Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарынын (мектептердин) инженердик изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарына жана долбоордук-сметалык документтерине комплекстүү мамлекеттер аралык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу нускаманы бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 30-майы № 436-т
2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган жана "2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашууну аткаруу үчүн, 1999-жылдын 13-январындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттер үчүн өз ара кызыкчылык туудурган курулуш долбоорлорунун мамлекеттер аралык экспертизасы жөнүндө макулдашууну жана 2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча атайын эки тараптуу комиссиянын чечими менен бекитилген капиталдык курулуш объекттерин долбоорлоого жана курууга техникалык тапшырманы (2023-жылдын 17-ноябрындагы № 2 протокол) көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаменти биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарынын (мындан ары - мектептер) инженердик изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарына жана долбоордук документтерине комплекстүү мамлекеттер аралык экспертиза жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу Базалык эксперттик орган (мындан ары - Базалык эксперттик орган) статусу бар бирдиктүү эксперттик орган болуп аныкталсын.
2. Биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарынын (мектептердин) инженердик изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарына жана долбоордук-сметалык документтерине комплекстүү мамлекеттер аралык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу нускама (мындан ары - Убактылуу нускама) тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Базалык эксперттик орган:
1) Убактылуу нускамада аныкталган тартипте жана курамда түзүлүүчү ведомстволор аралык жумушчу топту (мындан ары -ведомстволор аралык жумушчу топ) түзүү боюнча ишти уюштурсун;
2) курулуштун сметалык наркынын ишенимдүүлүгүн текшерүүнү кошпогондо, Убактылуу нускамага ылайык мектептердин долбоордук документтеринин бардык бөлүктөрүнө жана бөлүмдөрүнө комплекстүү экспертиза жүргүзүүнү камсыз кылсын;
3) 2025-жылдын 10-июнуна чейинки мөөнөттө мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер тартылган кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эске алуу менен мектептердин долбоордук документтеринин бардык бөлүктөрүнө жана бөлүмдөрүнө комплекстүү техникалык экспертиза жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктасын;
4) ведомстволор аралык жумушчу топтун курамында ишке тартылган тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана башка жеке жана юридикалык жактардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылсын.
4. Инженердик изилдөөлөрдүн жана долбоордук документтердин комплекстүү техникалык экспертизасын жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында Базалык эксперттик органга төмөнкүлөр боюнча ыйгарым укуктар берилсин:
1) министрликтердин, ведомстволордун жана башка уюмдардын, ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу топтун курамында ишке тартылган эксперттердин кызмат көрсөтүүлөрүнө андан ары акы төлөө менен, анын ичинде заказчы менен мамлекеттик экспертизаны жүргүзүүгө келишимдерди түзүү;
2) курулуштун сметалык наркынын ишенимдүүлүгүн текшерүүнү кошпогондо, иштердин көлөмүнүн ведомостторуна текшерүү жана кол коюу менен мектептердин долбоордук документтеринин бардык бөлүмдөрүнө жана бөлүктөрүнө комплекстүү техникалык экспертиза жүргүзүү;
3) ведомстволор аралык жумушчу топтун курамында ар кандай багыттагы эксперттерди ишке тартуу;
4) жыйынтыкталган корутундуларды даярдоо жана кол коюу.
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) мектептерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатацияга берүү 2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча атайын эки тараптуу комиссиянын 2023-жылдын 17-ноябрындагы № 2 чечими менен бекитилген Базалык долбоордук документтерде колдонулган Россия Федерациясынын долбоорлоо жана курулуш чөйрөсүндөгү курулуш ченемдерин жана эрежелерин, стандарттарын жана башка ченемдик документтерин колдонуу менен жол берилет, буга Кыргыз Республикасынын сейсмологиялык коопсуздук жана климатология, калктуу конуштарды пландоо жана куруу маселелерин жонго салуучу курулуш ченемдери менен эрежелери кирбейт;
2) Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-февралындагы № 87 "Долбоордук документтердин бөлүмдөрүнүн курамы жана алардын мазмунуна карата талаптар жөнүндө" токтомун колдонуу менен мектептердин долбоордук документтеринин курамын түзүүгө жол берилет.
6. Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондуна мектептерди долбоорлоодо жана курууда колдонулган Россия Федерациясынын ченемдик документтеринин тизмегин Базалык эксперттик органга берүү сунушталсын.
7. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору:
1) мамлекеттер аралык экспертиза жүргүзүүдө Базалык эксперттик органга толук жана ар тараптуу көмөк көрсөтсүн;
2) 2025-жылдын 30-майына чейинки мөөнөттө Базалык эксперттик органга тиешелүү багыттар боюнча мектептердин инженердик изилдөөлөрүнүн жана долбоордук документтеринин экспертизасын жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө маалыматтарды берсин;
3) ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына кирген өкүлдөрдү жана эксперттерди Базалык эксперттик органга иш сапарга жиберсин.
8. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- 2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус…Закон · 22.06.2023 · № 124