15-берене. "Тамчы" АФИАнын актылары
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июля 2026 года № 119
1. Башкаруучу компания "Тамчы" АФИАнын тиешелүү максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон "Тамчы" АФИАнын актыларын ("Тамчы" АФИАнын актыларына өзгөртүүлөрдү жана "Тамчы" АФИАнын колдонуудагы актыларын жокко чыгаруу жөнүндө сунуштарды кошуп алганда) кабыл алат.
2. "Тамчы" АФИАнын актылары төмөнкү маселелер боюнча кабыл алынышы мүмкүн:
1) уюштуруу, каттоо, ишти жүзөгө ашыруу, ошондой эле "Тамчы" АФИАда түзүлүүчү же өз ишин жүзөгө ашыруучу субъекттердин статусу, "Тамчы" АФИАда юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле юридикалык жакты түзбөгөн уюмдардын ишкердик ишин жүргүзүү шарттары;
2) "Тамчы" АФИАда түзүлүүчү органдарды, ошондой эле башка органдарды түзүү, башкаруу, иштөө, алардын ыйгарым укуктары жана милдеттери;
3) банктык, финансылык, камсыздандыруу, брокердик ишти, анын ичинде виртуалдык активдер жана иштин башка түрлөрү чөйрөсүндөгү ишти, мындай ишти жүзөгө ашырууга укуктуу жактарга карата талаптарды белгилөөнү кошуп алганда, жүзөгө ашыруу;
4) ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн мамилелерге карата англис укуктук тутумунун ченемдерине жана принциптерине, ошондой эле мыкты эл аралык тажрыйбаларга тиешелүү;
5) "Тамчы" АФИАнын иши менен байланышкан башка маселелер.
3. "Тамчы" АФИАнын актылары "Тамчы" АФИАда, ошондой эле "Тамчы" АФИАнын бардык субъекттери үчүн милдеттүү күчкө ээ.
4. "Тамчы" АФИАнын актыларын иштеп чыгуу, ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу, каттоо, колдонууга киргизүү, жарыялоо, өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү, ошондой эле алардын колдонулушун токтотуу тартиби башкаруучу компания тарабынан аныкталат.
5. Башкаруучу компания "Тамчы" АФИАнын актыларын талашуу менен байланышкан бардык талаш-тартыштар боюнча жоопкер болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029329/st-15" title="15-берене - Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>