Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 337 токтомуна)
Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу боюнча талаптарды белгилеген "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12, 121-статьяларына ылайык иштелип чыккан. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү тиешелүү тармакта муниципалдык менчикти башкаруу маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
2. Ушул Тартипте көрсөтүлгөн менчиктештирүү методдорун колдонуу муниципалдык менчикте турган имараттарга бекитилген жер участокторунан тышкары, жер участоктору түрүндөгү муниципалдык мүлккө жайылтылбайт.
3. Электрондук форматта өткөрүлүүчү аукциондо сатуу түрүндөгү менчиктештирүү методу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы № 519 "Муниципалдык мүлктү сатуу боюнча электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Муниципалдык мүлктү сатуу боюнча электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
4. Мамлекеттик менчик объекттерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жолу менен түзүлгөн муниципалдык мүлк, эгерде бул мүлк муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген чечимдин негизинде башкача көрсөтүлбөсө, менчиктештирүүгө тийиш эмес.
5. Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү ушул Тартипте берилген менчиктештирүү методдорун колдонуу менен жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилген муниципалдык мүлктү менчиктештирүү программасынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы муниципалдык мүлктү менчиктештирүү программасынын ишке ашырылышы жана муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорунун сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
7. Менчиктештирүү объекттери болуп "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу таандык болгон муниципалдык менчик объекттери саналат.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы муниципалдык мүлктү сатуучу болуп саналат.
9. Муниципалдык мүлктү сатып алуучулар болуп аракетке жөндөмсүз деп таанылган жеке адамдарды кошпогондо, жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле муниципалдык ишканалар жана муниципалдык мекемелер саналат.
10. Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү боюнча сатуучунун ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген менчиктештирүү программасына киргизилген объекттерди менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу;
2) мүлктү баалоо жана тооруктарды уюштуруу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү адистештирилген уюмдарды, эксперттерди келишимдик негизде тартуу;
3) тооруктарга катышууга уруксат берүү үчүн талапкерлер тарабынан берилүүчү документтердин тизмегин аныктоо;
4) тооруктарга катышуу үчүн талапкерлер тарабынан кепилденген төгүмдү төлөөнүн шарттарын жана мөөнөттөрүн аныктоо (эгерде кепилденген төгүмдү төлөө зарыл болсо);
5) талапкерлерден кепилденген төгүмдүн төлөнгөндүгүн текшерүү (кепилденген төгүм болсо);
6) тооруктарга катышууга талапкерлерден өтүнмөлөрдү кабыл алуу датасын, ордун, башталышын жана аякташын аныктоо;
7) тооруктарды өткөрүү датасын, убактысын, ордун жана форматын аныктоо;
8) тооруктарды өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүнү өз убагында жарыялоону камсыз кылуу;
9) тооруктарга катышууга талапкерлерден өтүнмөлөрдү жана ага тиркелген документтерди кабыл алуу, ошондой эле өтүнмөлөрдү кабыл алуу журналына келип түшкөндүгүнө жараша алардын эсебин жүргүзүү;
10) талапкерлер берген документтердин тооруктарды өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө жарыяланган тизмегине ылайык келишин текшерүү;
11) менчиктештирүү объектинин тооруктарына катышууга талапкерлердин кароо шарттарын жана мөөнөттөрүн аныктоо;
12) комиссиянын протоколунун негизинде тооруктардын жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү;
13) тооруктардын жыйынтыгы боюнча сатып алуучу менен келишим түзүү;
14) тооруктардын жеңүүчүсү менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү;
15) сатып алуу-сатуу келишиминин шарттарына ылайык мүлктү сатып алуучуга өткөрүп берүүнү камсыз кылуу;
16) тооруктардын жыйынтыктары боюнча келишимдердин аткарылышына контролду камсыз кылуу;
17) тооруктардын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтык билдирүүнү жалпыга маалымдоо каражаттарында өз убагында жарыялоону камсыз кылуу.
11. Сатуучу тооруктардан каалаган убакта, бирок аны өткөрүү жарыяланган датага чейин үч жумуш күндөн кечиктирбестен, бул жөнүндө тоорукка катышууга талапкерлерге талаптагыдай кабарлоо менен баш тартууга укуктуу.
2-глава. Ушул Тартипте колдонулган түшүнүктөр
12. Ушул Тартипте колдонулган түшүнүктөр:
1) кепилденген төгүм - тоорукка катышуу кепилдиктерин камсыз кылуу жана муниципалдык мүлктү менчиктештирүү боюнча келишимдик мамилелерди аткаруу үчүн өтүнмө ээси тарабынан төлөнгөн муниципалдык мүлктүн баштапкы же белгиленген баасынын бир бөлүгү;
2) тооруктар - сатуучу атаандаштыктын негизинде сатып алуучуга муниципалдык менчик объекттерин саткан учурда мүлктү ээликтен ажыратуунун формасы. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө жүргүзүлөт;
3) муниципалдык менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдар - муниципалдык менчикти менчиктештирүү тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары;
4) өтүнмө - талапкердин муниципалдык мүлктү менчиктештирүү боюнча тооруктарга катышууга расмий түрдө таризделген ниети;
5) сатып алуучу - муниципалдык мүлктү сатып алуучу юридикалык жана/же жеке жак;
6) талапкер - муниципалдык мүлк объектин менчиктештирүүгө тооруктарга катышууга өтүнмө берген адам;
7) сатуучу - муниципалдык мүлктү менчиктештирүүнү жүзөгө ашыруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы;
8) тооруктардын баштапкы баасы - муниципалдык мүлктү аукцион түрүндө менчиктештирүү методунун негизинде тооруктарды өткөрүүдө мүлктүн баштапкы наркы;
9) тооруктардын белгиленген баасы - муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методунун (аукциондон тышкары) негизинде тооруктарды өткөрүүдө мүлктүн белгиленген наркы;
10) катышуучу - тооруктарга катышууга уруксат берилген талапкер.
