Адамдын органдарын жана/же ткандарын трансплантациялоо жүргүзүү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 300 токтомуна)
Адамдын органдарын жана/же ткандарын трансплантациялоо жүргүзүү жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо адамдын органдарын жана/же ткандарын тирүү донордон реципиентке трансплантациялоону уюштурууну жана тартибин аныктайт жана "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер:
1) тирүү донор - ушул Жобонун 16-пунктуна ылайык реципиент менен генетикалык байланышта болгон жана врач-адистердин консилиуму тарабынан дени сак деп таанылган, реципиентке алмаштыруу үчүн өзүнүн ткандарынын же органынын бөлүгүн (сөөк чучугун кошпогондо) берүүчү 18 жаштан ашкан аракетке жөндөмдүү жаран;
2) реципиент - тирүү донордун органы же ткандары трансплантацияланып жаткан бейтап;
3) потенциалдуу реципиент - органдарды жана/же ткандарды трансплантациялоого муктаж болгон бейтап;
4) потенциалдуу донор - ушул Жобонун 16-пунктуна ылайык реципиент менен генетикалык байланышта болгон жана врач-адистердин консилиуму тарабынан дени сак деп таанылган, органдардын жана/же ткандардын тирүү донору болуу ниетин ыктыярдуу түрдө билдирген 18 жаштан ашкан аракетке жөндөмдүү жаран;
5) трансплантация - патологиялык процесстин натыйжасында жок болгон же бузулган ткандарды же органдарды өзүнүн ткандары же органдары, же болбосо башка организмден алынгандар менен алмаштыруу.
2-глава. Органдарды жана/же ткандарды трансплантациялоо боюнча медициналык-санитардык жардам
3. Органдарды жана/же ткандарды трансплантациялоо боюнча медициналык-санитардык жардам адистештирилген медициналык жардам - патологиялык процесстин натыйжасында жок болгон же бузулган ткандарды же органдарды өзүнүн ткандары же органдары, же болбосо башка организмден алынгандар менен алмаштыруу түрүндө көрсөтүлөт.
4. Органдарды жана/же ткандарды трансплантациялоо боюнча медициналык-санитардык жардам күнү-түнү медициналык байкоону жана дарылоону камсыз кылуучу стационардык шарттарда башка врач-адистер менен өз ара аракеттенүүдө адамдын органдарын жана/же ткандарын трансплантациялоо маселелери боюнча окуудан өткөн врач-адистер тарабынан көрсөтүлөт.
3-глава. Трансплантациялоо үчүн кызмат кылган адамдын органдарынын жана/же ткандарынын тизмеги
5. Трансплантология системасынын өнүгүшүнө жараша кеңейиши мүмкүн болгон Кыргыз Республикасында трансплантациялоо үчүн объекттердин тизмеги:
1) бөйрөк;
2) боор;
3) гемопоэтикалык өзөк клеткалары (сөөк чучугу).
4-глава. Тирүү донордон адамдын органдарын жана/же ткандарын трансплантациялоонун шарттары жана тартиби
6. Трансплантациялоо медициналык башка каражаттар жана методдор бейтаптын өмүрүн сактоого же болбосо анын саламаттыгын калыбына келтирүүгө натыйжасыз болгон жана кепилдик бере албаган учурда гана жүргүзүлүшү мүмкүн жана ушул Жобого ылайык берилген медициналык корутундунун негизинде жүзөгө ашырылат.
7. Органдарды жана/же ткандарды трансплантациялоодо трансплантациялоо боюнча саламаттык сактоо уюмунун врач-адистери органдарды (органдын бөлүгүн) жана/же ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоо боюнча алдыдагы кийлигишүүгө байланыштуу потенциалдуу реципиенттин ден соолугунун мүмкүн болуучу өтүшүп кетүүлөрү жөнүндө толук маалымат берүүгө милдеттүү, бул жөнүндө потенциалдуу реципиент ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык типтүү форма боюнча маалымдалган ыктыярдуу макулдукка кол коёт.
