Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июля 2026 года № 119
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) "Тамчы" АФИАнын актысы - "Тамчы" АФИАнын аймагында субъекттердин, органдардын жана кызматкерлердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу "Тамчы" АФИАнын башкаруучу компаниясы тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук акт;
2) Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор (ТЧЭБ) - англис укуктук тутумунун ченемдеринин жана принциптеринин, ошондой эле мыкты эл аралык практикалардын негизинде ушул Мыйзамдын 14-беренесине ылайык талаш- тартыштарды чечүү үчүн түзүлгөн адистештирилген уюм;
3) Башкаруу боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) - мамлекеттин өкүлдөрүн жана инвесторлорду камтыган "Тамчы" АФИАнын жогорку жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу органы;
4) башкаруучу компания - "Тамчы" АФИАны натыйжалуу башкарууну жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн орган, ал "Тамчы" АФИАнын бардык субъекттеринин ишин координациялоону камсыз кылат, "Тамчы" АФИАны өнүктүрүүгө багытталган чечимдерди кабыл алат жана алардын аткарылышын контролдойт;
5) каттоочу - "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин реестрин түзүү, каттоо жана жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу орган;
6) "Тамчы" АФИАнын субъекттери - "Тамчы" АФИАда катталган жеке жана юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк жана башкаруучу компания тарабынан аныкталган тартипте "Тамчы" АФИАда ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияланган жактар;
7) финансылык жөнгө салуучу - виртуалдык активдерди кошуп алганда, финансылык чөйрөдөгү ишти жөнгө салуу менен байланышкан ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу орган;
8) инвестициялык резидент - башкаруучу компания тарабынан белгиленген талаптарга шайкеш келген инвестицияларды салууга, ишкердик иш жүргүзүүгө же экономикалык долбоорлорго катышууга байланыштуу "Тамчы" АФИАда атайын статус алган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
9) "Тамчы" АФИАнын адистештирилген реестри - "Тамчы" АФИА тарабынан дайындалган адамдардын реестри, аны жүргүзүүнүн тартиби "Тамчы" АФИАнын актылары менен аныкталат.
2. Ушул Мыйзамда, эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө аныкталбаган башка институттар, терминдер жана аныктамалар контекстте көрсөтүлбөсө, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кандай пайдаланылса, ошондой мааниде колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 июля 2026 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам Международного центра по разрешению споров в специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"Редакцияларды салыштыруу
22.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…чечүү боюнча эл аралык борбор (ТЧЭБ) - англис укуктук тутумунун алынып салынды: ченемдерин кошулду: ченемдеринин жана алынып салынды: принциптерин, кошулду: принциптеринин, ошондой эле алынып салынды: жалпы укук тутумунун башка юрисдикцияларын колдонуу менен кошулду: мыкты эл аралык практикалардын негизинде ушул Мыйзамдын 14-беренесине ылайык алынып салынды: талаш-тартыштарды кошулду: талаш- тартыштарды чечүү үчүн түзүлгөн адистештирилген уюм;
3) Башкаруу боюнча кеңеш … - "Тамчы" АФИАны натыйжалуу башкарууну жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн алынып салынды: башкаруу органы, кошулду: орган, ал "Тамчы" АФИАнын бардык субъекттеринин ишин координациялоону камсыз … ишти жөнгө салуу менен байланышкан ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу алынып салынды: башкаруу органы;
кошулду: орган;
8) инвестициялык резидент - башкаруучу компания тарабынан белгиленген … АФИАда атайын статус алган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок алынып салынды: адам.
кошулду: адам;
9) "Тамчы" АФИАнын адистештирилген реестри - "Тамчы" АФИА тарабынан дайындалган адамдардын реестри, аны жүргүзүүнүн тартиби "Тамчы" АФИАнын актылары менен аныкталат.
2. Ушул Мыйзамда, эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө аныкталбаган … мыйзамдарында кандай пайдаланылса, ошондой мааниде колдонулат.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029329/st-3" title="3-берене - Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>