Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин «Тамга» аскердик-көмөкчү чарбасы» мамлекеттик мекемесин кайра уюштуруу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 4 июля 2025 года № 398 «О некоторых вопросах подведомственных государственных предприятий при Министерстве обороны Кыргызской Республики»» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-04.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июлундагы № 398 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 30-ноябры № 629 Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик мекемесин кайра уюштуруу жөнүндө Башкаруу түзүмүн өркүндөтүү жана финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, иштин натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу жана контролдоо системасын күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-95-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасына өзгөртүп түзүү жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
- юридикалык жакты кайра уюштурууга байланыштуу өткөрүп берүү актысын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасын мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн;
- бул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.
4. Тиешелүү мамлекеттик органдар ушул токтомдон келип чыгуучу маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июлундагы № 398 «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу ведомстволук мамлекеттик ишканалардын айрым…Постановление · 04.07.2025 · № 398
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасынын уставы (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 629…Устав · 30.11.2023 · № 629 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июлундагы № 398 «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу ведомстволук мамлекеттик ишканалардын айрым…Постановление · 04.07.2025 · № 398
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15