8. Органдарды (органдын бөлүгүн) жана/же ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген клиникалык протоколдордун/колдонмолордун, регламенттердин жана стандарттардын негизинде жүргүзүлөт.
9. Органдарды (органдын бөлүгүн) жана/же ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоодо төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) адамды өзүнүн органын (органдын бөлүгүн) жана/же ткандарын (ткандын бөлүгүн) берүүгө мажбурлоого жана адамдан мажбурлап алууга;
2) даярдоо үчүн ткандык компоненттер колдонулган препараттарды жана алмаштыруучу материалдарды кошпогондо, адамдын органдарын (органдын бөлүгүн) жана/же ткандарын (ткандардын бөлүгүн) сатууга-сатып алууга;
3) жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адам болуп саналган тирүү донордон органдарды (органдын бөлүгүн) жана/же ткандарды (ткандын бөлүгүн) алууга (сөөк чучугун алмаштыруу учурларын кошпогондо).
5-глава. Тирүү донордун органдарын жана/же ткандарын алуу, реципиентке органдарды жана ткандарды алмаштыруу
10. Реципиентке трансплантациялоо үчүн тирүү донордун органдарын (органдын бөлүгүн) жана/же ткандарын (ткандын бөлүгүн) алууга төмөнкү шарттар сакталган учурда жол берилет:
1) эгерде тирүү донорго органдарды жана/же ткандарды алуу боюнча алдыдагы операциялык кийлигишүүгө байланыштуу анын саламаттыгынын мүмкүн болуучу начарлашы жөнүндө эскертилсе. Мында тирүү донор ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык типтүү форма боюнча органдарды жана/же ткандарды трансплантациялоо боюнча алдыдагы операциялык кийлигишүүгө байланыштуу анын саламаттыгынын мүмкүн болуучу өтүшүп кетүүлөрү жөнүндө маалымдалган макулдукка кол коёт;
2) эгерде тирүү донор ар тараптуу медициналык текшерүүдөн өтсө жана анын органдарын жана/же ткандарын трансплантациялоо үчүн алууга мүмкүн экендиги жөнүндө врач-адистердин консилиумунун корутундусу бар болсо;
3) эгерде ушул Жобонун 16-пунктуна ылайык тирүү донор менен реципиенттин ортосундагы генетикалык байланышы аныкталса (сөөк чучугун алмаштыруу учурларын кошпогондо).
11. Тирүү донордон трансплантациялоо үчүн ал органдын жоктугу ден соолугунун кайра ордуна келгис бузулушуна алып келбей турган жуп органдарынын бири, органдын же ткандын бир бөлүгү алынышы мүмкүн.
12. Эгерде тирүү донордун саламаттыгына органдарды жана/же ткандарды алуу операциясы менен байланышкан зыян келтирилсе, ал акысыз стационардык жана/же амбулатордук дарылоо менен камсыз кылынат.
13. Тирүү донордун органдарын жана/же ткандарын алууга, адамдын органдарын жана/же ткандарын даярдоого жана трансплантациялоого ушул Жобонун 24-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында гана уруксат берилет.
14. Адамдын органдарын жана/же ткандарын трансплантациялоого хирургиялык иштин профили боюнча адистештирилген мамлекеттик жана жеке саламаттык сактоо уюмдарында, органдарды (органдын бөлүгүн) жана/же ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоо кызматтарын көрсөтүү боюнча медициналык ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы болгон учурда уруксат берилет.
6-глава
Тирүү донордон органдарды жана/же ткандарды алууда донор менен реципиенттин ортосундагы генетикалык байланышты аныктоо
15. Тирүү донордун органдарын жана/же ткандарын алууга, эгерде ал реципиент менен генетикалык байланышта болсо (сөөк чучугун алмаштыруу учурларын кошпогондо) жол берилет.