3-глава. Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү боюнча тооруктарды уюштуруу
13. Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү төмөнкү методдор менен ишке ашырылат:
1) аукциондо сатуу;
2) конкурста сатуу;
3) кийин сатып алуу менен ижарага берүү;
4) кийин сатып алуу менен башкарууга өткөрүп берүү;
5) чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары төлөө.
14. Аукциондо сатууда объекттин баштапкы баасы, ошондой эле менчиктештирүүнүн башка методдору үчүн белгиленген баа ар бир менчиктештирүү объекти боюнча баалоо иши жөнүндө мыйзамдарга ылайык көз карандысыз баалоочу тарабынан жүргүзүлгөн баалоонун негизинде сатуучу тарабынан бекитилет.
15. Муниципалдык мүлктүн баштапкы же белгиленген баасы 1000000 сомдон ашкан учурларда, талапкер сатуучунун эсебине мүлктүн баасынын 10% өлчөмүндө кепилденген төгүмдү төлөөгө тийиш. Муниципалдык мүлктүн белгиленген баасы 1000000 сомдон аз болгон учурларда, кепилденген төгүмдү төлөө зарылдыгы жана анын өлчөмү жөнүндө талапты сатуучу аныктайт.
16. Эгерде тооруктар болбой калса, кепилденген төгүм тооруктарды жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 10 банктык күндүн ичинде кайтарылып берилүүгө тийиш. Кепилденген төгүм тоорукка катышкан, бирок аны утпай калган адамдарга да кайтарып берилет.
17. Кепилденген төгүм муниципалдык мүлктү менчиктештирүү келишими колдонулган учурда муниципалдык мүлк толук сатып алынганга чейин сатуучунун карамагында калат.
18. Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү келишиминин шарттарын аткарган муниципалдык мүлктү сатып алуучу муниципалдык мүлктү менчикке сатып алат жана кепилденген төгүмдү мүлктү сатып алуунун эсебине салат.
19. Келишимдин шарттары аткарылбаган жана ал бузулган учурларда кепилденген төгүм сатуучуда калат.
20. Тооруктарды өткөрүү үчүн сатуучу төмөнкү документтерди даярдайт:
1) мүлк объектине үчүнчү адамдардын укуктарынын жоктугу жөнүндө ырастоочу-маалымкат;
2) техникалык паспорттун көчүрмөсү же объекттин техникалык спецификациялары, анын ичинде техникалык коммуникациялар жөнүндө маалымат;
3) муниципалдык менчик объектинин баалоо наркы;
4) жергиликтүү салыктын өлчөмү боюнча эсептөөлөр.
Сатуучу талапкерлерге бул документтер менен таанышуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдайт.
21. Сатуучу тоорук башталганга чейин талапкер тарабынан суроо-талап берилгенден кийин 3 жумуш күндүн ичинде мүлк объектинин техникалык абалын карап чыгуу максатында ага жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга, ошондой эле таанышуу үчүн объектке укук белгилөөчү документтерди жана күбөлөндүрүүчү документтерди берүүгө тийиш.
22. Тооруктарды даярдоо жана өткөрүү үчүн сатуучу өзүнүн тескемеси менен комиссияны түзөт, анын ыйгарым укуктарын, курамын бекитет, комиссиянын төрагасын жана катчысын дайындайт. Комиссиянын катчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын кызматкерлеринин ичинен дайындалат.
23. Комиссиянын катчысы жыйналышты даярдоо жана өткөрүү боюнча ишти аткарат, комиссиянын жыйналышынын протоколун жүргүзөт, добуш берүүдө комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштарын эсептейт.
24. Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары кирет. Коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдардын өкүлдөрүнүн саны комиссиянын мүчөлөрүнүн санынын 30% кем болбоого тийиш.
25. Комиссиянын курамы анын мүчөлөрүнүн 5 адамдан кем эмес так санынан болууга тийиш.
26. Комиссия:
1) ушул Тартиптин талаптарына ылайык келип түшкөн өтүнмөлөрдү баалайт;
2) тооруктардын натыйжаларын комиссиянын төрагасы жана анын мүчөлөрү кол койгон протоколдо көрсөтөт жана аны бекитүү үчүн сатуучуга жиберет;
3) тооруктардын жыйынтыгын жарактуу же жараксыз деп тааныйт;
4) тооруктар жараксыз деп таанылган учурда сатуучуга жаңы тооруктарды жарыялоо жөнүндө сунушту киргизүүгө укуктуу;
5) ушул Тартипте жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын чечими менен каралган компетенциянын чегинде муниципалдык мүлктү менчиктештирүүгө байланышкан башка маселелерди карайт.
27. Өткөрүлгөн тооруктар жөнүндө жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарына, социалдык тармактарга, маалыматтык такталарга, шаардын/айыл аймагынын, райондун сайтына жана маалыматы башка алып жүрүүчүлөргө тооруктар башталганга чейин 30 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө жайгаштырылат. Жарыяда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) сатуучунун аталышы;
2) объекттин аталышы жана анын жайгашкан жери;
3) объекттин максаттуу багыты (максаттуу багытты сактоо зарыл болсо);
4) тооруктарды өткөрүү шарттары, датасы, орду;
5) тооруктардын баштапкы баасынын же объекттин белгиленген баасынын өлчөмү (менчиктештирүү методуна жараша);
6) кепилденген төгүмдүн өлчөмү жана суммасы, ал которулууга тийиш болгон эсептин зарыл болгон реквизиттери (ушул Тартиптин 15-пунктуна ылайык кепилденген төгүм жөнүндө талаптар болсо);
7) өтүнмөлөрдү жана документтерди кабыл алуу башталган жана аяктаган дата;
8) тооруктардын катышуучуларына карата квалификациялык талаптар;
9) тооруктарга катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеги;
10) тооруктарга катышууга талапкердин салыктык милдеттенмелери боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкатты берүү тууралуу талап;
11) тооруктарга катышууга талапкердин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төлөмдөр боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкатты берүү тууралуу талап;
12) зарыл болгон учурда, Сатуучунун каалоосу боюнча тооруктарга катышууга талапкердин төлөө жөндөмдүүлүгү жөнүндө банктык кепилдиктерди берүү тууралуу талап;
13) тооруктардын маселелери боюнча кошумча маалыматты алууга мүмкүн болгон арыздарды кабыл алуучу жердин дареги;
14) белгилүү бир ишти жүргүзүү укугуна лицензиянын болушу жөнүндө талап (зарыл болсо).
