2223-берене. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөө объекттерин
Күчүндө · 22.05.2025 редакциясы
кайтаруу режимин камсыз кылуучу мыйзамдарды бузуу
1. Ветеринардык көзөмөлдөгү жана контролдогу объекттерди долбоорлоонун, куруунун, реконструкциялоонун жана эксплуатациялоонун ветеринардык-санитардык талаптарын бузуу –
жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ветеринария боюнча мамлекеттик органдын тиешелүү корутундусуз жер участокторун бөлүп берүү жана берүү, курулуштун бардык түрлөрү үчүн жер участокторун тандоо жана жер участокторуна тиешелүү укук белгилөөчү документтерди даярдоо –
жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Санитардык-коргоо чөлкөмдөрүнүн, зооветеринардык ажырымдардын өлчөмдөрүн, ошондой эле жаныбарлардын ылаңдарынын алдын алуу боюнча башка биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды сактабоо –
жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Жаныбарлардын өлүктөрүн көмүү үчүн бөлүнгөн жайларды (мал көмүлгөн жайлар, биотермикалык чуңкурлар жана крематорийлер), сибирь жарасынын очокторун күтүүнүн ветеринардык-санитардык талаптарын жана эрежелерин бузуу –
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Мал көмүлгөн жайлардын, биотермикалык чуңкурлардын жана крематорийлердин аймагында мал жаюу –
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
6. Ушул берененин 1–5-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Берененин тексти 22.05.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2223-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230028134/st-2223" title="2223-берене - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>