Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Контрактты банктык коштоо жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 18 марта 2026 года № 184 "О признании утратившим силу постановления Кабинета Министров Кыргызской Республики «О банковском сопровождении контракта» от 21 мая 2025 года № 273"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-03-18.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 184 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 21-майы № 273 Контрактты банктык коштоо жөнүндө Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү контракттарды аткаруунун натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону камсыз кылуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу банктардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Сатып алуучу уюмдар сатып алуу жөнүндө документтерде жана контракттарда контрактты банктык коштоону колдонууда аткарылган иштердин кол коюлган актысынын негизинде ар бир төлөмдөн контракттын аткарылышын кепилдик камсыздоону этап-этабы менен кармоону карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) ушул токтомдун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн банктар менен биргеликте 2026-жылдын 1-январына чейин контрактты банктык коштоо камсыздалуучу контракттарды аткаруу үчүн тартылган берүүчүлөр жана кошо аткаруучулар үчүн адистештирилген кредиттик жана башка банктык продукттарды иштеп чыксын жана колдонууну камсыз кылсын;
2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик үч айлык мөөнөттө мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталында катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды жүзөгө ашырууда контракттарды банктык коштоону колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун даярдасын жана белгиленген тартипте киргизсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 23-майындагы № 37 (3693) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
2-тиркеме
Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу банктардын ТИЗМЕГИ
1. "Элдик Банк" ачык акционердик коому
2. "Айыл Банк" ачык акционердик коому
3. "Керемет Банк" ачык акционердик коому
4. "Бакай Банк" ачык акционердик коому
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 273 «Контрактты банктык…Постановление · 18.03.2026 · № 184
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2025-жылдын 29-декабрындагы N 1154-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы N 692-т тескемесине…Распоряжение · 29.12.2025 · № 1154-т
- Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону камсыз кылуу Тартиби (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 273 токтому менен бекитилди)Порядок · 21.05.2025 · № 273 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 273 «Контрактты банктык…Постановление · 18.03.2026 · № 184