Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
22-берене. Улуттук суу стратегиясы
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы · 3-глава
1. Улуттук суу стратегиясынын долбоору суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жактыргандан кийин Президент тарабынан бекитилет.
2. Улуттук суу стратегиясы суу фондун өнүктүрүү, пайдалануу жана коргоо боюнча пландарды, программаларды, документтерди, чечимдерди же иш-аракеттерди иштеп чыгуунун негизги принциптерин жана жоболорун белгилейт.
3. Улуттук суу стратегиясы ушул берененин жоболоруна ылайык иштелип чыгат жана жок эле дегенде төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) суу объектилериндеги суу ресурстарынын санын жана сапатын жана алардын экономика секторлорунда пайдаланылышын;
2) суу боюнча мамилелерге тиешелүү экологиялык муктаждыктарды жана мамлекеттер аралык макулдашууларды эске алуу менен суунун пайдаланылбаган агымынын көлөмүн;
3) климаттын күтүлгөн өзгөрүүсүн эске алуу менен экономиканын ар бир сектору үчүн сууга болгон кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү керектөөлөрүн;
4) суу экономикасынын механизмдерин илгерилетүүнү;
5) институционалдык өзгөрүүлөрдү жана аны ишке ашыруу үчүн керектүү административдик чараларды;
6) сууну бөлүштүрүү боюнча талаптарды канааттандыруу үчүн заманбап технологияларды жана стратегияларды;
7) бассейндик пландарды эске алуу менен сууну бассейндер аралык бөлүштүрүүгө керектөөлөрдү жана мүмкүндүктөрдү.
4. Улуттук суу стратегиясы бекитилгенден кийин суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу анын принциптерин кеңири коомчулукка жеткирүүгө тийиш.
5. Бардык мамлекеттик органдар өз милдеттерин аткарууда Улуттук суу стратегиясын ушул Кодекске ылайык ишке ашырат.
6. Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш Улуттук суу стратегиясын 5 жылда кеминде бир жолу кайра карайт жана зарыл болгон учурда аны өзгөртүү боюнча сунуштарды Президенттин кароосуна киргизет.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоонун жана алуунун тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын…Порядок · 18.10.2021 · № 222
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 532 "Суу жана жер ресурстары боюнча…Указ · 09.02.2026 · № 31
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029009/st-22" title="22-берене - Кыргыз Республикасынын Суу кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>