Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин «Аксакалдар сотторунун Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУРУГУ 2024-жылдын 17-декабры № 01-25/342
Аксакалдар сотторунун Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө
“Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомунун 1-тиркемесинин 21-пунктунун 4-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 12-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. Аксакалдар сотторунун Типтүү регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эки айлык мөөнөттө ушул Типтүү регламенттин негизинде тиешелүү шаарлардагы, айыл аймактарындагы аксакалдар сотторунун регламентин иштеп чыгып, жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актысы менен бекитүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары аксакалдар сотторунун Типтүү регламентин сайттарына жайгаштырууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тиешелүү аймактардын аксакалдар сотторунун регламентин ушул буйруктун 2-пунктунда сунушталган тартипте иштеп чыгууга, кабыл алууга көмөктөшсүн.
4. Агенттиктин аймактар аралык башкармалыктары тиешелүү аймактардарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Аксакалдар сотторунун Типтүү регламентинин негизинде аксакалдар сотторунун регламенттери иштелип чыгып кабыл алынуусуна көмөк көрсөтсүн.
5. Агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын координациялоо жана колдоо көрсөтүү бөлүмү:
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Аксакалдар сотторунун Типтүү регламентинин негизинде шаарлардын жана айыл аймактарынын аксакалдар сотторунун регламенттерин иштеп чыгып, кабыл алынуусу жана аксакалдар соттору иш (материалдарды) кароону регламентте каралган жол-жоболорго ылайык жүргүзүүсүнө мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүп турсун;
– ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү кеңештери менен мэрияларына жиберсин.
6. Бул буйрукту Агенттиктин аппаратынын ишин уюштуруучулук камсыздоо башкармалыгынын финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмү Агенттиктин расмий сайтына жайгаштырсын, “ММКызмат” гезитинин редакциясы гезитке жарыяласын.
7. Агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү уюштурсун:
– буйрук Агенттиктин сайтына жайгаштырылган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберүүнү;
– бул буйруктун көчүрмөсү Агенттиктин расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберүүнү.
8. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Агенттиктин директорунун орун басары Э.Н. Иргебаевге жүктөлсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 14-июлундагы № 01-78/88 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
10. Бул буйрук Агенттиктин расмий сайтына жайгаштырылган күндөн тартып күчүнө кирет.
Директор
К.Б. Базарбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 20 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (20)
- Ак-Кудук айыл аймагынын Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 77/XVI-29 "Ак-Кудук айыл аймагынын Аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.02.2026 · № 77/XVI-29
- Курама айылдык кеңешинин “1”апрель 2026-жылдагы №19 "Курама айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотторунун Регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.04.2026 · № 19
- Айдаркен шаардык кенешинин 2025-жылдын 13-мартындагы №8 "Айдаркен шаарынын Аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жѳнүндѳ" токтомуПостановление · 13.03.2025 · № 8
- Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-январындагы "Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Аксакалдар сотторунун Типтүү Регламентин өзгөртүү толуктоо менен кабыл алуу…Постановление · 21.01.2025 · № 3/2
- Памир-Алай айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 21-февралы, №6/1 Аксакалдар сотторунун курамын жана Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө токтомуПостановление · 21.02.2025 · № 6/1
- Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-февралы, №3/5, Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Аксакалдар сотунун Типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө токтомуПостановление · 26.02.2025 · № 3/5
- Ынтымак айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 25-февралы № 4/4 Ынтымак айыл аймагынын аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө токтомуПостановление · 25.02.2025 · № 4/4
- Аксакалдар сотторунун типтүү регламенти (МКЖӨБМАнын 2024-жылдын 17-декбрындагы № 01-25/342 буйругу менен бекитилди)Типовой регламент · 17.12.2024 · № 01-25/342
- Төрт-Гүл айылдык аймагынын Төрт-Гүл айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 20-январындагы № 16-6 "Аксакалдар сотунун жобосун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.01.2025 · № 16-6
- Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 2025-жылынын 6-мартындагы №45 "Кыдыр Аке айыл аймагынын аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө " токтомуПостановление · 24.03.2025 · № 45
- Тилектеш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-мартындагы №6/2 "Аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому.Постановление · 12.03.2025 · № 6/2
- Куршаб айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-марты № 14 "Куршаб айыл аймагынын Аксакалдар сотунун регламентин бекитип берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.03.2025 · № 14
- Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 2025-жылдын 29-январындагы № 18 "Аксакалдар сотунун регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.01.2025 · № 18
- Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылдын 10-апрели № 5/8 Өзгөн шаарынын аксакалдар сотторунун регламентин бекитүү жөнүндө токтомуПостановление · 10.04.2025 · № 5/8
- Ала-Тоо айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-апрели № 3 Ала-Тоо айыл аймагынын Аксакалдар сотунун регламентин бекитүү жөнүндө токтомуПостановление · 25.04.2025 · № 3
- Үч-Дөбө-Алай айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-февралындагы, №19, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө токтомуПостановление · 21.02.2025 · № 19
- Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 26-мартындагы "Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Аксакалдар сотторунун Типтүү Регламентин өзгөртүү толуктоо менен кабыл алуу…Постановление · 26.03.2025 · № 5/2
- Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жыл 20-марты № 01-7/14 "Сары-Өзөн айыл аймагынын аксакалдар сотунун регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.03.2025 · № 01-7/14
- Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 15-августундагы № 55 "Аксакалдар сотунун регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.08.2025 · № 55
- Сайдыкум айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-январындагы №6 «Сайдыкум айыл өкмөтүнүн “Аксакалдар сотторунун Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө» токтомуПостановление · 21.01.2025 · № 6
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз…Постановление · 15.11.2021 · № 258
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Аксакалдар соттору жөнүндөЗакон · 19.02.2024 · № 52