16. Чоң атасынын, таятасынын жана чоң энесинин, таенесинин ата-энелерине чейин жалпы ата-бабалары бар адамдар тирүү донорлор боло алат:
1) ата-энеси;
2) балдары;
3) ата-энеси бир жана ата-энеси ар башка эркек жана кыз бир туугандары;
4) чоң атасы жана таятасы, чоң энеси жана таенеси;
5) чоң атасынын, таятасынын жана чоң энесинин, таенесинин ата-энелери;
6) неберелери;
7) чөбөрөлөрү;
8) башка кандаш туугандары.
17. Потенциалдуу реципиент менен потенциалдуу донордун ортосундагы генетикалык байланышты аныктоо үчүн потенциалдуу реципиент же анын мыйзамдуу өкүлү комиссияга төмөнкү документтерди берет:
1) потенциалдуу донордун жана потенциалдуу реципиенттин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
2) потенциалдуу донор менен потенциалдуу реципиенттин ортосундагы туугандык байланышты аныктоочу документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген көчүрмөлөрдүн, маалымкаттардын түп нускаларын. Документтердин аныктыгы үчүн жоопкерчиликти донор жана реципиент тартат;
3) потенциалдуу донордун андан ары трансплантациялоо үчүн органын алууга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу, мында ошондой эле анын аракетке жөндөмдүүлүгү, анын тирүү донор болуу чечиминин ыктыярдуу түрдө экендигин ырасталат.
7-глава
Потенциалдуу реципиентке органдарды жана/же ткандарды трансплантациялоонун зарылдыгы жана тирүү донордон органдарды жана/же ткандарды алууга жол берилиши жөнүндө медициналык корутунду берүү
18. Потенциалдуу реципиентке органдарды жана/же ткандарды трансплантациялоонун зарылдыгы жана тирүү донордон органдарды жана/же ткандарды алууга жол берилиши жөнүндө медициналык корутунду органдарды жана/же ткандарды трансплантациялоону жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмунун врач-адистеринин консилиуму тарабынан потенциалдуу реципиент жана тирүү донор ушул Жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү документтерди бергенден кийин бир айдын ичинде берилет.
19. Саламаттык сактоо уюмунун врач-адистеринин консилиумунун курамына жетекчи жана/же хирургия боюнча орун басарлары, хирург-трансплантолог, анестезиолог, реаниматолог жана трансплантациялоо объектине жараша врач-адистер кирет. Врач-адистердин консилиумунун курамы саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси тарабынан бекитилет.
20. Тирүү донордон органдарды жана/же ткандарды алууга жол берилиши жана потенциалдуу реципиентке органдарды жана/же ткандарды трансплантациялоо зарылдыгы жөнүндө медициналык корутунду төмөнкү документтерди берүү менен анын дарылоочу врачынын жолдомосунун негизинде берилет:
1) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти, анын ичинде санариптик форматта;
2) клиникалык протоколдордун/колдонмолордун негизинде берилген лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы жана тиешелүү профилдеги врач-адистердин корутундулары менен амбулатордук картадан, стационардык картадан көчүрмөнү;
3) тирүү донор менен реципиенттин шайкеш келишине лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын.
21. Потенциалдуу реципиент жана потенциалдуу донор менен консультацияларды өткөрүүдө саламаттык сактоо уюмунун врач-адистеринин консилиуму тарабынан кошумча лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн. Кошумча лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын алгандан кийин врач-адистеринин консилиуму тарабынан кайрадан консультация өткөрүлөт.
22. Трансплантациялоо боюнча саламаттык сактоо уюмунун врач-адистеринин консилиуму тарабынан консультация жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча 5 күндүн ичинде оң же терс медициналык корутунду берилет.
23. Потенциалдуу реципиентке органдарды жана/же ткандарды трансплантациялоодон баш тартуу же потенциалдуу донордон органдарды жана/же ткандарды алууга жол берилбестиги жөнүндө терс медициналык корутунду берилген учурда, потенциалдуу реципиент кайрадан кайрылууга же трансплантациялоо боюнча башка саламаттык сактоо уюмуна кайрылууга укуктуу.
