Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
40-берене. Сууну пайдаланууга келишим боюнча сууну бөлүштүрүү
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 5-глава
1. Суу берүүгө келишимде кабарлоонун датасы аныкталууга тийиш, ага карата ар бир суу пайдалануучу кийинки жылдын ичинде пайдалануу үчүн пландалган суунун көлөмү жөнүндө, ошондой эле суу берүүнүн сунушталган графигин суу берүүчүгө кабарлоого тийиш.
2. Кабарлаган күндөн тартып төрт жуманын ичинде суу берүүчү колдо болгон гидрометеорологиялык маалыматтын негизинде төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) кийинки жылы ар бир ирригациялык тутумдагы же суу чарба курулмасындагы суунун болжолдонгон жалпы көлөмүн;
2) ар бир суу пайдалануучуга алардын кабарламаларында суралуучу көлөмдө сууну берүү мүмкүндүгүн.
3. Эгерде ирригациялык тутумдагы суунун ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык аныкталуучу болжолдонгон көлөмү бардык суу пайдалануучулардын суунун суралган көлөмүндөгү керектөөлөрүн канааттандыра алса, анда суу берүүчү ар бир суу пайдалануучу менен суу берүүнүн жана ал үчүн акы төлөөнүн графигин тиркөө аркылуу суу берүүгө келишим түзүүгө тийиш.
4. Эгерде ирригациялык тутумдагы суунун ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык аныкталуучу болжолдонгон көлөмү суу пайдалануучулар сураган суунун көлөмүн канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, анда суу берүүчү ар бир суу пайдалануучуга суу берүүнүн көлөмүн пропорциялуу негизде төмөндөтүүнү сунуштоого тийиш.
5. Сууну пайдалануучуларга суу берүүнүн көлөмүн төмөндөтүү болжолдонуп жаткандыгы жөнүндө кабарлагандан кийин суу берүүчү бир ирригациялык тутумдан же суу чарба курулмасынан суу алуучу ар бир суу пайдалануучу менен суу берүүнүн графигин макулдашууга тийиш.
6. Эгерде суу берүүгө келишим түзүлгөндөн кийин гидрометеорологиялык маалымат такталса жана бир эле ошол ирригациялык тутумдагы же суу чарба курулмасындагы суунун болжолдонгон жалпы көлөмү келишимдер боюнча берүүнүн суммалык көлөмүнө шайкеш келбесе, анда суу берүүчү ар бир суу пайдалануучу менен макулдашуу боюнча суу берүүнүн жапа ага акы төлөөнүн жаңы графигин тиркөө менен келишимге өзгөртүүлөрдү киргизет.
7. Эгерде келишим түзүүдө берилүүчү суунун көлөмүн төмөндөтүү каралса, анда берүүчү сууну ошол тутумдагы келишим ээлеринин ортосунда суу чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү нускамага ылайык пропорциялуу негизде бөлүштүрүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрели № 207 "Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.04.2024 · № 207
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 11-январы № 04-13/2 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба…Приказ · 10.01.2025 · № 04-13/2
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы №372 "Суу пайдалануучуларга мамлекеттик суу чарба системаларынан суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн 2011-жылга карата…Постановление · 06.07.2011 · № 372 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтунүн токтому 2008-жылдын 16-августу № 455 "Айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик суу чарба системаларынан сугат суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акынын…Постановление · 16.08.2008 · № 455 · Күчүн жоготкон
- 2017-жылдын 29-июнундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук…Постановление · 29.06.2017 · № 412 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрынын № 663"1999-жылга сугат суусун беруу боюнча кызмат кјрсјтіілјр ічін тарифтерди белгилјј жјніндј" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 18.09.2006 · № 663 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029009/st-40" title="40-берене - Кыргыз Республикасынын Суу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>