28. Тооруктарга катышуу үчүн талапкерлер белгиленген мөөнөттө комиссияга төмөнкү документтерди берет:
1) чапталган конвертте коштоочу документтер менен тооруктарга катышуу үчүн өтүнмөнү (ушул Тартипке 1-тиркемеде көрсөтүлгөн формага ылайык);
2) кепилденген төгүмдүн төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документинин көчүрмөсүн (кепилденген төгүм жөнүндө талап болсо);
3) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти (өтүнмө берүүдө талапкер жеке өзү көрсөтөт).
Тооруктарга катышуу үчүн документтер электрондук почта аркылуу берилиши мүмкүн. Бул учурда документтер PDF-форматында берилүүгө тийиш.
29. Баштапкы баадан же тооруктар үчүн белгиленген баадан төмөн баадагы сунуштар каралбайт.
30. Талапкерлерди каттоо комиссиянын катчысы тарабынан талапкерге катталуу фактысы жөнүндө кабарлоо менен атайын каттоо журналында жүргүзүлөт (ушул Тартипке 2-тиркеме).
31. Эгерде ага 2ден кем эмес катышуучу катышса, тооруктар өткөрүлдү деп таанылат.
32. Эгерде өтүнмө талапкердин өкүлү тарабынан берилсе, анда талапкердин атынан иш алып барууга укугу бар адамга белгиленген тартипте берилген ишеним катты (түп нускасын) берүү зарыл.
33. Тооруктар төмөнкү учурларда өткөн жок деп таанылат:
1) тооруктарга катышууга өтүнмөлөр берилбесе;
2) бир дагы талапкерге тооруктарга катышууга уруксат берилбесе;
3) тооруктарга катышууга бир гана талапкерге уруксат берилсе;
4) тооруктарга уруксат берилген талапкерлердин ичинен бири да ага катышпаса.
34. Комиссиянын тооруктарды өткөн жок деп таануу жөнүндө чечими протокол менен таризделет жана сатуучу тарабынан бекитилет.
35. Тооруктар 2 этапта өткөрүлөт.
36. Биринчи этапта комиссия өтүнмөлөрдү берилген документтердин толуктугу боюнча талаптардын сакталышы боюнча баалайт.
37. Экинчи этапка алардын өтүнмөлөрү берилген документтердин толуктугу боюнча тооруктардын талаптарына шайкеш келген талапкерлерге уруксат берилет.
38. Экинчи этапта баалоо ушул Тартипте көрсөтүлгөн муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуунун өзгөчөлүктөрүнө ылайык жүргүзүлөт.
39. Комиссиянын иш тартиби ал бекиткен регламент менен жөнгө салынат.
40. Комиссиянын чечимдери комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес кворум болгондо жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
41. Добуштар тең болуп калса комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
42. Тооруктардын натыйжалары боюнча протокол сатуучуга жиберилет. Тооруктардын протоколунун негизинде сатуучу токтом түрүндө чечим чыгарат, андан кийин тооруктардын жеңүүчүсү менен келишимге кол коет.
43. Протоколго кол коюудан баш тарткан сатуучу кепилденген төгүмдү (болсо) тооруктардын катышуучуларына кайтарып берүүгө жана тоорукту уткан адамга тооруктарга катышуунун натыйжасында тарткан чыгымдарынын ордун толтурууга милдеттүү.
44. Муниципалдык мүлктү сатуучу бүтүм жасалган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө муниципалдык мүлктүн тооруктарда сатылгандыгы жөнүндө маалыматты басма сөз же электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого тийиш.
45. Муниципалдык мүлктү сатып алуу-сатуу келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
46. Акциялардын пакетин сатып алуу-сатуу келишими баалуу кагаздар рыногу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталууга тийиш.
47. Сатып алуу-сатуу келишиминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) мүлктү сатуучу жана сатып алуучу жөнүндө маалымат;
2) келишимдин предметинин аныктамасы;
3) менчиктештирүү объекти жөнүндө маалымат;
4) сатып алынган объекттин баасы;
5) сатып алынган мүлк үчүн төлөмдүн формасы жана мөөнөтү;
6) мындай келишимдин тараптары белгилеген башка шарттар.
48. Сатып алуучу тооруктарда сатып алынган муниципалдык мүлк үчүн сатып алуу-сатуу келишиминде аныкталган мөөнөттө эсептешүүнү жүргүзөт.
49. Ушул Тартипти бузуу менен өткөрүлгөн тооруктар сот тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн.
50. Тооруктарды жараксыз деп таануу тоорукту жеңген адам менен түзүлгөн келишимдин жараксыз болушуна алып келет.
51. Тооруктардын алкагында өтүнмөлөрдү баалоонун техникалык мүмкүнчүлүгү болсо комиссиянын жыйналыштарын онлайн-режимде өткөрүүгө жол берилет.
52. Тооруктар өткөрүлгөн жок деп таанылган учурда тооруктар кайрадан дайындалат.
4-глава. Аукцион түрүндө муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методун колдонуунун өзгөчөлүктөрү
53. Аукцион - бул тооруктарды өткөрүү аркылуу муниципалдык мүлктү сатуу методу, анда менчиктештирүү объектине эң жогорку бааны сунуштаган жана төлөгөн адам менен сатып алуу-сатуу келишими түзүлөт.
54. Ушул Тартиптин 26-пунктунда көрсөтүлгөн комиссиянын функцияларына кошумча аукционду даярдоодо жана өткөрүүдө комиссия:
1) аукциончуну дайындайт;
2) Аукционду өткөрүү тартибинин аткарылышын контролдойт (ушул Тартипке 4-тиркеме).
55. Комиссиянын катчысы аукцион башталганга чейин 1 (бир) саат мурда аукциондун катышуучуларын аукциондун катышуучуларын каттоо ведомостуна каттайт (каттоо формасы ушул Тартипке 3-тиркемеде).