8-глава
Тирүү донордон органдарды жана/же ткандарды алууну жана адамдын органдарын жана/же ткандарын алмаштырууну жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмдары
24. Тирүү донордон органдарды жана/же ткандарды алууга, адамдын органдарын жана/же ткандарын даярдоого жана трансплантациялоого төмөнкү мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында гана уруксат берилет:
1) Реджеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы;
2) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу M.M.Мамакеев атындагы улуттук хирургиялык борбор;
3) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
4) Ош мамлекеттик университетине караштуу медициналык борбор.
9-глава. Сөөк чучугун жана гемопоэтикалык өзөк клеткасын трансплантациялоону уюштуруунун өзгөчөлүктөрү
25. Донордукка каршы көрсөтмөлөрдү аныктоо, лабораториялык изилдөөлөр (кандын жалпы анализи, биохимия, инфекциялар, HLA-типтерин аныктоо), ошондой эле зарыл болгон учурда терапевттин, педиатрдын жана бир багыттагы адистердин консультациялары менен донорлордун ден соолугунун абалын алдын ала скрининг жүргүзүү зарыл.
26. Жалпы анестезия астында перифериялык өзөк клеткаларын (аферез) же сөөк чучугун алуу процедурасын сактоо талап кылынат.
27. Операциядан кийин сөөк чучугунун донорлорун стационарда 1-3 күн байкоо жана процедурадан кийин бир нече жума донордун абалын контролдоо (кан анализдери, жалпы абалын баалоо) жана андан ары ден соолугун баалоо үчүн жыл сайын медициналык кароолор жүргүзүлөт.
28. Трансплантациялоого чейин реципиенттерге медициналык байкоо жүргүзүү - негизги оорусун диагностикалоо жана даярдоо химиотерапиясы, өтүшүп кетүү тобокелдиктерин баалоо (мисалы, инфекциялар, химиотерапиянын уулуулугу).
29. Трансплантациялоо учурунда гематологиялык көрсөткүчтөрүнө, инфекциялык статусуна, органдарынын функцияларына мониторинг жүргүзүү менен трансплантациялоо бөлүмүнүн стерилдүү шарттарында байкоо жүргүзүлөт.
10-глава. Органдардын жана/же ткандардын донорлорун жана реципиенттерин медициналык байкоо, дарылоо жана реабилитациялоо
30. Трансплантациялоодон кийин милдеттүү инфекцияга каршы алдын алуу, "трансплантат ээсине каршы" (GVHD) реакцияларынын белгилерин контролдоо жана колдоо терапиясы (иммундуксупрессорлор, гемопоэтикалык өзөк клеткаларын трансплантациялоо учурунда кан жаратууну стимулдаштыруу үчүн препараттар) зарыл.
31. Донорлорду (психологиялык колдоо, диета, ДДТ, терапевттин консультациялары) жана реципиенттерди (иммундуксупрессорлорду акырындык менен алып салуу менен иммундук системаны колдоо, бейтапты жана анын үй-бүлөсүн окутуу) реабилитациялоо талап кылынат.
32. Органдардын жана/же ткандардын тирүү донорлорун жана реципиенттерин байкоо, дарылоо жана реабилитациялоо саламаттык сактоо уюмдарында төмөнкүдөй түрдө жүргүзүлөт:
1) алгачкы медициналык-санитардык жардам;
2) адистештирилген медициналык жардам;
3) медициналык-социалдык жардам;
4) медициналык реабилитация.
