Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Эмгек акыны накталай формада төлөөгө жол берилген учурлар жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 21-майы № 267
Эмгек акыны накталай формада төлөөгө жол берилген учурлар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 91-беренесин ишке ашыруу жана юридикалык жактар болуп саналган иш берүүчүлөр эмгек акыны накталай формада төлөөгө мүмкүн болгон учурларды аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кызматкерлерге эмгек акыны накталай формада төлөөгө жол берилет деп белгиленсин:
1) кызматкердин эмгек иши жайгашкан жерде банктык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн инфраструктура жок болгон учурда;
2) сезондук талаа жумуштарына жумушчуларды жалдоодо;
3) ишкананын алыш-бериш эсептерине камак салынган учурда;
4) турак жай ээлеринин шериктештиктеринин кызматкерлерине (2026-жылдын 1-январына чейин);
5) айыл чарба кооперативдерине.
Ошол эле учурда эмгек акыны накталай формада төлөө иш берүүчүлөрдү салыктарды төлөө жана кызматкерлердин эмгек укуктарын сактоо боюнча тиешелүү документтерди жүргүзүү милдетинен бошотпойт.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 20-майындагы № 36 (3692) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 23.01.2025 · № 23