56. Аукциондун катталган катышуучусу төмөнкүнү алат:
1) аукциондун катышуучусунун номери менен табличканы;
2) Аукционду өткөрүү тартибинин аткарылышын контролдойт (ушул Тартипке 4-тиркеме).
57. Аукционду аукциончу комиссиянын катышуусунда өткөрөт. Тооруктар башталардан мурда аукциончу катышуучуларды аукционду өткөрүү эрежелери жана жол-жобосу менен тааныштырат. Аукциончу менчиктештирүү объектинин аталышын, анын негизги мүнөздөмөлөрүн, аукциондун кадамынын белгиленген өлчөмүн жарыялайт.
58. Аукциончу менчиктештирүү объектинин баштапкы баасын жана бааны көбөйтүү кадамын жарыялайт. Катышуучулар өзүнүн номерлерин көтөрүү менен объектти сунушталган баада сатып алууга даяр экендигин билдирет. Эгерде эки же андан ашык катышуучу өзүнүн номерлерин көтөрсө, аукциончу бааны бир кадамга көтөрөт. Аукциончу бул объектти сатып алууга даяр экендигин билдирген бир гана катышуучу калганга чейин объекттин баасын көтөрөт. Аукциончу акыркы бааны үч жолу кайталайт.
59. Эгерде акыркы бааны үч жолу кайталагандан кийин катышуучулардын бири да бул объектти сатып алууну каалагандыгын билдирбесе, аукциончу балканы уруп, номерди акыркы көтөргөн катышуучуга объекттин сатылгандыгын жарыялайт. Бул катышуучу аукциондун жеңүүчүсү болот.
60. Мүлктүн аукциондун жеңүүчүсү сунуштаган баасы аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго жазылат, ага комиссиянын мүчөлөрү, аукциончу жана аукциондун жеңүүчүсү кол коет (протоколдун формасы ушул Тартипке 5-тиркемеде).
61. Жеңүүчүнүн протоколго кол коюудан баш тартуусу объектти сатып алуудан баш тартуу катары каралат. Бул учурда объектти сатып алуудан баш тарткан катышуучуга караганда бир кадам төмөн бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп жарыяланат. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан катышуучуга кепилденген төгүм кайтарылбайт.
62. Аукциондун жеңүүчүсүнө кепилденген төгүм аукциондо сатып алынган мүлктү төлөөнүн эсебине чегерилет.
5-глава. Конкурс түрүндө муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методун колдонуунун өзгөчөлүктөрү
63. Конкурс муниципалдык мүлктү сатуу методу болуп саналат, анда сатып алуучу конкурстун шарттарында белгиленген белгилүү бир милдеттенмелерди өзүнө алат.
64. Сатуучу жергиликтүү коомчулуктун керектөөлөрүнө, жергиликтүү коомчулукту социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана социалдык коргоо программасынын талаптарына, муниципалдык мүлктү менчиктештирүү программасына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечимдерине жараша муниципалдык менчик объектинин максаттуу багытын аныктайт.
65. Сатуучу талапкерлер үчүн өтүнмөдө көрсөтүлүүгө тийиш болгон талаптардын тизмегин, анын ичинде төмөнкүлөрдү белгилейт:
1) бизнес-планды;
2) менчиктештирүү объекти үчүн сунушталган бааны;
3) сунушталган инвестициялардын суммасын;
4) эмгек акы, иш менен камсыз кылуу деңгээли, социалдык чөйрөнүн объекттерин пайдалануу жаатындагы социалдык программаны;
5) сатуунун жаңы рынокторуна чыгууну же учурдагы рынокторду өздөштүрүүнү;
6) жаңы атаандаштыкка жөндөмдүү же импортту алмаштыруучу продукцияны чыгарууну өздөштүрүүнү;
7) натыйжалуу башкарууну киргизүү, кадрлардын квалификациясын жогорулатууну;
8) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча милдеттенмелерди;
9) карыздарды төлөө боюнча милдеттенмелерди;
10) уставдык капиталды көбөйтүү боюнча милдеттенмелерди.
66. Сатуучу ушул Тартиптин 14-пунктуна ылайык менчиктештирилүүчү мүлктүн наркын аныктайт.
67. Комиссия келип түшкөн өтүнмөлөрдү кезеги менен ачат, конкурстун катышуучусунун маалыматтарын, конкурстун шарттарын жарыялайт жана келип түшкөн өтүнмөлөрдү баалоого киришет.
68. Конкурстун катышуучулары келип түшкөн өтүнмөлөрдү ачууда жана баалоодо катышууга укуктуу.
69. Баалоо жүргүзүү учурунда комиссия конкурстун катышуучуларына алардын өтүнмөлөрү боюнча түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн кайрылууга укуктуу.
70. Конкурстун ар бир катышуучусуна өтүнмөнүн негиздемеси менен сөз сүйлөө укугу берилет.
71. Өтүнмөлөрдү баалоо комиссиянын ар бир мүчөсү тарабынан ушул Тартипке 6-тиркемеде берилген критерийлердин негизинде өзүнчө жүргүзүлөт.
72. Конкурстун жеңүүчүсү комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир өтүнмө боюнча ыйгарылган баллдардын суммасын чыгаруу менен аныкталат.
73. Эгерде конкурсту өткөрүүдө эки же андан көп катышуучу бирдей балл алса, анда келечектеги инвестициялардын тастыкталган эң чоң суммасын сунуштаган катышуучу жеңүүчү болуп саналат.
74. Эгерде бул учурда да баалоо бир жеңүүчүнү аныктабаса, анда чечим бирдей жогорку балл алган катышуучулардын ортосундагы чүчүкулактын негизинде кабыл алынат.
75. Конкурстун жыйынтыгы боюнча конкурстун бардык катышуучуларынын баллдарын жана жеңүүчүнүн белгиленген баасын көрсөтүү менен протокол түзүлөт (протоколдун формасы ушул Тартипке 7-тиркемеде).