11-глава
Органдардын жана/же ткандардын потенциалдуу реципиенттеринин жана органдардын жана/же ткандардын тирүү донорлорунун, ошондой эле гемопоэтикалык өзөк клеткаларынын (сөөк чучугунун) донорлорунун регистрин түзүү жана жүргүзүү, гемопоэтикалык өзөк клеткаларынын донорун, анын ичинде эл аралык регистрлерден издөө жана активдештирүү, гемопоэтикалык өзөк клеткаларын реципиентке ташуу тартиби
33. Потенциалдуу реципиенттердин жана тирүү донорлордун регистри электрондук база (мындан ары - Регистр) түрүндө түзүлөт, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) донорлорду жана реципиенттерди каттоо менен өтүнмөлөрдүн тизмесин;
2) кезек түзүү менен күтүү баракчасын;
3) донорду тандоо жана операцияга даярдоо менен трансплантациялоого кезекти;
4) жыйынтыктарды белгилөө менен трансплантациялоо жөнүндө маалыматты;
5) операциядан кийин абалына мониторинг жүргүзүү менен байкоону.
34. Потенциалдуу реципиенттердин жана тирүү донорлордун регистринин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) трансплантациялоого кезек түзүү үчүн потенциалдуу реципиенттерди жеке эсепке алуу, тирүү донорлор жөнүндө маалыматтарды каттоо;
2) реципиенттердин жана тирүү донорлордун амбулатордук документтерин жүргүзүү, түзүү жана сактоо;
3) диагностикалоо, дарылоо жана трансплантациялоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды чогултуу, системалаштыруу жана алмашуу;
4) трансплантациялоо процессине катышкан бардык саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда электрондук маалымат алмашуу аркылуу маалымат алмашууну камсыз кылуу.
35. Реципиенттердин регистри төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды камтыйт:
1) трансплантациялоого кезегин жана тиешелүү донорлор жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен күтүү баракчасына катталган потенциалдуу реципиенттер;
2) органдарды (органдын бөлүгүн) жана/же ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоо жүргүзүлгөн реципиенттер.
36. Органдардын жана/же ткандардын тирүү донорлорунун регистри төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды камтыйт:
1) трансплантациялоо үчүн органдары (органдын бөлүгү) жана/же ткандары (ткандын бөлүгү) алынган донорлор;
2) берилген органдын же ткандын түрү, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы, процедурага чейинки жана андан кийинки ден соолугунун абалы.
37. Потенциалдуу реципиентти күтүү баракчасына киргизүү үчүн негиз болуп трансплантациялоо боюнча саламаттык сактоо уюмунун врач-адистеринин консилиумунун потенциалдуу реципиентке органдарды жана/же ткандарды трансплантациялоо жүргүзүү зарылдыгы жана тирүү донордон органдарды жана/же ткандарды алууга жол берилиши жөнүндө медициналык корутундусу саналат.
38. 33-пунктта көрсөтүлгөн маалыматтар регистрге потенциалдуу реципиентти караган трансплантациялоо боюнча саламаттык сактоо уюмунун врач-адиси тарабынан киргизилет.
39. Гемопоэтикалык өзөк клеткаларынын (ГӨК) донорлорунун регистри төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды камтыйт:
1) чоң жана жашы жете элек донорлор;
2) HLA-типтерин аныктоо, реципиент менен шайкеш келүү, процедурага даярдыгы жана текшерүүлөрдүн жыйынтыгы.
