Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу ведомстволук мамлекеттик ишканалардын айрым маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-июлу № 398
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу ведомстволук мамлекеттик ишканалардын айрым маселелери жөнүндө
Айрым мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгүн укуктук жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92, 93, 94-статьяларына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Аскердик-көмөкчү чарба” мамлекеттик ишканасы ага Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Тамга” аскердик-көмөкчү чарбасы” мамлекеттик ишканасын кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Аскердик-көмөкчү чарба” мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Аскердик-көмөкчү чарба” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Тамга” аскердик-көмөкчү чарбасы” мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги белгиленген тартипте:
– кайра уюштурулуучу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Аскердик-көмөкчү чарба” мамлекеттик ишканасынын өткөрүп берүү актысын бекитсин;
– Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Аскердик-көмөкчү чарба” мамлекеттик ишканасын мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
– ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
26-январындагы № 48 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Аскердик-көмөкчү чарба” мамлекеттик ишкананын уставын бекитүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 “Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу мамлекеттик ишканалардын маселелери жөнүндө” токтомунун 4-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 30-ноябрындагы № 629 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин “Тамга” аскердик-көмөкчү чарбасы” мамлекеттик мекемесин кайра уюштуруу жөнүндө” токтому.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 8-июлундагы № 50 (3706) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары
Д.Дж. Амангельдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 "Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу мамлекеттик ишканалардын маселелери жөнүндө"…Постановление · 24.12.2021 · № 342
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик-көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасынын уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын…Устав · 04.07.2025 · № 398
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу ведомстволук мамлекеттик ишканалардын…Постановление · 17.02.2026 · № 109
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-январындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.01.2017 · № 48 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 629 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик…Постановление · 30.11.2023 · № 629 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасынын уставы (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 629…Устав · 30.11.2023 · № 629 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 "Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу мамлекеттик ишканалардын маселелери жөнүндө"…Постановление · 24.12.2021 · № 342
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-январындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.01.2017 · № 48 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 629 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик…Постановление · 30.11.2023 · № 629 · Күчүн жоготкон