6-глава. Кийин сатып алуу менен ижара түрүндө муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методун колдонуунун өзгөчөлүктөрү
76. Кийин сатып алуу менен ижарага берүү - бул муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методу, мында ижарага берүүчү акы төлөөнүн негизинде муниципалдык мүлктү кийин жеке менчикке өткөрүп берүү менен ижарачыга убактылуу пайдаланууга берүүгө милдеттенет.
77. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы ижарага берүүчү болуп саналат.
78. Муниципалдык мүлктү кийин сатып алуу менен ижарага алган жеке же юридикалык жак ижарага алуучу болуп саналат.
79. Муниципалдык мүлктү кийин сатып алуу менен ижарага берүү ушул Тартиптин 5-главасында белгиленген эрежелерге ылайык конкурс өткөрүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.
80. Ижарага берүүчү талапкерлер үчүн конкурска катышууга өтүнмөдө көрсөтүлүшү керек болгон талаптардын тизмесин белгилейт, анын ичинде:
1) бизнес-план;
2) мүлктү ижарага берүүнүн сунушталган баасы жана менчиктештирүү объекти;
3) сунушталган инвестициялардын суммасы;
4) эмгек акы, иш менен камсыз кылуу деңгээли, социалдык чөйрөнүн объекттерин пайдалануу жаатындагы социалдык программа;
5) жаңы сатуу рынокторуна чыгуу же учурдагы рынокторду өздөштүрүү;
6) атаандаштыкка жөндөмдүү же импортту алмаштыруучу жаңы продукцияны чыгарууну өздөштүрүү;
7) натыйжалуу башкарууну киргизүү, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу;
8) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча милдеттенмелер;
9) ижарага алынган мүлктүн максаттуу багытын сактоо.
81. Ижарага берүүчү ушул Тартиптин 14-пунктуна ылайык менчиктештирилүүчү мүлктүн белгиленген баасын, ошондой эле менчиктештирилүүчү муниципалдык мүлктүн ижара акысын аныктайт жана комиссияга берет.
82. Ижара акысынын өлчөмү конкурс үчүн белгиленген эрежелер боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген муниципалдык мүлктү пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби боюнча жобонун негизинде аныкталат.
83. Өтүнмөлөр комиссиянын мүчөлөрүнүн жана конкурстун катышуучуларынын же болбосо алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда ачылат.
84. Комиссия келип түшкөн өтүнмөлөрдү кезеги менен ачат, конкурстун катышуучусунун маалыматтарын, конкурстун шарттарын жарыялайт жана келип түшкөн өтүнмөлөрдү баалоого киришет.
85. Баалоо жүргүзүү учурунда комиссия конкурстун катышуучуларына алардын өтүнмөлөрү боюнча түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн кайрылууга укуктуу. Конкурстун ар бир катышуучусуна өтүнмөнү негиздөө менен чыгып сүйлөөгө укук берүүгө жол берилет.
86. Өтүнмөлөрдү баалоо комиссиянын ар бир мүчөсү тарабынан ушул Тартипке 8-тиркемеде берилген критерийлердин негизинде өзүнчө жүргүзүлөт.
87. Конкурстун жеңүүчүсү комиссиянын мүчөлөрү тарабынан ар бир өтүнмө боюнча ыйгарылган баллдардын суммасын чыгаруу менен аныкталат.
88. Эгерде конкурсту өткөрүүдө эки же андан көп катышуучу бирдей балл алса, анда бүткүл мезгил үчүн ижаранын эң көп суммалык баасын жана менчиктештирилүүчү мүлктү сатып алуу баасын сунуштаган катышуучу жеңүүчү болуп саналат.
89. Конкурстун жыйынтыгы боюнча тооруктун бардык катышуучуларынын баллдарын жана конкурстун жеңүүчүсүнүн белгиленген баасын көрсөтүү менен протокол түзүлөт. Протоколдун формасы ушул Тартипке 9-тиркемеде берилген.
90. Ижара келишиминде бааланган наркына туура келген сатып алуу төлөмдөрүнүн жылдар боюнча бөлүнгөн суммасы жана белгиленген ижара акысынын суммасы өзүнчө көрсөтүлөт.
91. Мүлктү кийин сатып алуу менен ижарага берүү мөөнөттөрү муниципалдык мүлктү менчиктештирүү программасында же ижарага берүүчүнүн чечими менен белгиленген ижара мөөнөтүнүн негизинде ижара келишиминде чагылдырылат.
92. Мүлктү кийин сатып алуу менен ижарага берүү боюнча келишимде негизги талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) келишимде көрсөтүлгөн муниципалдык мүлктүн максаттуу багытын аны толук сатып алганга чейин сактоо;
2) мүлктү толук сатып алганга чейин өз убагында оңдоо жана калыбына келтирүү максатында чегерүүлөрдү топтоо;
3) ижара төлөмдөрүн төгүүнүн жана мүлктү сатып алуунун графигин сактоо.
93. Мүлктү ижарага алуучу кийин сатып алуу менен ижара келишиминин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин мүлктү сатууга, күрөөгө берүүгө же башка жол менен оорчулук салууга укугу жок.
94. Ижарага алуучу ижарага алынган мүлктү ижарага берүүчүнүн макулдугу менен гана субижарага берүүгө укуктуу.
95. Ижарага алуучу кийин сатып алуу менен ижара келишиминин шарттарын, анын ичинде ижара төлөмдөрүн төлөөнүн көлөмүн жана графигин жана мүлктүн наркын бузган учурда, ижарага берүүчү жарандык мыйзамдардын ченемдерине ылайык келишимди бир тараптуу тартипте бузууга укуктуу.
7-глава. Муниципалдык мүлктү кийин сатып алуу менен башкаруу түрүндөгү менчиктештирүү методун колдонуунун өзгөчөлүктөрү
96. Кийин сатып алуу менен башкарууга берилген муниципалдык мүлк - бул мүлктү кийин сатып алуу менен башкаруучуга башкарууга берилүүчү акционердик коомдордун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык болгон акциялары.
97. Башкаруучу болуп баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү баалуу кагаздарды ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензияга ээ юридикалык жак эсептелет.
98. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы баалуу кагаздарды башкаруу боюнча башкаруучуну тандоо боюнча конкурс өткөрөт.
99. Муниципалдык мүлктү кийин сатып алуу менен акция түрүндө башкарууга өткөрүп берүүнүн шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) акционердик коомду өнүктүрүүнүн бизнес-планынын болушу;
2) сунушталган инвестициялардын суммасы;
3) эмгек акы, жумуш менен камсыздоо деңгээли, социалдык чөйрөнүн объекттерин пайдалануу жаатындагы социалдык программа;
4) сатуунун жаңы рынокторуна чыгуу же болгон рынокторду өнүктүрүү;
5) атаандаштыкка жөндөмдүү же импортту алмаштыруучу жаңы продукцияны чыгарууну өздөштүрүү;
6) натыйжалуу башкарууну киргизүү, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу;
7) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча милдеттенмелер;
8) карыздарды төлөө боюнча милдеттенмелер.
100. Башкаруучуну тандоо боюнча конкурска катышуу үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) баалуу кагаздарды башкаруу чөйрөсүндө үч жылдан кем эмес иш жүргүзүүгө;
2) акыркы үч жылдын жыйынтыгы боюнча өзүнүн финансылык отчетуна ылайык чыгашасыз иш жүргүзүүгө (пайдага ээ болууга);
3) көз карандысыз аудитордун корутундусу менен ырасталган акыркы үч жыл үчүн финансылык отчетту бериши зарыл.
101. Сатуучу кийин сатып алуу менен муниципалдык мүлктү башкаруу укугуна ээ болууга талапкерлерге төмөнкү документтерди берет:
1) уюмдун уставы;
2) акцияларды чыгаруу проспектин каттоо жөнүндө күбөлүк - акционердик коомдор үчүн;
3) отчеттук мезгилден мурунку жыл үчүн тиркемелери менен бухгалтердик баланстар.
102. Кийин сатып алуу менен башкарууга берилүүчү акциялардын наркы баалуу кагаздар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат жана бекитилет.
103. Комиссия келип түшкөн өтүнмөлөрдү кезеги менен ачат, конкурстун катышуучусунун маалыматтарын, конкурстун шарттарын жарыялайт жана келип түшкөн өтүнмөлөрдү баалоого киришет.
104. Конкурстун ар бир катышуучусуна өтүнмөнү негиздөө менен чыгып сүйлөө укугу берилет.
105. Конкурстун жеңүүчүсү комиссиянын мүчөлөрү тарабынан ар бир өтүнмө боюнча ыйгарылган баллдардын суммасын чыгаруу менен аныкталат.
106. Эгерде конкурсту өткөрүүдө эки же андан көп катышуучу бирдей балл алса, анда келечектеги инвестициялардын эң көп тастыкталган суммасын сунуштаган катышуучу жеңүүчү болуп саналат.
107. Эгерде бул учурда да баалоо бир жеңүүчүнү аныктабаса, анда чечим бирдей жогорку балл алган катышуучулардын ортосундагы чүчүкулактын негизинде кабыл алынат.
108. Конкурстун жыйынтыгы боюнча конкурстун бардык катышуучуларынын баллдарын жана конкурстун жеңүүчүсүнүн белгиленген баасын көрсөтүү менен протокол түзүлөт. Протоколдун формасы ушул Тартипке 9-тиркемеде берилген.
109. Баалуу кагаздарды башкаруу келишими түзүлгөн учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде Сатуучу эмитенттин реестр кармоочусуна кийин сатып алуу менен муниципалдык мүлктү башкарууга өткөрүп бергендиги жөнүндө маалыматты жиберет.
8-глава
Чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары киргизүү түрүндө менчиктештирүү методун колдонуунун өзгөчөлүктөрү
110. Уставдык капиталдарга салым катары киргизүү түрүндө менчиктештирүү методу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы акциялардын ээси болуп саналган акционердик коомдорго карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулат.
111. Акционердик коомдун уставдык капиталына салым катары муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү жол-жобосу акционердик коомдор жана баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
112. Акционердик коомдордун уставдык капиталдарына муниципалдык мүлктү киргизүү төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
1) акционердик коомдорду уюштурууда;
2) акционердик коомдордун уставдык капиталы көбөйгөн учурда жайгаштырылган кошумча акциялар үчүн акы төлөө тартибинде.
Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибине 1-тиркеме
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы ______________________________________ ______________________________________
Кимден _______________________________ (аты-жөнү)
______________________________________ Телефону: ____________________________
Өтүнмө
_________________________ муниципалдык менчик объектин жеке менчикке берүү боюнча тоорукка (аукционго/конкурска) катышууга уруксат берүүңүздү өтүнөм. Тиркелүүчү документтердин тизмеси:
1) ___________________________________________________________________________
2) ___________________________________________________________________________
3) ___________________________________________________________________________
4) ___________________________________________________________________________
Өтүнмө ээсинин колу ___________________________________________________________ (Фамилиясы, инициалдары) 20___-ж. "___" _______________ Өтүнмөнү каттоо датасы жана номери 20___-ж. "___" ______________ № ______ _____________________________________________________________________________ (арызды кабыл алган адамдын кызматы, инициалдары жана фамилиясы, колу)
Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибине 2-тиркеме
Кабарлама (документтерди каттоо жана кабыл алуу жөнүндө)
20___-жылдын "___" ____________ _______________________________ шаары/айыл аймагы Каттоо номери __________________
1. Кимден _______________________________________________________________________
(талапкер - жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, паспортунун номери) ________________________________________________________________________________ (юридикалык жактын аталышы) _______________________________________________________________________________ (жайгашкан жердин сыпаттамасы) дареги боюнча жайгашкан ____________________________________________ муниципалдык менчик объекти _______________________________ (сатуу, кийин сатып алуу менен ижарага алуу, кийин сатып алуу менен башкаруу) боюнча тооруктарга (аукционго, конкурска) катышууга арыз кабыл алынды.