40. Гемопоэтикалык өзөк клеткаларынын донорлорунун регистринин максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) шайкеш келген донорлорду издөөнү тездетүү үчүн ГӨК потенциалдуу донорлорунун борборлоштурулган маалыматтар базасын түзүү;
2) медициналык мекемелер үчүн маалыматтын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
41. Гемопоэтикалык өзөк клеткаларынын донорлорунун регистрин түзүү жана жүргүзүү төмөнкүлөрдөн турат:
1) каттоо жарандардын ыктыярдуу макулдугунун негизинде жүргүзүлөт, анда донорлор регистрге киргизүүгө жана зарыл болгон учурда алардын маалыматтарын андан ары пайдаланууга жазуу жүзүндөгү макулдугун берет;
2) каттоодо төмөнкүдөй маалыматтар чогултулат:
- донордун жеке маалыматтары (аты-жөнү, туулган датасы, байланыш маалыматтары);
- медициналык маалыматтар (кан топтору, резус-фактору, HLA-типтерин аныктоонун жыйынтыктары);
- өнөкөт оорулардын таржымалы, донордукка каршы көрсөтмөлөр;
3) регистрди жүргүзүүдө донорлор жөнүндө медициналык маалыматтар дайыма жаңыланып турат, ал эми донорлордун маалыматтарын алып таштоо алардын суроо-талабы боюнча же каршы көрсөткүчтөр аныкталган учурда жүзөгө ашырылат;
4) медициналык мекеме шайкештик параметрлерин көрсөтүү менен донорду издөөгө регистрге суроо-талап жөнөтөт, ал эми автоматташтырылган система регистрдин маалыматтар базасынан издөөнү жүргүзөт. Шайкеш келген донор жок болгон учурда, эл аралык регистрге кайрылуу жүргүзүлөт;
5) эл аралык регистр менен координациялоо:
- эл аралык уюмдар менен өнөктөштүк макулдашууларын түзүү;
- эл аралык кызматташтыктын алкагында донорлор жөнүндө маалымат алмашуу.
42. Потенциалдуу реципиенттердин, органдардын жана/же ткандардын тирүү донорлорунун, гемопоэтикалык өзөк клеткаларынын донорлорунун жеке маалыматтары жеке маалыматтары коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык колдонулат. Маалыматтарга жеткиликтүүлүк ыйгарым укуктуу адамдарга гана берилет.
12-глава. Медициналык уюмдун жана анын кызматкерлеринин жоопкерчилиги
43. Бул Жобону бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, жарандык мыйзамдарына, укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик белгиленет.
Адамдын органдарын жана/же ткандарын трансплантациялоо жүргүзүү жөнүндө жобонун 1-тиркемеси
Реципиенттин органды трансплантациялоого жана органдарды трансплантациялоо боюнча алдыдагы медициналык кийлигишүүгө байланыштуу анын саламаттыгынын мүмкүн болуучу өтүшүп кетүүлөрү жөнүндө маалымдалган макулдугунун ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ
20___-жылдын "___" ______________
Мага ____________________________________________________________________________________ (реципиенттин аты-жөнү жана паспорттук маалыматтары көрсөтүлөт) медициналык кызматкер ___________________________________________________________________ (медициналык кызматкердин аты-жөнү жана кызмат орду, саламаттык сактоо уюмунун, бөлүмдүн аталышы көрсөтүлөт)
органдарды трансплантациялоо боюнча алдыдагы кийлигишүүгө байланыштуу саламаттыгымдын мүмкүн болуучу өтүшүп кетүүлөрү жөнүндө билдирди.
1. Мен өзүмдүн ден соолугумдун абалы, оорунун болушу, мүнөзү, оордук даражасы жана мүмкүн болуучу өтүшүп кетүүлөр жөнүндө мага жеткиликтүү формада маалымат алдым.
2. Мага алдын ала диагноз, ошондой эле органды трансплантациялоо боюнча алдыдагы кийлигишүү жүргүзүүнүн алдын ала планы белгилүү.
3. Медициналык кызматкер мага сунушталган методду аткаруунун жүрүшүн жана ыкмасын, альтернативдүү методдорду жана аткарылбаган учурда келип чыгышы мүмкүн болгон медициналык кийлигишүүнүн кайра артка ордуна келбес кесепеттерин жана трансплантациялоонун жүрүшүндө жана андан кийин келип чыгышы мүмкүн болгон башка мүмкүн болгон көрүнүштөрдү түшүндүрүп берди. Чечим кабыл алуудан мурун альтернативдүү жолдорду ойлондум.
