыгынын функцияларын ишке ашыруу үчүн жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар менен макулдашууларды жана келишимдерди түзүү;
8) Кыргыз Республикасында виртуалдык активдер жана блокчейн- технологиялар чөйрөсүндө инновациялык санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга көмөктөшүү;
9) жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүү, расмий сайтты жана социалдык тармактардагы аккаунттарды жүргүзүү;
10) Кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын, ошондой эле Кеңештин катчылыгынын функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан белгиленген тартипте суроо жана алуу;
11) Кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын ишке ашыруу үчүн жумушчу топторду жана ведомстволор аралык комиссияларды түзүү;
12) Кеңештин катчылыгынын ишине виртуалдык активдер, криптобиржалар жана блокчейн-технологиялар боюнча адистештирилген эксперттерди жана консультанттарды тартуу;
13) ички иш кагаздарын жүргүзүү, анын ичинде Кеңештин иши менен байланышкан протоколдорду, чечимдерди жана башка документтерди түзүү жана сактоо;
14) Кеңештин төрагасынын жана Кеңештин төрагасынын орун басарынын тапшырмаларын ишке ашыруунун алкагында башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
3 - глава. Кеңештин катчылыгынын түзүмү жана жетекчилиги
7. Кеңештин катчылыгын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу жетекчи башкарат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 25-августундагы ПЖ № 245 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
8. Жетекчи:
1) Кеңештин катчылыгынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана жүктөлгөн функциялардын жана милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
2) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана эл аралык иш-чараларда Кеңештин катчылыгынын атынан чыгат;
3) Кеңештин чечимдерин жана Катчылыктын функцияларын ишке ашыруу үчүн Кеңештин катчылыгынын атынан жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк өнөктөштөр жана компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү, жолугушууларды өткөрөт, макулдашууларды жана келишимдерди түзөт;
4) аналитикалык, техникалык жана долбоордук колдоо үчүн консультанттарды жана эксперттерди Кеңештин катчылыгынын ишине тартат.
9. Кеңештин катчылыгында жетекчинин орун басарынын кызмат орду каралган, ал жетекчинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 25-августундагы ПЖ № 245 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
10. Жетекчи жана жетекчинин орун басары саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлейт. Кеңештин катчылыгынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбейт.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 25-августундагы ПЖ № 245 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
11. Кеңештин катчылыгынын кызматкерлерин ишке кабыл алуу, которуу жана жылдыруу тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Кеңештин катчылыгы тарабынан аныкталат.
4 - глава. Кеңештин катчылыгын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
12. Кеңештин катчылыгынын иши республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен каржыланат.
13. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өнөктөш мекемелер жана компаниялар менен кызматташуунун алкагында максаттуу гранттардын, техникалык жана демөөрчүлүк жардамдардын эсебинен Кеңештин катчылыгынын айрым программаларын, долбоорлорун жана иш-чараларын каржылоого жол берилет.
14. Кеңештин катчылыгы иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык жүргүзөт.
15. Кеңештин катчылыгынын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер Кыргыз Республикасынын архив иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
5 - глава. Корутунду жоболор
16. Кеңештин катчылыгын жоюу же кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марты № 120 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2020 · № 120
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-майындагы № 186 «Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым…Указ · 28.05.2026 · № 186
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 16-июлундагы ПЖ № 208 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн…Указ · 16.07.2025 · № 208 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.