Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 12-июну № 337 Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө Муниципалдык мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жол-жоболорун оптималдаштыруу, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 121-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонууда ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тартипти жетекчиликке алуу сунушталсын.
3. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тартипти колдонуу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалымат берүүнү жана окутууну камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 43 (3699) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37