Биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарынын (мектептердин) инженердик изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарына жана долбоордук-сметалык документтерине комплекстүү мамлекеттер аралык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Убактылуу нускама (Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин тескемесине)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 436-т тескемесине)
Биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарынын (мектептердин) инженердик изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарына жана долбоордук-сметалык документтерине комплекстүү мамлекеттер аралык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ НУСКАМА
1-глава. Жалпы жоболор
1. Биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарынын (мектептердин) инженердик изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарына жана долбоордук-сметалык документтерине комплекстүү мамлекеттер аралык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу нускама (мындан ары - Нускама) 2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган жана "2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" (мындан ары - Өкмөттөр аралык макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган 2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашууну аткаруу үчүн иштелип чыккан.
2. Нускама 1999-жылдын 13-январындагы "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттер үчүн өз ара кызыкчылык туудурган курулуш долбоорлорунун мамлекеттер аралык экспертизасы жөнүндө" макулдашууга (мындан ары - Мамлекеттер аралык экспертиза жөнүндө макулдашуу) ылайык биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарынын (мектептердин) инженердик изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарына жана долбоордук-сметалык документтерине Мамлекеттер аралык экспертиза жүргүзүү маселелерин жөнгө салууга, анын ичинде Мамлекеттер аралык экспертиза жүргүзүү үчүн тартылуучу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга багытталган.
3. Нускаманын колдонулушу Өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында долбоорлоо жана куруу пландалган бардык биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарынын (мындан ары - мектептер) инженердик изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарына жана долбоордук-сметалык документтерине жайылтылат.
2-глава. Мамлекеттер аралык эксперттик топтун тараптары жана мүчөлөрү
4. Мамлекеттер аралык эксперттик топтун тараптары жана мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаменти, анын ичинде Базалык эксперттик орган статусу бар бирдиктүү эксперттик органдын функцияларын жүзөгө ашырат (мындан ары - 1-эксперттик орган), ошондой эле Мамлекеттер аралык экспертиза жүргүзүү үчүн эксперт катары тартылган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын өкүлдөрү;
2) Россия Федерациясынын Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин "Башкы мамлекеттик экспертиза башкармалыгы" федералдык автономдуу мекемеси, анын ичинде Мамлекеттер аралык экспертиза жүргүзүү үчүн тартылган эксперттер (мындан ары - 2-эксперттик орган).
3-глава. Мамлекеттер аралык экспертиза жүргүзүү тартиби
6. Нускамага ылайык жана Өкмөттөр аралык макулдашуунун шарттарын ишке ашыруу үчүн Мамлекеттер аралык экспертиза эки этапта жүргүзүлөт:
1) биринчи этапта 1-эксперттик орган мектептердин инженердик изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарына жана долбоордук документтерине экспертиза жүргүзөт, курулуштун сметалык наркынын аныктыгын текшерүүнү кошпогондо;
2) экинчи этапта 2-эксперттик орган мектептердин курулушунун сметалык наркын аныктоонун ишенимдүүлүгүнө текшерүү жүргүзөт.
7. Мамлекеттер аралык экспертиза жөнүндө макулдашууга ылайык Мамлекеттер аралык экспертиза жүргүзүү үчүн заказчы же анын өкүлү 1-эксперттик органга арыз берет жана/же материалдарды (инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жана долбоордук документтердин бардык бөлүктөрүн) электрондук форматта жана/же кагаз түрүндө жөнөтөт.
8. 1-эксперттик орган материалдардын толуктугуна жана комплекттүүлүгүнө текшерүү жүргүзөт жана шайкеш келген учурда заказчыга Мамлекеттер аралык экспертиза жүргүзүүгө келишим долбоорун жөнөтөт.
9. Инженердик изилдөөлөргө жана долбоордук-сметалык документтерге Мамлекеттер аралык экспертиза жүргүзүү боюнча иштерди аткаруу жөнүндө келишим (мындан ары - Келишим) заказчы же анын өкүлүнүн, 1-эксперттик органдын жана 2-эксперттик органдын ортосунда түзүлөт.
Предмети, наркы, мөөнөттөрү жана башка шарттар, ошондой эле заказчынын, 1-эксперттик органдын жана 2-эксперттик органдын ортосундагы Мамлекеттер аралык экспертиза боюнча иштерди аткарууга байланышкан өз ара мамилелерди белгилөө тартиби Келишим менен жөнгө салынат.
10. Мамлекеттер аралык экспертизанын жыйынтыктары, курулуштун сметалык наркынын аныктыгын текшерүүнү кошпогондо, экспертизанын оң корутундусунун бирдиктүү томун даярдоо менен комплекстүү (комплекстүү экспертиза) аныкталат.
11. 1-эксперттик орган тарабынан Мамлекеттер аралык экспертиза өз күчү менен, ошондой эле долбоордук документтердин бардык бөлүктөрүнө жана инженердик изилдөөлөрдүн натыйжаларына комплекстүү экспертиза жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун, алардын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, ошондой эле чектеш департаменттердин өкүлдөрүн жана/же эксперттерин, юридикалык жана жеке жактарды тартуу менен жүргүзүлөт.
