Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Аксакалдар сотторунун Типтүү Регламентин өзгөртүү толуктоо менен кабыл алуу жөнүндө»№3/2 токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын VIII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 21-январы № 3/2
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Аксакалдар сотторунун Типтүү Регламентин өзгөртүү толуктоо менен кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123-Мыйзамынын 34-беренесин ылайык,Депутаттардын VIII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин “Аксакалдар сотторунун Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө” 2024-жылдын 17-декабрындагы № 01-25/342 буйругу менен бекитилген, Аксакалдар сотторунун типтүү регламентин талкуулап токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын Аксакалдар сотторунун жаңы редакциясындагы Регламенти өзгөртүү толуктоо менен бекитилсин.
2. Кум-Дөбө айыл аймагынын Аксакалдар сотторунун талаптарынын сакталышына контролдук кылуу Аксакалдар сотторунун төрагаларына милдеттендирилсин.
3. Токтомду Юстиция министрлигине катоо Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Д.Сыдыковго милдеттендирилсин.
Төрага
К. Ыбышов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.