7-берене. Ыкчам-иликтөө иш-чаралары
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 2-глава
1. Ыкчам-иликтөө иш-чаралары жарандардын конституциялык укуктарын чектебөөчү жана атайын тергөө аракеттери боюнча жүргүзүлүүчү болуп бөлүнөт.
2. Жарандардын конституциялык укуктарын чектебөөчү ыкчам-иликтөө иш-чаралары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жарандардан сурамжылоо;
2) сураштырып билүү;
3) инсанды окшоштуруу;
4) жашыруун ишканаларды жана уюмдарды түзүү;
5) ыкчам эксперимент;
6) ыкчам аныктоо;
7) маалыматты мыйзамсыз алуунун техникалык каражаттарын издөө;
8) телекоммуникациялык тарамдарда ыкчам издөө;
9) объекттерди санариптик таануу.
3. Атайын тергөө аракеттери боюнча жүргүзүлүүчү ыкчам-иликтөө иш-чаралары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) почталык-телеграфтык жөнөтүүлөргө камак салуу, аларды кароо жана (же) алып коюу (почта жөнөтүүлөрүн, телеграфтык жана башка билдирүүлөрдү контролдоо);
2) сүйлөшүүлөрдү тыңшоо (телефон жана башка сүйлөшүү түзүлүштөрү боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жаздыруу);
3) пайдалануучулардын жана (же) пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн ортосундагы туташуулар же пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жери жөнүндө маалыматты алуу;
4) компьютерлерден, серверлерден, телекоммуникациялык тарамдардан, ошондой эле башка түзүлмөлөрдөн маалыматтарды алуу;
5) адамдарды же жерлерди аудио-, видеоконтролдоо (видео, аудиотехниканы жана (же) атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен сүйлөшүүлөрдү жашыруун тыңшоо жана жаздыруу);
6) адамды же жерди байкоо (ыкчам байкоо);
7) адамдын ээлигиндеги же анын тескөөсүндөгү турак эмес жайларга же башка кыймылсыз мүлккө кирүү жана аны текшерүү (жайларды, имараттарды, курулуштарды, жергиликтүү участокторду текшерүү);
8) экспертиза жүргүзүү максатында салыштырма изилдөөлөр үчүн үлгүлөрдү алуу (салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү чогултуу);
9) кылмыштуу чөйрөгө киргизүү жана (же) кылмыштуу ишти имитациялоо (ыкчам киргизүү);
10) контролдонуучу берүүлөр (текшерүүчү берүүлөр);
11) контролдук сатып алуу (текшерүүчү сатып алуулар).
Ушул бөлүктө каралган ыкчам-иликтөө иш-чаралары Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө санарип технологиялык тутумдар, видео жана аудио жазуулар, кино жана фото тартуулар, ошондой эле инсандын өмүрүнө жана ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген башка техникалык каражаттар пайдаланылат. Маалыматтарды жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына ташып келүү жана анын чегинен тышкары ташып чыгуу, ошондой эле иштеп чыгуу, өндүрүү, сертификаттоо, эсепке алуу, эсептен чыгаруу, сатуу, сатып алуу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү тартипте жүзөгө ашырылат. Улуттук коопсуздук органдары маалыматтарды жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды борборлоштурулган эсепке алуунун жүргүзүлүшүн камсыз кылат. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруу процессинде маалыматтарды жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттардын түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
5. Маалыматтарды жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына ташып келүүнүн жана анын чегинен тышкары ташып чыгуунун, ошондой эле иштеп чыгуунун, өндүрүүнүн, сертификаттоонун, эсепке алуунун, эсептен чыгаруунун, сатуунун, сатып алуунун белгиленген эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
6. Ушул Мыйзамдын 14-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар тарабынан милдеттерди ишке ашыруу кызыкчылыгында телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен байланышкан ыкчам-иликтөө иш-чаралары техникалык жактан улуттук коопсуздук жана ички иштер органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.
Телекоммуникациялык тарамдарда атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүгө арналган санарип технологиялык тутумдардын, санарип ресурстарынын жана атайын техникалык каражаттардын ээси болуп улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат.
7. Телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен байланышкан атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө телекоммуникациялардын операторлору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) сервистерди пайдалануучулар жөнүндө маалыматты берүүгө;
2) өзүнүн телекоммуникациялык тарамдарында атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга;
3) өзүнүн дайындар базасына, санариптик технологиялык тутумдарына жана ресурстарына жеткиликтүүлүктү берүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка көмөк көрсөтүүгө.
8. Телекоммуникациялардын операторлору телекоммуникациялык тарамдарга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген, төмөнкүлөрдү камтыган талаптардын ишке ашырылышын камсыз кылат:
1) телекоммуникациялык тарамдарда атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө өз ара аракеттенүүнүн тартибин;
2) телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен байланышкан атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын камсыз кылууга карата техникалык талаптарды;
3) телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен байланышкан атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн дайындарды берүү түйүндөрүнө карата талаптарды.
9. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштуруу жана жүргүзүү тактикасы мамлекеттик сырларды түзөт. Атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуучу телекоммуникациялардын операторлору жана башка адамдар аталган иш-чараларды жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана тактикалык ыкмаларын ачыкка чыгарууга жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
10. Телекоммуникациялардын операторлорунун телекоммуникациялык тарамдарда атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон санариптик технологиялык тутумдар, санарип ресурстары жана атайын техникалык каражаттар менен камсыз кылууга байланышкан чыгымдары телекоммуникациялардын операторлорунун каражаттарынын эсебинен камсыз кылынат.
11. Өзгөчө абал режими киргизилген шартта же массалык башаламандыктар, куралдуу чыр-чатактар мезгилинде конкреттүү мобилдик түзүлмөгө карата телекоммуникациялык сервистерди көрсөтүү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн чечиминин негизинде убактылуу токтотулуп турушу мүмкүн. Мындай мобилдик түзүлмөгө телекоммуникациялык сервистерди берүүнү кайра улантуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин же телекоммуникациялык сервистерди көрсөтүүнү убактылуу токтотуп туруу жөнүндө чечимди кабыл алган ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн чечиминин негизинде уруксат берилет.
12. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуудагы жана ташылып келген мобилдик түзүлмөлөрдүн бардык эл аралык идентификаторлору мобилдик түзүлмөлөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте милдеттүү түрдө идентификацияланууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029331/st-7" title="7-берене - Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>