Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын ишинин маселелери жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-марты № 157 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын ишинин маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 323 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өтсүн;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги № 24 (3680) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
3-тиркеме
"2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу СХЕМАСЫ
".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик…Постановление · 29.05.2023 · № 291
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз…Постановление · 19.09.2025 · № 592
- "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын Уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 157 токтомуна тиркеме)Устав · 27.03.2025 · № 157
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 157 "Кара-Балта спирт…Постановление · 30.06.2026 · № 451
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 746 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча…Постановление · 19.11.2025 · № 746
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны…Постановление · 15.09.2022 · № 510 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 323 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.06.2023 · № 323 · Күчүн жоготкон
- "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын Уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 323 токтомуна)Устав · 23.06.2023 · № 323 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик…Постановление · 29.05.2023 · № 291
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз…Постановление · 19.09.2025 · № 592
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын Уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 323 токтомуна)Устав · 23.06.2023 · № 323 · Күчүн жоготкон