12. Мамлекеттер аралык экспертизанын 1-этабын жүргүзүү жана ведомстволордун өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу үчүн 1-эксперттик органга караштуу төмөнкүдөй курамдагы ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлөт:
1) 1-эксперттик органдын эксперттери - долбоордук документтердин төмөнкүдөй бөлүмдөрү боюнча:
- түшүндүрмө кат;
- жер участогун пландоону уюштуруу схемасы;
- көлөмдүк-пландоо жана архитектуралык чечимдер;
- конструктивдүү чечимдер;
- инженердик жабдуу, инженердик-техникалык камсыздоо тармактары жана системалары жөнүндө маалыматтар, инженердик-техникалык иш-чаралардын тизмеги, технологиялык чечимдердин мазмуну;
- технологиялык чечимдер;
- капиталдык курулуш объекттерин коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылууга карата талаптар;
- капиталдык курулуш объектисине майыптардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иш-чаралар;
2) эксперттер - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү - долбоордук документтердин төмөнкүдөй бөлүмдөрү боюнча:
- өрт коопсуздугу боюнча иш-чаралар;
- жарандык коргонуу, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча иш-чаралар;
3) эксперттер - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин өкүлдөрү "Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралар" долбоордук документтердин бөлүмү боюнча;
4) эксперттер - Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Шаар куруу жана архитектура департаментинин өкүлдөрү - долбоордук документтердин төмөнкүдөй бөлүмдөрү боюнча:
- башкы план;
- архитектуралык чечимдер;
5) тартылган эксперттер - төмөнкү бөлүмдөр боюнча:
- инженердик изилдөөлөрдүн экспертизасы;
- курулушту уюштуруу долбоору (КУД).
Ведомстволор аралык жумушчу топтун жеке курамы курулуш чөйрөсүндөгү жогору турган органдын буйругу менен бекитилет. Эксперттер катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын өкүлдөрүн тартуу кызматтарды көрсөтүү жана/же жумуштарды аткаруу жөнүндө келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
13. Инженердик изилдөөлөрдүн натыйжаларын жана оң корутундуну даярдоо менен долбоордук документтердин бардык бөлүктөрүн экспертизалоо (1-этап) заказчы, 1-эксперттик орган жана 2-эксперттик органдын ортосундагы келишимге кол коюлган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндөн ашпаган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
14. Инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын жана долбоордук документтердин бардык бөлүктөрүнүн оң корутундусунун бирдиктүү томунун курамында 1-эксперттик орган тарабынан долбоордук документтердин жана инженердик изилдөөлөрдүн ар бир бөлүгү боюнча иштердин көлөмүнүн ведомосттору макулдашылууга тийиш.
15. Инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына жана курулуш долбоорлорунун бардык бөлүктөрүнө экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин 3 (үч) календардык күндүн ичинде 1-эксперттик орган төмөнкүдөй материалдарды өткөрүп берет:
1) Мамлекеттер аралык экспертизанын экинчи этабын жүргүзүү үчүн 2-эксперттик органга (электрондук форматта же Келишимде айтылган башка форматта):
- инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын жана долбоордук документтердин экспертизасынын оң корутундусу;
- долбоордук документтердин жана инженердик изилдөөлөрдүн ар бир бөлүгү боюнча макулдашылган иш көлөмдөрүнүн ведомосттору (ИКВ);
- 1-эксперттик органдын оң корутундусун алган долбоордук документтердин комплекти;
2) заказчыга же анын өкүлүнө (коштомо кат менен колго кагаз түрүндө жана электрондук маалымат алып жүрүүчүдө РОР форматындагы):
- долбоордук документтерге жана инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына экспертизанын оң корутундусу (түп нускадагы кол тамгалар жана мөөрлөр менен);
- долбоордук документтердин жана инженердик изилдөөлөрдүн ар бир бөлүгү боюнча макулдашылган иш көлөмдөрүнүн ведомосттору (ИКВ);
- 1-эксперттик органдын оң корутундусун алган долбоордук документтердин комплекти.
16. 2-эксперттик орган Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык заказчы, 1-эксперттик орган жана 2-эксперттик орган ортосундагы келишимде белгиленген мөөнөттөрдө Мамлекеттер аралык экспертиза жөнүндө макулдашууда белгиленген мөөнөттөрдү эске алуу менен Мамлекеттер аралык экспертизанын экинчи этабын жүргүзүүнү жүзөгө ашырат.
17. Жыйынтыкталган корутундуларды даярдоо, кол чогултуу, кол коюу жана бекитүү боюнча ишти уюштуруу Мамлекеттер аралык экспертиза жөнүндө макулдашууга ылайык 1-эксперттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
4-глава. Корутунду жоболор
18. Нускаманын колдонулушу Өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында долбоорлоо жана куруу пландалган бардык мектептерге инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына жана долбоордук-сметалык документтерге экспертизанын жыйынтыкталган оң корутундулары алынгандан кийин токтотулат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 436-т (Биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарынын (мектептердин) инженердик изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарына…Распоряжение · 30.05.2025 · № 436-р
- 2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус…Закон · 22.06.2023 · № 124