2224-берене. Кесиптик милдеттерин аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу менен коштолгон ветеринария жаатындагы мыйзамдарды бузуу
Күчүндө · 22.05.2025 редакциясы
1. Жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактардын кесиптик милдеттерин, келишимдик негизде өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбоосу же болбосо талаптагыдай аткарбоосу, өз ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу, ветеринария, тамак-аш коопсуздугу, ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын жүгүртүү жаатындагы мыйзамдарды бузуу, жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын келип чыгуу фактыларын жана алардын келип чыгуу жана жайылуу коркунучун түзүүчү жагдайларды жашыруусу –
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Жүргүзүлгөн ветеринардык-санитардык экспертизанын, диагностикалык изилдөөлөрдүн жана алардын жыйынтыктарын берүүнүн аныктыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча ветеринардык эрежелерди жана ветеринардык лабораторияларга карата ветеринардык (ветеринардык-санитардык) талаптарды бузуу –
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Берененин тексти 22.05.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2224-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230028134/st-2224" title="2224-берене - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>