4. Мага трансплантациялоо боюнча медициналык кийлигишүү учурунда планды жарым-жартылай же толук өзгөртүү зарылдыгы аныкталышы, ишенимдүү жана толугу менен алдын ала көрүүгө мүмкүн болбогон кошумча врачтык процедуралар талап кылынышы ыктымал экендиги түшүндүрүлдү жана мен түшүндүм. Эгерде медициналык кийлигишүү процессинде медициналык кызматкерден (трансплантациялоону жүзөгө ашыруучу врачтардан) кошумча манипуляцияларды жүргүзүү чечимин кабыл алууну талап кылган күтүлбөгөн жагдайлар келип чыкса, мен дарылоочу врачтан мындай кырдаалда ал зарыл деп эсептеген нерселерди жасоону суранам жана ыйгарым укук берем. Бул кошумча процедуралар кошумча финансылык чыгымдарды талап кылышы мүмкүн, аны мен саламаттык сактоо уюмдарынын бекитилген баалардын прейскурантына ылайык төлөөгө милдеттенем.
5. Мага трансплантациялоо боюнча медициналык кийлигишүүнүн жыйынтыгы боюнча трансплантациялануучу орган (органдын бөлүгү) жана/же ткандар (ткандын бөлүгү) четке кагылышы мүмкүн экендиги жөнүндө маалымдалды.
6. Мага трансплантациялоо боюнча жүргүзүлүүчү медициналык кийлигишүүнүн мүмкүн болуучу кесепеттери жана өтүшүп кетүүлөрү жөнүндө эскертилди.
7. Мен дарылоочу врачка мурда медикаментоздук препараттарга болгон аллергиянын бардык учурлары жана азыркы учурдагы аллергия жөнүндө маалымдадым жана бул медициналык кийлигишүүнү жүргүзүүнүн натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон реакциялардын жана өтүшүп кетүүлөрдүн тобокелдиги жөнүндө эскертилди.
8. Мага медициналык практика адамдын организминин татаалдыгына жана жеке өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу кийлигишүүнүн максаттарына жетүүгө бардык учурларда эле кепилдик бере албастыгы белгилүү, бирок мен ошондой эле мага тиешелүү квалификациядагы адис тарабынан дарылоо жүргүзүлүшүнө, бардык медициналык манипуляциялардын сапаттуу жүргүзүлүшүнө, сапаттуу материалдардын колдонулушуна кепилдик берилгенин түшүнөм.
9. Мен трансплантациялоодон кийин аткаруу зарыл болгон нускамалар менен таанышканымды ырастайм. Мындан тышкары мен врач жана катталган жерим боюнча үй-бүлөлүк врач менен сүйлөшүлгөн график боюнча контролдук кароолорго келүүгө милдеттенем.
10. Мен трансплантациялоого маалымдалган ыктыярдуу макулдуктун текстин окуп чыкканымды, мени кызыктырган бардык суроолорду дарылоочу врачка бергенимди, алынган түшүндүрмөлөр түшүнүктүү экенин жана мени канааттандырарын ырастайм.
11. Мен бул документ менен кылдат тааныштым жана ал юридикалык документ болуп саналарын түшүнөм.
12. Мен органды (органдын бөлүгүн) жана/же тканды (ткандын бөлүгүн) ыктыярдуу трансплантациялоо жүргүзүүнү чечтим жана өзүмдүн ыктыярдуу макулдугумду берем (керектүүсүн белгилөө керек).
Бейтаптын (же мыйзамдуу өкүлүнүн) колу _______/_______/ Дата 20___-ж. "___" ______________
Адамдын органдарын жана/же ткандарын трансплантациялоо жүргүзүү жөнүндө жобонун 2-тиркемеси
Тирүү донордун анын саламаттыгынын мүмкүн болуучу өтүшүп кетүүлөрү жөнүндө маалымдалган макулдугунун ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ
20___-жылдын "___" _____________
Мага _____________________________________________________________________________________ (тирүү донордун аты-жөнү жана паспорттук маалыматтары көрсөтүлөт) медициналык кызматкер ____________________________________________________________________ (медициналык кызматкердин аты-жөнү жана кызмат орду, саламаттык сактоо уюмунун, бөлүмдүн аталышы көрсөтүлөт)
органдарды трансплантациялоо боюнча алдыдагы кийлигишүүгө байланыштуу саламаттыгымдын мүмкүн болуучу өтүшүп кетүүлөрү жөнүндө билдирди.