2. Тооруктар (аукцион, конкурс) _______________________________________ дареги боюнча
_______________________________________________________________________________ (жайгашкан жери толугу менен) имараттын № _________ кабинетинде 20___-жылдын "___" _____________ өткөрүлөт.
3. Арыз менен бирге төмөнкү документтер да кабыл алынды:
_______________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________
Талапкердин арызын кабыл алууга жана каттоого жооптуу адамдын аты-жөнү, кызмат орду жана колу _______________________________________________________________________________ (колу)
Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибине 3-тиркеме
Аукциондун катышуучуларын каттоо ведомосту
Ведомость таблица түрүндө түзүлөт. Бир катышуучу жөнүндө маалымат таблицанын бир сабын ээлейт. Таблица мамычалары төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- каттоо номери;
- аукциондун катышуучусунун табличкасынын номери;
- катышуучунун категориясы - юридикалык/жеке жак;
- жеке жактын же юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнү, колу;
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин түрү, сериясы, номери, берилген датасы жана орду;
- жеке ишкерлер үчүн: жеке ишкердик менен алектенген жеке жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн же патенттин реквизиттери;
- юридикалык жак үчүн: мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн аталышы, номери жана датасы, каттоочу органдын аталышы.
Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибине 4-тиркеме
Аукционду өткөрүү тартиби
1. Аукционду аукциончу комиссиянын катышуусунда өткөрөт. Тооруктар башталардан мурда аукциончу катышуучуларды аукционду өткөрүү эрежелери жана жол-жобосу менен тааныштырат. Аукциончу менчиктештирүү объектинин аталышын, анын негизги мүнөздөмөлөрүн, аукциондун кадамынын белгиленген өлчөмүн жарыялайт.
2. Аукциончу менчиктештирүү объектинин баштапкы баасын жана бааны көбөйтүү кадамын жарыялайт. Катышуучулар өзүнүн номерлерин көтөрүү менен объектти сунушталган баада сатып алууга даяр экендигин билдирет. Эгерде эки же андан ашык катышуучу өзүнүн номерлерин көтөрсө, аукциончу бааны бир кадамга көтөрөт. Аукциончу бул объектти сатып алууга даяр экендигин билдирген бир гана катышуучу калганга чейин объекттин баасын көтөрөт. Аукциончу акыркы бааны үч жолу кайталайт.
Эгерде акыркы бааны үч жолу кайталагандан кийин катышуучулардын бири да бул объектти сатып алууну каалагандыгын билдирбесе, аукциончу балканы уруп, номерди көтөргөн катышуучуга объекттин сатылгандыгын жарыялайт. Бул катышуучу аукциондун жеңүүчүсү болот.
3. Анын номери жана ал сунуштаган баа аукциончу тарабынан акыркы болуп аталган аукциондун катышуучусу аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.
4. Аукциончу мүлктүн сатылгандыгы жөнүндө жарыялайт, сатылган мүлктүн баасын жана аукциондун жеңүүчүсүнүн номерин атайт.
5. Мүлктүн аукциондун жеңүүчүсү сунуштаган баасы аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго жазылат, ага комиссиянын мүчөлөрү, аукциончу жана аукциондун жеңүүчүсү кол коет.
Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибине 5-тиркеме
Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө ТИПТҮҮ ПРОТОКОЛ 20___-жылдын "___" _____________ № _____
Сатуучу: _______________________________________________________________________ (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы)
Тоорук болуп өттү: Орду: _________________________________________________________________________ Датасы: _______________________________________________________________________ Комиссиянын курамы: Төрага: _______________________________________________________________________ Комиссиянын мүчөлөрү: _________________________________________________________ Тооруктун жыйынтыгы
№
Объекттин аталышы
Объекттин жайгашкан жери
Баштапкы баасы (сом)
Сатуу баасы (сом)
Жеңүүчү, аукциондун катышуучусунун табличкасынын №, аты-жөнү
Жыйынтыгы: Аукцион өткөрүүнүн натыйжасында муниципалдык менчик объекти _____________________ __________________________________________________________ катышуучуга сатылды
жеке жак үчүн: _________________________________________________________________ (аты-жөнү) _____________________________________________________________________________ (ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ: түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген) _____________________________________________________________________________ (жеке ишкерлер үчүн: ишкердик менен алектенген жеке жактын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн же патентинин реквизиттери) юридикалык жак үчүн: (юридикалык жактын аталышы)
аукциондун катышуучусунун табличкасынын номери менен ___________________________ Колу: Төрага: ______________________________________________________________________ Комиссиянын мүчөлөрү: ________________________________________________________ Тооруктун жеңүүчүсү: __________________________________________________________ Эскертүү:
1. Протокол тараптардын ар бири үчүн бирден (комиссия жана тооруктун жеңүүчүсү) эки
нускада түзүлөт.
2. Аукцион процессинде тооруктун шарттары өзгөрсө, бул жөнүндө маалымат аукциондун
жыйынтыктары жөнүндө протоколго жазылууга жана шарттары өзгөргөн тооруктар жөнүндө маалыматтар ушул протоколдо чагылдырылууга тийиш.
Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибине 6-тиркеме
Кийин сатып алуу менен ижарага берүү түрүндө муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методун колдонууда баалоо критерийлери
№
Критерийдин аталышы
Баалоо баллдары
1
Өтүнмөдө көрсөтүлгөн ушул объект үчүн коюлган максатка жетүүнүн негиздүүлүгү
- максатка жетпей калуу коркунучу жогору
0
- максатка жарым-жартылай жетүү мүмкүн
10
- жогорку ыктымалдуулук менен максатка жетүү мүмкүн
20
2
Жергиликтүү коомчулукка оң таасирин тийгизет
- жарандардын чакан тобу пайда көрөт
5
- бүткүл коомчулукка оң таасирин тийгизет
10
- шаардын/айыл аймагынын бардык аймагына оң таасирин тийгизет
20
3
Айлана-чөйрөгө тийгизген таасири
- зыяндуу заттардын чыгуусун азайтуу, утилдештирүү боюнча чаралар каралган эмес
0
- зыяндуу заттардын чыгуусун азайтуу, утилдештирүү үчүн стандарттык методдор каралган
5
- муниципалитеттин башка объекттеринде колдонулушу мүмкүн болгон зыяндуу заттардын чыгуусун азайтуу, утилдештирүү, үчүн инновациялык методдор каралган
10
4
Жарандардын аялуу топторуна тийгизген таасири
- жарандардын аярлуу топторуна колдоо көрсөтүү каралган эмес
5
- калктын аялуу катмарындагы адамдар үчүн белгилүү сандагы жумуш орундарын түзүү болжолдонууда
10
- долбоор толугу менен жарандардын аялуу топторун колдоого багытталган
25
5
Ижара төлөмдөрү
- ижара төлөмдөрүнүн көлөмү тооруктардын шартында билдирилген көлөмдөн ашпайт
0
- ижара төлөмдөрүнүн көлөмү тооруктардын шартында билдирилген көлөмдөн 50%га чейинки көлөмдө жогору
10
- ижара төлөмдөрүнүн көлөмү тооруктардын шартында билдирилген көлөмдөн 50%дан ашык көлөмдө жогору
25
ЖАЛПЫ
Максималдуу 100 балл
Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибине 7-тиркеме
Муниципалдык мүлктү кийин сатып алуу менен ижарага алуу укугуна ээ болууга тооруктардын жыйынтыгы жөнүндө типтүү протокол 20____-ж. "____" ______________ № ______
Сатуучу: _______________________________________________________________________ (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы)
Тооруктар өттү: Жер: _________________________________________________________________________ Дата: _________________________________________________________________________ Төмөнкү курамдагы комиссия: Төрага: _______________________________________________________________________ Комиссиянын мүчөлөрү: _________________________________________________________ Тооруктардын натыйжалары
№
Объекттин аталышы
Объекттин жайгашкан жери
Сатуунун баштапкы баасы (сом)
Сатуунун иш жүзүндөгү баасы (сом)
Ижаранын баштапкы баасы (сом)
Ижаранын иш жүзүндөгү баасы (сом)
Жеңүүчүнүн аты-жөнү
Жалпы: Тооруктарды өткөрүүнүн натыйжасында ___________________________________________ ___________________________________________________ муниципалдык менчик объекти _____________________________________________________________________________
жеке жак үчүн: _________________________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты) _____________________________________________________________________________ (ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ: түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген) _____________________________________________________________________________ (жеке ишкерлер үчүн: ишкердик иш менен алектенген жеке жактын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн же патентинин реквизиттери) юридикалык жак үчүн: (юридикалык жактын аталышы)
катышуучуга кийин сатып алуу менен ижарага берилди. Колу: Төрага: ______________________________________________________________________ Комиссиянын мүчөлөрү: ________________________________________________________ Тооруктардын жеңүүчүсү: _______________________________________________________ Эскертүү:
1. Протокол тараптардын ар бири үчүн бирден (комиссия жана тооруктардын жеңүүчүсү)
эки нускада түзүлөт.
2. Тооруктардын шарттары өзгөрсө бул жөнүндө маалымат тооруктардын жыйынтыктары
жөнүндө протоколго жазылууга жана өзгөргөн шарттар жөнүндө маалымат бул протоколдо белгиленүүгө тийиш.
Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибине 8-тиркеме
Кийин сатып алуу менен башкаруу түрүндө муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методун колдонууда баалоо критерийлери
№
Критерийдин аталышы
Баалоо баллдары
1
Өтүнмөдө көрсөтүлгөн ушул объект үчүн коюлган максатка жетүүнүн негиздүүлүгү
- максатка жарым-жартылай жетүү мүмкүн
10
- максатка жогорку ыктымалдуулук менен жетүү мүмкүн
20
2
Баалуу кагаздарды башкарууда тажрыйбанын болушу
- 3 жылдан ашык эмес тажрыйба
10
- 3 жылдан ашык тажрыйба
20
3
Инвестициялык программанын болушу
- белгиленген акциялардын баасынын 30%ынан кем эмес өлчөмдө кошумча инвестициялардын ырасталган күтүлүүчү көлөмү
20
- акциялардын белгиленген баасынын 30%-100%ынан кем эмес өлчөмдө кошумча инвестициялардын ырасталган күтүлүүчү көлөмү
40
4
Инновацияларды киргизүү
- инновациялардын жоктугу
0
- инновациялар өтүнмө ээсинин өзүнүн ишин жакшыртууга таасирин тийгизет
10
- инновация бүтүндөй коомчулуктун өнүгүшүнө таасирин тийгизет
20
ЖАЛПЫ
Максималдуу 100 балл
Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибине 9-тиркеме
Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө типтүү протокол 20___-жылдын "___" ____________ № _____
Сатуучу: ___________________________________________________________________ (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы)
Тоорук болуп өттү: Өткөрүлгөн жери: ___________________________________________________________ Датасы: ___________________________________________________________________ Төрагасы: _________________________________________________________________ Комиссиянын мүчөлөрү: _____________________________________________________ Тооруктун жыйынтыктары
№
Объекттин аталышы
Объект жайгашкан жер
Сатуунун баштапкы баасы, (сом)
Иш жүзүндө сатылган баасы, (сом)
Жеңүүчү, аты-жөнү
Жыйынтыгы:
__________ "____" ___________ конкурсту өткөрүүнүн натыйжасында акционердик коомдун акциялары кийин сатып алуу менен башкаруучуга башкарууга өткөрүлүп берилди: ____________________________________________________________________________ (юридикалык жактын аталышы)
Колу: Төрага: _____________________________________________________________________ Комиссия мүчөлөрү: __________________________________________________________ Тооруктун жеңүүчүсү: _________________________________________________________ Эскертүү:
1. Протокол тараптардын ар бири үчүн бирден (комиссия жана конкурстун жеңүүчүсү) эки
нускада түзүлөт.
2. Конкурстун шарттары өзгөргөн учурда бул жөнүндө маалымат конкурстун жыйынтыктары
жөнүндө протоколго жазылышы керек жана өзгөргөн шарттар жөнүндө маалыматтар ушул протоколдо чагылдырылууга тийиш.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 337 "Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.06.2025 · № 337