1. Мен алдыдагы кийлигишүүгө байланыштуу саламаттыгымдын мүмкүн болуучу өтүшүп кетүүлөрү жөнүндө мага жеткиликтүү формада маалымат алдым.
2. Мага трансплантациялоо боюнча медициналык кийлигишүү учурунда планды жарым-жартылай же толук өзгөртүү зарылдыгы аныкталышы, ишенимдүү жана толугу менен алдын ала көрүүгө мүмкүн болбогон кошумча врачтык процедуралар талап кылынышы ыктымал экендиги түшүндүрүлдү жана мен түшүндүм. Эгерде медициналык кийлигишүү процессинде медициналык кызматкерден (трансплантациялоону жүзөгө ашыруучу врачтардан) кошумча манипуляцияларды жүргүзүү чечимин кабыл алууну талап кылган күтүлбөгөн жагдайлар келип чыкса, мен дарылоочу врачтан мындай кырдаалда ал зарыл деп эсептеген нерселерди жасоону суранам жана ыйгарым укук берем.
3. Мага реципиентке трансплантациялоо үчүн органды/тканды алуу боюнча жүргүзүлүүчү медициналык кийлигишүүнүн мүмкүн болуучу кесепеттери жана өтүшүп кетүүлөрү жөнүндө эскертилди.
4. Мен дарылоочу врачка мурда медикаментоздук препараттарга болгон аллергиянын бардык учурлары жана азыркы учурдагы аллергия жөнүндө маалымдадым жана бул медициналык кийлигишүүнү жүргүзүүнүн натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон реакциялардын жана өтүшүп кетүүлөрдүн тобокелдиги жөнүндө эскертилди.
5. Мага медициналык практика адамдын организминин татаалдыгына жана жеке өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу кийлигишүүнүн максаттарына жетүүгө бардык учурларда эле кепилдик бере албастыгы белгилүү, бирок мен ошондой эле мага тиешелүү квалификациядагы адис тарабынан дарылоо жүргүзүлүшүнө, бардык медициналык манипуляциялардын сапаттуу жүргүзүлүшүнө, сапаттуу материалдардын колдонулушуна кепилдик берилгенин түшүнөм.
6. Мен реципиентке трансплантациялоо үчүн органды/тканды алуу боюнча медициналык кийлигишүүдөн кийин аткаруу зарыл болгон нускамалар менен таанышканымды ырастайм. Мындан тышкары мен врач жана катталган жерим боюнча үй-бүлөлүк врач менен сүйлөшүлгөн график боюнча контролдук кароолорго келүүгө милдеттенем.
7. Мен реципиентке трансплантациялоо үчүн органды/тканды алуу боюнча медициналык кийлигишүүгө маалымдалган ыктыярдуу макулдуктун текстин окуп чыкканымды, мени кызыктырган бардык суроолорду дарылоочу врачка бергенимди, алынган түшүндүрмөлөр түшүнүктүү экенин жана мени канааттандырарын ырастайм.
8. Мен бул документ менен кылдат тааныштым жана ал юридикалык документ болуп саналарын түшүнөм.
9. Мен реципиентке трансплантациялоо үчүн органды/тканды алуу боюнча медициналык кийлигишүүгө чечим кабыл алдым жана өзүмдүн ыктыярдуу макулдугумду берем (керектүүсүн белгилөө керек).
Бейтаптын (же мыйзамдуу өкүлүнүн) колу ______/______/ Дата 20___-ж. "____" ____________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.